“Тынчтык. Март. Марш”: Аялдар согушка каршы!
Бишкек жана Ош шаарында аялдардын тилектештик маршы өтүп, анда аялдарга карата зомбулукка, Украинадагы агрессияга каршы чакырыктар жасалды. Бул жылы жөө жүрүшкө катышкандардын саны арбып, мурдагыдай үзгүлтүккө учураган жок. Шаардык милиция акцияны саясатташтырбай, кайсы бир өлкөнүн желегин көтөрүп чыгууга тыюу салды.