Медициналык окуу жайларды текшерүү 15-мартта аяктайт
Саламаттык сактоо министрилигинде түзүлгөн атайын комиссия өлкөдөгү медициналык окуу жайларды 15-мартка чейин текшерип, жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Окуу жайларды текшерүү боюнча министрдин буйругу 21-февралда чыкты.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагын “реформалоонун” кийинки этабы - өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык институттарды, факультеттерди лицензиясынан ажыратуу деп билдирген.
Ал Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин, эгер 1-апрелге чейин алар профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын белгилеген. Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялаган болчу.
Кыргызстанда соңку жылдары ачылган медициналык окуу жайларда көбүнесе Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алат. Мындан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген студенттер да бар. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат. (TSh)