Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Украинадагы майдандан келген "кара кагаз"

0
Украинадагы майдандан келген

Кремл “атайын операция" деп атаган Украинадагы согушта орусиялык жоокерлердин өлүмү жана туткундар тууралуу маалыматтар жашырылып жатканы айтылууда.

Федералдык Кеңештин депутаты Людмила Нарусова согушка тартылган бир рота жоокерден азы гана тирүү чыккан учурлар боюнча аскер жетекчилиги жооп бербей жатканын билдирди.

Кээ бир “кара кагаз” алгандарга уулдарынын сөөгү берилбей, туткундалган жоокерлердин жакындары аларды социалдык тармакка чыккан сүрөттөрүнөн гана таанып жатканын айтышууда.

Депутат "атайын операциядагы" адам курмандыктарын айтып чыкты

Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү, депутат Людмила Нарусова жума күнү Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде Украинадагы “атайын операция” учурунда милдеттүү аскерге чакырылган орусиялык жоокерлердин арасындагы оор жоготуу тууралуу суроо берди.

“Мен буга кечээ өзүнүн ресурстарын кошкону үчүн Виктор Николаевичке ыраазычылык билдирем. Кечээ салгылаш жүрүп жаткан зоналардан милдеттүү кызмат өтөгөндөр чыгарылыптыр. Аларды келишимге кол коюуга мажбурлашыптыр же алар үчүн өздөрү эле кол коюп салышыптыр. Бирок жыйынтыгында 100 адамдык бир ротадан болгону төрт аскер аман калган учур катталыптыр. Мен ошол эле күнү аскер жетекчилигине кайрылдым. Бирок аскер жетекчилиги анын чын-төгүнүн ырастабай жатканы кандай?”, - деди Нарусова.

 

4-мартта Орусиянын Федерация Кеңешинин тиешелүү комитетинде билдирүү жасаган депутат Людмила Нарусова Путиндин устаты, Санкт-Петербургдун экс-мэри Анатолий Собчактын жубайы.

Орусиянын Коргоо министрлиги анын парламенттеги маалыматы боюнча расмий жооп кайтара элек.

Людмила Нарусованын сөзүнө караганда, депутат олуттуу жоготуулар тууралуу маалыматты аскердик мекеменин биринен алган. Ал Орусиянын Федерация Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук комитетин жетектеген Виктор Бондарев менен биргеликте алардын колундагы маалыматты өлкөнүн аскер жетекчилиги расмий ырастабай жатканын белгиледи.

Буга чейин Киев эл аралык "Кызыл Чырым" уюму аркылуу Украинада өлгөн орус аскерлеринин сөөгүн алып кетүү талабына Москвадан жооп болбой жатканын жарыялаган.

 

Орусиянын Коргоо министрлиги 27-февралда гана аскердик жоготууларын моюнга алды. Бирок курмандыктардын санын айтпай, украин күчтөрүнөн бир топ аз экенин жалпылап белгилеген.

Украина 4-мартта орус армиясынын жоготуусу 9 166 жоокерди түзгөнүн маалымдады. Ага өлгөндөр, колго түшкөндөр жана жарадарлар кошуп эсептелген.

Орусия "эсепсиз жоготууларды" жокко чыгарган

Орусиянын Коргоо министрлигинин өзүнүн жана украин тараптын аскердик жоготуулары тууралуу соңку билдирүүсү өткөн 2-мартта жарыяланган.

Министрлик Украинанын куралдуу күчтөрү жана Москва “улутчулдар” деп эсептеген кошуундар жалпы 2870 адамынан ажырап, 3700 киши жараат алганын билдирди.

Ошол эле кезде генерал-майор Игорь Конашенков алгачкы жолу өлгөн жана жарадар болгон орус аскерлеринин санын расмий атап, “эсепсиз” жоготуулар тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

“Тилекке каршы, атайын аскердик операцияга катышып жаткан жолдошторубуздун арасында жоготуу бар. 498 орусиялык аскер милдетин аткарып жатып каза тапты. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүүдө. 1597 жоокер жарадар болду. Өзгөчө баса белгилегим келет, Орусиянын Коргоо министрлигинин окуу жайларынын курсанттары жана аскерге милдеттүүлөр Украинадагы атайын аскердик операцияга катышпайт. Батыштын жана айрым орусиялык маалымат каражаттарынын биздин армиянын "эсепсиз" жоготуулары тууралуу маалыматтары атайылап бурмаланган”, - деп билдирген Конашенков.

Бирок ошол 2-марттан бери Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин жоготуулары тууралуу жаңыланган маалымат чыгара элек.

Ал арада согушта колго түшүп же каза тапкан жакындарын издөөгө көмөктөшүү үчүн украиналык ыктыярчылар түзгөн "Өзүңдүкүн изде" Telegram-каналы орусиялык аскерлердин сүрөт-видеолорун чыгара баштады.

Бул долбоор аскерлердин ата-энелери менен түз байланышып, туткундарды бошотуу жана аскерлердин сөөгүн алып кетүүнү уюштуруу менен алектенип жатканы кабараланды.

 

Саратовдук туткундар жана окко учкандар

Telegram-каналдын соңку маалыматы боюнча, Украинадагы согушта Орусиянын Саратовунан эле кеминде беш жоокер туткунда экени аныкталган. Бирок муну Орусиянын бийлиги ырастай элек.

Саратов облусунун Петровск шаарынан аскерге барган Рафик Рахманкулов Украинада колго түшкөн алгачкы орус жоокерлеринин бири.

Социалдык тармакка Рафиктин дагестандык шериги менен кошо туткундалганы тууралуу маалымат жана сүрөт-видеолор жарыяланган.

Ошол эле кезде орусиялык телеканалдар анын сүрөтү менен видеосун орус армиясынын күжүрмөн духун түшүрүүгө багытталган “фейк” жана жалган маалымат деп төгүндөшкөн. Бирок анын апасы Наталья Дайнеко андан туткундалган уулун таанып, бийликти акылга келүүгө чакырды.

“24-февралда анын социалдык тармактагы бардык досторуна украин тараптан өздөрүнүн баракчаларынын шилтемелери аркылуу менин уулумдун сүрөтүн жөнөтүшүптүр. Анда анын туткунда экени жазылган экен. Мага эжем чалып, кабарлады. Анан экөөбүз интернеттен маалыматтарды издеп, чынында эле ошондой болгонун ырастаган сүрөтү менен видеосун таптык. Мен бардык бийлик өкүлдөрүнө кайрылгым келет: менимче, силер от менен ойноп жатасыңар! Абдан чоң коркунучтун босогосунда турабыз. Муну ушунчасында токтотуу керек”, - деди Украинада туткундалган аскердин апасы Наталья Дайнеко.

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 4-мартта армиянын абалы тууралуу фейктерди тараткандарды жазалап, 15 жылга чейин кескен мыйзам жобосун кабыл алды.

Капыстан келген "кара кагаз"

Ошол эле кезде Украинада каза тапкан орусиялык жоокерлердин үй-бүлөсүнө “кара кагаз” жиберилип, бирок сөөгү берилбей жатканын “Свобода” радиосу кабарлады.

Радионун кабарчысы Украинада өлгөн орусиялык жоокер Максим Ханыгиндин Саратовдун Озерное айылындагы үйүнө барып, анын жайы казылып, бирок сөөгү берилбей турган жагдай менен таанышкан.

Орус армиясына чакырылган Максим Ханыгин 24-февралда согуштун алгачкы күнү каза тапкан. Эртеси Максимдин апасы Людмила Ханыгинага аскер комиссариатынан чалышып, кайгылуу кабарды угузушкан. Аскер бөлүгүнөн келген “кара кагаз” анын апасынын мессенжерине жиберилген.

Бирок кийин райондук “военкоматтан”келишип, “атайын аскердик операция” бүткөнчө, элди дүрбөлөңгө түшүрбөө үчүн өлгөн жоокерлердин сөөгүн жакындарына бербей туруу боюнча жогортон буйрук келгенин айтышкан.

Быйыл 24-февралда таңга жуук президент Путиндин “Донбасстагы калкты улутчул режимден куткаруу” боюнча атайын аскердик операция жүргүзүү деген буйругунун негизинде Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына бардык тараптан кол салып, басып кирген. Ошондон бери Киев, Харьков, Мариупол сыяктуу Украинанын бир катар шаарлары бомбаланып, ракеталык аба соккуларынан талкаланууда.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Илья Лагутенко

Макс Покровский* рассказал о жизни пропавшего Ильи Лагутенко: «Решил тихо провести это время»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Независимый фантастический триллер из девяностых


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России