Бишкек менен Ошто Украинадагы согушка каршы митинг өттү
Бүгүн, 25-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында отузга жакын киши Украинаны колдогон акция өткөрдү. Ушул эле күнү Ош шаарындагы Орусиянын Башкы консулдугунун алдында дагы ушундай акция болду.