Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Next TVнын иши: медиа коомчулукту кабатыр кылган камоо

0
Next TVнын иши: медиа коомчулукту кабатыр кылган камоо

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен жергиликтүү Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалды. “Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.

Көз карандысыз Next TVнын директорунун камалышы, телеканалдын эфиринин токтотулушу сөз эркиндигине басым тууралуу маселени кайрадан козгоду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

“NEXT TV социалдык түйүндөрдөгү ресурстарын пайдаланып, Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен, Украинанын аймагындагы атайын операцияга "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишти" деген жалган маалымат тараткан. Бул аракет Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин калкын туура эмес маалымат менен адаштырып,  улуттар аралык кастыкты козутуунун жана улуттук негизде кастыкты калыптандыруунун катализатору болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө NEXT TV телеканалынын аракетинде улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар деген экспертизанын корутундусу алынган”, - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин билдирүүдө.

“Дүйшөмбиев ага коюлган айыптагы материалды бүгүн биринчи жолу көрүп жатат. Ал социалдык тармактагы NEXT медиа менен NEXT TV телеканалынын эч кандай укуктук байланышы жок”.

Телеканалдын айланасындагы жагдайга байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынчсыздануусун билдирди. Ал күч органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда конституциялык кепилдиктерди сактоого, каналдын ишмердигине укуктук баа берүүдө бардык жагдайларды эске алууга чакырды.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жарандын ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген. Аны так жана кынтыксыз сактоо эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчү", - деди Абдрахматова.

Ал тапта Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды.

Журналист Манас Осмон мындай маалымат үчүн телеканалдын ишин токтотуп, директорун камоо калпыс иш болгонун белгиледи. 

“Мен журналист катары мындай нерселерди такыр колдобойм. Биз мактанган жалгыз нерсе басма сөзгө эркиндик болуп жатса, ушул сыяктуу материалды берип койдуң деп кылмыш ишин козгогон туура эмес. Биз бирөөнүн сөзүн бердиң деп камап, жаап койбостон башка жолдор табышыбыз зарыл. Эмне болгон күндө да коом менен бийлик бири-бирин жектеп, камабастан мыйзамдуу жолдор менен маселе чечилиши керек”.

4-мартта атайын кызматка Next TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы суракка чакырылды. Адвокат Алагушев 7-мартка телеканалдын башка дагы журналисттери суракка чакыртылганын билдирди.

Суракка кирип чыккан Перизат Саитбуркан кылмыш ишин козгоого негиз болгон материал боюнча эч кандай суроо берилбегенин айтты. 

"Биз жарыялаган материал жөнүндө такыр суроо беришкен жок. "Директоруңар эмне иш кылат, каражатты каяктан аласыңар?" деген суроолор болду. Ошондон улам бул кылмыш ишинин максаты - ал материал жөнүндө эмес, телеканалды жабуу экенин түшүндүм”.

Next TV телеканалынын ээси -  саясатчы Равшан Жээнбеков. Ал өткөн жылдын декабрь айында бир жылдан ашык тергөө абагында отургандан кийин мыйзам талабы боюнча бошотулган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылы декабрда камалып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан чыккан. 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоого катышкан. 2021-жылы август айында үй камагында жүрүүнүн эрежесин бузду деген жүйө менен кайрадан камакка алынган.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Равшан Жээнбековдун карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбековага "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козгогон. Саясатчы карындашына козголгон кылмыш ишин өзүнө карата басым деп атаган.

Андан тышкары Равшан Жээнбековдун жардамчысы, жарандык активист Айсулуу Кудайбердиевага "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп козголгон кылмыш иши сотко өткөн.

Саясатчы Равшан Жээнбеков телеканалга козголгон кылмыш ишин өзүнө карата жүрүп жаткан басымдын уландысы деп атады.

“Бул басымдын артында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев турат. Мурда айтпай келдим эле, эми айта берейин. Эки айдан бери телеканалды жап, болбосо сени же телеканал директорун камайбыз деп басым кылып келет. Мен жаба албайм, бул принцип, сөз эркиндиги деп айтып келе жатам”.

Улуттук коопсуздук кызматы Равшан Жээнбековдун мындай дооматына азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошуп миллиондогон айыпка жыккан учурлар бар. Акыркы күндөрү бир катар журналисттер баңгизат, чек ара чырына байланыштуу атайын кызматта сурак берип чыгышкан.

Ар бир бийликтин учурунда медиа каражаттарынын ишин токтотуу дагы Кыргызстандын эгемендик тарыхында болуп келген. 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда “Сентябрь” телеканалы сот аркылуу жабылган. 2019-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда “Кой-Таш” окуясынан кийин “Апрель” телеканалы эфирге чыкпай калган.

Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы сөз эркиндиги

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму 2021-жылы апрель айында 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялаган.

Анда Кыргызстан дүйнөдөгү басма сөз боюнча индексте үч баскычка алдыга жылганы менен иш жүзүндө өлкөдө басма сөз эркиндиги начарлап жатканын белгиленген.

“Кыргызстандын рейтинги жогору көтөрүлгөнү менен глобалдык упайы начарлады. Бул “механикалык эффект” деп аталат. Рейтингдеги башка өлкөлөрдө абал Кыргызстандагыдан да көбүрөөк начарлагандыктан алар артка кетип, Кыргызстан алдыраак орундарды ээлеп калды”, - деп белгиленген “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамада.

180 өлкөнү камтыган жалпы рейтингде Кыргызстан быйыл үч баскычка алдыга жылып, 79-сапка чыккан. Бирок өлкөнүн медиа эркиндиги боюнча упайы начарлаган.

Уюмдун маалыматында 2021-жылы Борбор Азияда аймагында сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 79-сапка чыккан. Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.​

"Чек арасыз кабарчылар" ​уюму бул рейтингин 2002-жылдан бери жарыялап келет. Ага ылайык, Кыргызстанда биринчи президент Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында басма сөз эркиндиги начарлап, бул тенденция Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы бир нече жылында ого бетер күчөгөн.

2010-жылы Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 159-орунга чейин түшүп, Казакстан, Өзбекстан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн катарынан орун алган. 2014-жылдан баштап көрсөткүчтөр акырындап жакшырып, Кыргызстан алгачкы 100 өлкөнүн катарына кошулган. Ошентсе да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы жылында Кыргызстан тогуз баскыч артка кеткен.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

Лунный свет в ваших волосах: Как выбрать благоприятные дни для стрижки в мае


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пианист

Пианист-виртуоз Култышев исполнит редкие сочинения Баха и Брукнера на концерте в «Зарядье»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Роботам-курьерам расширили ареал // Насколько эффективным окажется этот способ доставки



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России