Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Ош: гемодиализ борборлорундагы сертификаты жок аппараттар

0
Ош: гемодиализ борборлорундагы сертификаты жок аппараттар

Ош шаарында гемодиализ борборлорунун кызматына канааттанбаган бейтаптардын даттануусунан кийин шаардык прокуратура алардын ишмердүүлүгүн текшере баштады. Маалыматка караганда, Ошто алты гемодиализ борбору бар. Алардын баары жеке менчик.

28-февралда Ош шаарында жайгашкан “Түрк мед” гемодиализ борборунун алдына нааразы болгон бир нече адам чогулган. Алар борбордогу канды тазалоочу жабдык эскирип, чет өлкөдө мөөнөтү өтүп кеткен аппарат менен бейтаптарды дарылап жатканын айтып чыгышты.

Өзүн Нурмухаммед Сайпидинов деп тааныштырган Оштун тургуну “Түрк мед” борбору колдонуп жаткан GAMBRO аттуу жабдыгы эскирип, кайра саламаттыкка зыянын тийгизүүдө дейт.

"Биз гемодиализ бирикмесинин мүчөлөрүбүз. Көп кыйынчылыктарды көрдүк. Жаңы гемодиализ алган адамдар азыр билишпейт. Мисалы, кайсыл аппарат кандай ылдамдыкта иштеп жатат, ага эмне кошуп жатат билбейт да. Анализдери кандай болуш керек, тазалоо кандай болуш керек? Ушулардын баарын түшүндүрүп жатабыз. Биз гемодиализ алып жүргөндөр өзүбүзчө топ түзгөнбүз. Аларга Бишкек, Ош, Жалал-Абада, Өзгөн, Ноокаттан кошулган. Баарыбыз сүйлөшүп турабыз. “Түрк мед”борбору GAMBRO деген аппаратты колдонот. Булардын азыр тетиктери деле жок. Алар медицинада колдонуудан чыккан. Адам баласы канчалык жакшы аппараттан дарыланса, ошончолук натыйжалуу эмеспи. Тазаланып турат. Эски аппаратта өпкөгө суу толот, кан басымы жогорулайт. Ошон үчүн эски аппаратты колдонуудан чыгарып, жаңыларын алып келиш керек. Биз ушундай көйгөйлөр менен күрөшүп жүрөбүз".

Түрк ишкерлери ачкан “Түрк мед” гемодиализ борбору бир жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатат. Башкы дарыгер Каныбек Эсенбаев борбор медициналык талаптарга жооп берет деп билдирди. Бирок сертификатын жетекчилер билерин айтып, жетекчи деп Эрмек аттуу кишинин ысымын атады. Ага телефон аркылуу байланышканыбызда аппараттын сертификаты жок экенин мойнуна алды.

"Бул аппараттарды биз Кыргызстанда эле сатып алганбыз, сырттан алып келген эмеспиз. Сатып алганыбыз боюнча келишимибиз бар. “Нар медикал” деген фирмадан сатып алганбыз. Бизге сертификат талап кылбагандыктан аны эске алган эмеспиз",-деди ал.

Ош шаарынын прокуратурасы шаарда жайгашкан бардык гемодиализ борборлордун ишмердүүлүгү боюнча “Азаттыкка”маалымат берди. Маалыматка караганда, Ошто алты гемодиализ борбору бар. Алардын баары жеке менчик.

Прокуратура гемодиализ борборлорунун кызматына канааттанбаган бейтаптардын кайрылуусунан кийин текшерүү жүргүздү. Көпчүлүк мекемелер гемодиализ аппаратынын сертификаттарын көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле алардын техникалык документинде 5 миң саат колдонулган соң, атайын текшерүүдөн өтүп турушу керек.

"Биринчиден, гемодиализ алчу аппараттардын көпчүлүгү Саламаттыкты сактоо министрлигинин алыдындагы Дары-дармек департаментинен каттоодон өткөн эмес. КРнын атайын токтому бар, анда көрсөтүлгөн тизмеде аппараттар болот. Алардын ар бирине сертификат алыш керек эле. Бирок алынган эмес. Ошону менен бирге, аппараттардын паспортторунда жазылып турат. Ар бири 5 миң саат иштегенден кийин атайын лобороториядан өтүп, корутунудунун негизинде гана кайра иштетилиши керек. Тилекке каршы, 35-45 миң саат иштетилгени аныкталды. Алардын баары көзөмөлдөн өтүп, корутундулар алынган эмес. Андан сырткары бөйрөктү тазалоочу суулардын сапаты текшерилген эмес. Аларды санитардык-эпидемиологиялык борбор көзөмөлдөйт, алар менен келишим түзгөн эмес",-деди Ош шаардык прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Жүжүров.

Прокуратура бул иштердин көзөмөл болбой калганын негиз кылып, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир нече кызмат адамдарына чара көрүү сунушун берген. Көп өтпөй министрлик милдеттүү медициналык камсмыздандыруу фондунун Ош аймагы боюнча жетекчиси Максымбек Омокеевди, Дары-дармек департаментинин түштүк аймагы боюнча координатору Сатбар Кутбаеваны жумуштан алган.

Прокуратуранын маалыматында, гемодиализ борборлору боюнча ишти Ош шаардык милициясына өткөрүп берилди. Милиция "кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткараган эмес" деп, кылмыш иши козгоду.

Гемодиализ - бөйрөк оорусуна чалдыккандарды дарылоо процесси. Жабыркагандар аппарат аркылуу канын тазалатып турат. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1700дөй киши гемодиализге муктаж. Ошто алардын саны төрт жүзгө чамалайт.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Энергетики «Россети Центр» и «Россети Центр и Приволжье» стали участниками полумарафона «Забег. РФ»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Акцию «Ночь в музее» посетили порядка 350 тысяч человек



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Самарцы исполнили стихи и песни Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Прощание «Спартака» с Джикией, «Зенит» в гонке за чемпионство. Итоги игрового дня РПЛ

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Работники АО "ДиМ" приняли участие во всероссийском полумарафоне


ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Росгвардейцы Подмосковья стали участниками Всероссийского полумарафона «Забег.РФ»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России