Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Кармаштын чордонунда калган Харьков

0
Кармаштын чордонунда калган Харьков

Орусия Украинанын бир катар шаарларын аткылоону улантып жатат. Харьков шаарында курман болгондордун саны 20дан ашты. Киевдеги телемунарага тийген ракеталык соккудан кеминде беш киши набыт болду. Орус армиясы стратегиялык Херсон шаарын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Украин бийлиги ал маалыматты четке какты.

Украинадагы экинчи чоң шаар Харьков калаасында куткаруучулар Орусиянын ракеталык соккусуна кабылган көп кабаттуу үйдөн жашоочулардын сөөктөрүн алып чыгып жатышат. Аларга жергиликтүүлөр жардам берүүдө.

Облус губернатору Олег Синегубов 2-марттын таңында билдиргендей, соккулардан бир суткада эле 20дан ашуун адам курман болсо, жарадарлардын саны 100дөн ашты.

2-мартта Харьковго орусиялык десанттар келип түшкөнү кабарланууда. Синегубов билдиргендей, түнү менен жасалган соккулардан көп имараттар өрттөлдү. Ошентсе да шаардыктар «душманга туруштук берип жатышат».

Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта Херсон шаарын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Украин бийлиги аны ырастай элек. Кара деңиздин боюнда жайгашкан, 280 миң калкы бар Херсон шаары стратегиялык жактан маанилүү кеме куруучу борбор жана порт катары саналат.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан дагы бир шаар - Мариуполдун мэри 2-марттын таңында билдиргендей, калааны аткылоо уланууда жана бийлик жабыркагандарды эвакуациялоого жетишпей жатат.

Орус армиясы ошондой эле Киевдин жака-белинде чабуулдарын улантууда. 1-мартта ракеталык сокку баш калаадагы телемунарага тийди. Бул чабуулда кеминде беш киши каза болду. 65 чакырымга чейин тизилген орустардын артиллериясы менен чопкутталган техникасы Киевге жакын жерде турат.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Орусия 5800 аскерин жоготконун жарыялады. Анткен менен бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүнчүлүгү жок.

Орусия курман болгон аскерлери тууралуу так маалымат бере элек. Ал эми Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгы 150гө чукул жайкын тургун каза болгонун, ал эми үй-жайын таштап кошуна мамлекеттерге качууга аргасыз болгон украиндердин саны 600 миңден ашты.

 

Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы

Украина менен Орусиянын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүсүн 2-марттын кечинде Беларустун аймагында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович билдирди.

Мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген.

1-марттын кечинде CNN телеканалына жана Reuters жаңылыктар агенттигине курган маегинде президент Владимир Зеленский ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин Орусия Украинанын шаарларын бомбалоону токтотушу керек экенин айткан.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Жена бывшего супруга Волочковой выписалась из роддома и рассекретила имя сына




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Независимый фантастический триллер из девяностых

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Схема движения транспорта временно изменится в пяти округах столицы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России