Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Орусиянын жикчилдерди колдогон оюну

0
Орусиянын жикчилдерди колдогон оюну

Донбасста орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардан артиллериялык аткылоолор күч алды.

Муну Киев Украинаны согушту биринчи болуп баштап жиберүүгө түрткөн чагым деп атады. Донбасстагы согуштук аракеттердин күч алышы Орусия жикчилдерди көз карандысыз аймак катары тааныганга аракеттене баштаган учурга туура келди. Батыш муну Орусиянын чыңалууну дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөбөй, карама-каршылыкты күчөтүүгө багытталган аракети катары айыптады.

Аткылоолордун күчөшүнүн себеби

Украинанын Коргоо министрлиги 17-февралдын түн жарымынан баштап Донбасстагы чектөө сызыгы өткөн тилкелерди бойлой жикчилдер артиллериялык аткылоону күчөткөнүн билдирди. Муну коргоо министри Алексей Резников жакындан бери Орусиянын жикчилдерди колдоосу кайрадан жандана баштаганы менен байланыштырды. Жикчилдердин бул аракети Орусиянын Думасы президент Путинге өздөрүн “Донецк Элдик республикасы” менен “Луганск Элдик республикасы” деп атап алган аймактардын көз карандысыздыгын таануу боюнча кайрылган учурга туура келди.

Ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши Минск макулдашуусунун аткарылышын караган маалда жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардан артиллериядан 70тен ашуун ок атылганы кабарланды. Ошондой эле Киев 18-февралда жикчилдердин жалданма күчтөрү тарабынан чектелген сызыкты бойлой бир эле учурда Украинанын 25 калктуу конушу жапырт артиллериялык аткылоого дуушар болгонун билдирип, буга далил катары видео-фото материалдарды көрсөттү.

Ал эми Донбасстагы орусиячыл күчтөр аткылоону биринчи болуп, Украинанын армиясы баштаганын билдирип, Донецкидеги жана Луганскидеги алардын турумдарына сокку урулганын жарыялашты. Бирок ошол эле кезде жикчилдер украин армиясынын аларды көздөй аткылаганын далилдеген видео жана фото далилдер берилген жок.

Орусиянын жикчил "республикаларды" таануусу

Бул арада Орусиянын Мамлекеттик Думасы Чыгыш Украинадагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен президент Владимир Путинге кайрылды.

Думада Орусиянын Коммунисттик партиясы даярдаган тиешелүү токтом долбоорун 351 депутат колдоп, 16 эл өкүлү каршы, бирөө калыс добуш берген.

Думанын төрагасы Вячеслав Володин документке дароо кол коюп, ал президентке жөнөтүлгөнүн билдирген.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери Донбасста 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды расмий таануу аракети Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин айтты.

Британия Орусиянын “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп аталган жикчилердин өз алдынчалыгын таануу аракетин кескин айыптап чыкты. Британ тышкы иштер министри Лиз Трасстын билдирүүсүндө мындай аракет Минск келишимине каршы келип, өз ара диалогдун болушуна чекит коюп, тирешти күчөтүүнү түшүндүрө турганы белгиленди.

“Демократиялык демилгелер” фондунун саясий аналитиги Мария Золкина муну Москванын Киевге карата катаал басымы катары баалады:

“Бүгүн Донбасста бүткүл чектөө сызыгын бойлой Донецк жана Луганск облустарында жөн эле аткылоо эмес, Минск келишимдеринде тыюу салынган куралдардан олуттуу аткылоо болду. Украинаны дайыма Минск макулдашуусун аткарууга чакырган Орусия өзү аны азыр бузуп, оор куралдарды колдонбоо шарттарына баш ийбей жатат. Бүгүн дагы дал ошол оор артиллериядан аткылашты. Бул максаттуу, бир убакта болуп, ошол эле убакта бүткүл чектөө сызыгы боюнча жүрдү. Мунун өзү Украинага борборлоштурулган чабуулдун символу болуп саналат”, - деди ал.

Киевдин бейшембидеги билдирүүсүндө “Донецк Элдик Республикасы” тобунун согушкерлери чектөө сызыгы өткөн айылдагы бала бакчанын имаратын аткылаганы кабарланган. Бул аткылоолор Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туура келди.

Орусия Грузияга кол салуу алдындагы окшоштуктар

Саясат талдоочулар менен аскердик эксперттер азыркы Чыгыш Украинадагы окуяларды 2008-жылы Грузиянын курамына кирген Абхазия менен Түштүк Осетиядагы Орусия колдогон жикчил күчтөрдүн аракеттери менен салыштырышууда.

Анда дагы 2008-жылы 8-августта Бээжинде жайкы Олимп оюндары жүрүп жаткан маалда Москва Тбилисини айыптап, орус армиясы андагы жана Абхазиядагы грузин күчтөрүн сүрүп чыгарып, Грузиянын негизги аймагына чейин кирип барган.

Орусия бул аскердик операциясын "Грузияны тынчтыкка мажбурлоо" деп атаган.

Ошондой эле Москва бул агрессиясын Түштүк Осетия менен Абхазиядагы жарандарын коргоо чарасы менен түшүндүргөн. Анткени Кремл ал аскердик операцияга чейин Грузиянын курамында турган аталган эки автоном облустун тургундарына орус жарандыгын жапырт түрдө жеңилдетилген шарт менен берип келген.

Ошентип аталган беш күндүк согуштун жыйынтыгында Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган.

 

Саясий жана аскердик эксперттер азыр дагы Москва Чыгыш Украинадагы жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасстын 750 миң тургунуна орус паспортторун берип, 2014-жылдан бери аталган жикчил күчтөрдү колдоп жатканын айтышууда.

БУУнун Грузия боюнча Байкоочу миссиясынын мүчөсү, аскердик эксперт Александр Саенко Орусия 2008-жылы Грузияга басып кирүүнүн алдында дагы чагымчыл аракеттерге барган окшоштуктарды салыштырды:

"Азыр бизде да Грузияда 2008-жылы болгон окуяга окшош кырдаал түзүлүп жатат. Ошондо дагы согуштун башталышы үчүн башында бардык өбөлгөлөр түзүлүп, так эле азыр жүрүп жаткандай ар кандай чагымдар болуп турган. Мунун бардыгы Орусияга аскерлерин киргизүүгө шылтоо болуп, мүмкүнчүлүк берген. Мында дагы азыр биз Орусия тараптан Украина Донбасска чабуул даярдап жатат деген кандайдыр бир жомоктогудай жоромолодор күчөгөнүн көрүп жатабыз. Орусия чындап эле Украинага аскердик агрессия жасоо мүмкүнчүлүгүнө даярданып жатканы талашсыз болуп калды".

 

Батыш өлкөлөрү Орусия Донбасстагы чагымчыл жаңжалды шылтоо катары пайдалануу аркылуу Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонот.

Ал эми Орусия тескерисинче, украин тарапты аталган аймакта чагым даярдап жатат деп айыптады. 15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын топтолгон аскерлер жана техника машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган.

Бирок АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылы апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ





Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джастин Бибер

Когда она родит ребенка Джастину Биберу?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сардаана Трофимова едет на Олимпиаду в Париж



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России