Элчилик: Орусиядагы дүкөнчүнүн өлүмүнө кыргыз жарандарынын тиешеси жок
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусундагы "Пяторочка" дүкөнүнүн сатуучусунун тонолушуна жана киши колдуу болушуна кыргыз жарандарынын тиешеси тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.
Анда "элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат", деп айтылат.
Мунун алдында айрым бир басылмалар кандуу окуя 9-февраль күнү аталган облустагы Истра шаарында болгонун, кылмышка кыргызстандыктардын тиешеси бар экенин жазышкан.
Соңку расмий маалыматка ылайык, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны бир миллиондон ашты.