Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Орусия армия тууралуу фейк тараткандарды жазалайт

0
Орусия армия тууралуу фейк тараткандарды жазалайт

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 4-мартта бир добуштан "Орус армиясы тууралуу фейк маалыматтар" боюнча мыйзамга толуктоолорду кабыл алды.

Кылмыш-жазык кодексине кирген жаңы берене боюнча орус армиясы тууралуу жалган же бурмаланган маалыматтарды тараткандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми кээ бир басылмалардын жана социалдык тармактардын сайттары бөгөттөлүп, ачылбай калды.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы "орус армиясы жөнүндө фейк маалыматтарды таратуу" тууралуу мыйзамга толуктоо киргизип, бул мыйзам долбоору ыкчам тартипте каралып, экинчи жана үчүнчү окууда катары менен кабыл алынды.

Мамлекеттик Думанын бул мыйзамына орус армиясынын азыркы абалы тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратып, жазалоо киргизилди.

Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги кабарлады.

"Маалымат согушундагы зарылчылык"

"Мыйзам долбоору тез арада Федералдык Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт", - деп билдирди Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин.

Эреже боюнча долбоор парламенттин төмөнкү палатасы болгон Мамдумадан өткөн соң, аны жогорку палата - Федералдык Кеңеш бекитет.

Мыйзамга киргизилген жоболор ыкчам тартипте каралып, эртеңден баштап күчүнө кириши мүмкүн экени айтылды.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Украинадагы аскердик операция маалында Орусияга каршы маалымат согушу күчөгөнүн айтып, жаңыдан кирген жоболор ага каршы чаралар экенин жашырган жок.

"Эгерде атайын, аскердик, тынчтыкты сактоочу операция учурунда мамлекетке зыян келтирген ар кандай имиштер жана жалган маалыматтар тарап жаткан болсо, аны тараткандар жоопкерчилик өтө оор болорун түшүнүшү керек. Биздин кесиптештер бул жоопкерчиликти 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатышат".

Фейктер үчүн жаза чаралары

Мамлекеттик Думанын 401 депутаты "Орус армиясы тууралуу фейктерди таратууга каршы" мыйзамды бир добуштан колдоп берди. Кабыл алынган чечимге ылайык, Орусиянын Кылмыш-жазык кодексине жаңыдан берене киргизилди.

Ал "Орусиянын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо максатында, Куралдуу күчтөрдү колдонуу жөнүндө атайлап жалган маалыматтарды коомчулукка таратуу тууралуу" деп аталат.

Мыйзам бузгандарга 5 миллион рублга чейин айып пул салынат же 10 жылга чейин соттолот. Ал эми таратылган фейктер мамлекетти оор кесепеттерге алып келсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мындан сырткары Мамлекеттик Дума Орусияга каршы эл аралык санкцияларды киргизүүгө чакырык жасагандарды үч жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзам жобосун да кабыл алды.

Бул үчүн 500 миң рублга чейин акчалай айып салуу, эркиндигин чектөө, же 200 миң рублга чейин айып салуу менен кошо үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Зеленский Кремлди жалган пропагандага айыптады

3-мартта Киевдеги маалымат жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский "тескерисинче, Кремл өзү баскынчылыгын актоо үчүн жалган идеологиялык пропаганда менен алектенип, украин элин чөгөлөтүү үчүн анын эгемендигине кол салып жатканын" билдирди.

"Кайсы бир нерселер бар, кандайдыр бир мунаса тапса боло турган. Ошентип келишип, адам өлүмүн токтото турган. Бирок эч качан келишпей турган да маселелер бар. Алар боюнча мунаса табууга деги эле мүмкүн эмес. Биз жөн эле келип туруп, "макул, бул сенин өлкөң, Украина Орусиянын бир бөлүгү” деп эле артка чегинүүгө мүмкүн эмес. Анда эмнеге бизге муну сунуштап жатышат, ушул эми туурабы?".

Ал эми эл аралык Globalcheck уюмунун маалыматына караганда, Meduza, BBC орус кызматы, радио Свобода, DW- “Немис толкуну” медиаларынын маалымат сайттары бөгөттөлдү.

Ошондой эле Facebook, Twitter сыяктуу социалдык тармактары Орусиядагы көпчүлүк мобилдик операторлордун колдонуучулары үчүн ачылбай калды.





Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин





Москва

Стрежевчане будут искать два бомбардировщика времен ВОВ в Калужской области


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Модель Оксана Самойлова и рэпер Джиган снялись в туристическом аббатстве во Франции




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Климатический апокалипсис? В Москве снег, в Сочи полярные сияния из-за сильнейших магнитных бурь



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России