Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

"Кыргызстан орусиялык IT-адистерди тартса болот"

0

Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам башка өлкөлөргө чыгып кеткен орусиялыктардын агымы көбөйгөнү айтылууда. Кыргызстан учурдагы кырдаалдан кантип жол тапса болот? Ишкер Данияр Аманалиев менен маекти сунуштайбыз. 

- Данияр мырза, биздин маегибиз Украинада согуш жүрүп жаткан учурга туура келип отурат. Буга байланыштуу Орусияга күндөн күнгө катаал санкциялар салынууда. Анткен менен адистер мындай абал Кыргызстанга бир чети кесепетин тийгизсе, экинчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да ача турганын айтышууда.

- Мүмкүнчүлүктөр Орусия санкциялардын кысымында калганы үчүн гана ачылып жатат. Кыргызстандын өзүнө азырынча санкция салына элек. Азырынча дегеним, менин көз карашым боюнча, биз санкциялардан кутула алабызбы, бул дагы чоң суроо. Кутулуп кетсек жакшы. Кутула албай Орусиядагыдай абалда калсак, мурдагы таз кейпибизди кийебиз. Биз азыр бул жакка келген орусиялыктардын агымын байкай баштадык. Албетте, сөз олигархтар жөнүндө болуп жаткан жок. Мен онлайн иштеген IT-адистерин айтып жатам. Мен аларды "санариптик көчмөндөр" деп коем.

- Кыргызстан сиз айткан “санариптик көчмөндөргө” эмнеси менен кызык боло алат?

- Кыргызстанда интернет алда канча эркин. Орусиялыктар үчүн Кыргызстандын укуктук чөйрөсү, мыйзамдары абдан ыңгайлуу. Аларга иш жүзүндө эч кандай чектөөлөр жок, кыргызстандыктар менен бирдей шартта иштейт. IT-адистер жогорку технологиялар паркынан пайдалана алат. Алар Кыргызстанга келип, ишин мыйзамдаштырып көнүп кетсе, Орусияга караганда азыраак салык төлөшөт. Бул "санариптик көчмөндөр" менен иштеше турган жергиликтүү ишканалар үчүн да пайдалуу. Азыр мейманкананын бөлмөлөрү толо баштады. Бизге конокко келип жаткан орусиялыктарды көрүп жатабыз. Алардын келишине Путиндин саясатынан улам жаралган кырдаал себепкер десек болот.

 

- Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу IT-адистерине кандай артыкчылыктарды бере алат? Ошол эле Армения жана Казакстанга атаандаша алабы?

- Азыр орусиялыктар эркин бара ала турган өлкөлөрдү тандап жатат. Анын ичинде Түркия, Араб Эмирлиги, Армения, Казакстан. Мисалы, Казакстан менен Армения экономикалык биримдикке мүчө болгондуктан, бул жакта орусиялыктардын экономикалык укуктары ошол эле Түркияга салыштырмалуу кененирээк. Кыргызстан башкаларга салыштырмалуу эң эле ыңгайлуу өлкө деп айтуудан алысмын. Бирок бизге Орусиянын IT-адистеринин 10 миңи келсе эле жетиштүү болмок. Бул Орусиядан чыгып кеткен адистердин 10 эле пайызын түзөт. Бирок биздеги болгон адистерден эки эсе көп дегенди билдирет.  Орусияга салынган санкциялар эртең эле алына койбойт. Байкашыбызча азыр көптөгөн кишилер бул өлкөдөн чыгып кетүүдө. Эгер шарттарды салыштырып көрсөк, Армения жана Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда салыктар алда канча жеңил, жашоо арзан. Орус тилинде сүйлөп, түшүндүрүү жагынан да кыйынчылык жок.

- IT тармагындагы адистер үчүн кандайдыр бир өзгөчө шарттар түзүлүшү шартпы? Алар кандай санариптик инфраструктурага көңүл буруп, артыкчылык берет?

- Акыркы беш жылды карап көрсөк, интернетти колдонуу жагынан Кыргызстандагы абал Казакстанга караганда алда канча жакшы. Кыргызстан мобилдик интернеттин баасы боюнча дүйнөдөгү эң арзан өлкөлөрдүн катарында. Казак бийлиги митингдер учурунда интернетти көп өчүрөт. Бизде октябрдагы окуялар учурунда кечинде бир эле жолу өчкөн. Интернеттин дайыма күйүп турганы өтө маанилүү. Себеби дүйнөлүк компаниялар өз кызматкерлеринин интернетке себепсиз кошулбай калганын кечирбейт. Анткени мунун айынан бизнес миллион долларлык чыгыма учурашы мүмкүн. Ошондуктан бизнес интернетти бир да күн өчүрбөгөн мамлекеттерди тандайт. Өзбекстанда көптөгөн сайттарга бөгөт коюлган жана аларга VPN менен гана кирүү мүмкүн. Тажикстанда да абал ушундай. Жогорудагы жагдайларды эске алганда Кыргызстан IT-адистери үчүн абдан ыңгайлуу өлкө. 

- Дагы бир эске алуучу жагдай, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө. Мындай шартта Орусиянын экономикалык өнөктөшү катары бизге да кандайдыр бир санкциялар салынышы ыктымалбы? Ага кабылып калбаш үчүн эмне кылуу керек?

- Менимче Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгып кетүү бийликтин эң эле патриоттук чечими болмок. Бирок "Кыргызстан дагы 300 жыл Орусия менен болот" деген билдирүүлөргө караганда ага бийликтин азырынча эрки жетпейт. Кечээги согушка чейин Орусия дүйнөнүн эң ири он экономикасынын бири болчу. Орусия биздин мигранттар акча тапкан рынок болуп келген. Азыр ошол гигант кулап баратат десек болот, себеби Орусиянын кредиттик рейтинги алты сап ылдый түшүп кетти. Бул рекорд. Тарыхта мындай болгон эмес. Кредиттик бюролор кайсы бир өлкөнүн рейтингин бир же эки, ашып кетсе үч сапка түшүрөт.

Менимче азыр Орусия менен Кыргызстандын кредиттик рейтинги бирдей деңгээлде. Эгер ал чын болсо, биз тоого чыккан альпинисттер сыяктуу эле арканды кесишибиз керек. Аркан - бул ЕАЭБ. Тилекке каршы, жакындан бери дүйнө коомчулугунда "Кыргызстан орус бийлигинин агрессиясын колдоп жаткан өлкө" деген пикир жаралды. Бул жөн жерден чыккан жок. Мамлекет башчыбыз Орусиянын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин Кремлдин басма сөз кызматы "Садыр Жапаров Орусиянын аракетин толук колдоп, Украинаны айыптайт" деген билдирүү таратып жиберди. Расмий Бишкек бул маалыматты ырастаган жок. Болгону тынчтык үчүн турарын, жаңжал эл аралык мыйзамдын алкагында чечилиши керектигин гана билдирди. Ага карабай жок жерден жаманатты болуп калдык. Ошондуктан бардык жерде "биз андайды айткан эмеспиз, калыс позициядабыз" деп кайталагандан тажабашыбыз керек.

- Биз орусиялык адистер жөнүндө сөз кылдык. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн эмгек миграттары тууралуу айтсак. Алардын да кайсы бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келиши толук ыктымал экени айтылууда. Аларга мамлекет жумуш орундарын түзүп бере алабы? Мамлекет бул жаатта кандай саясат жүргүзүшү керек?

- Мамлекет кайсы бир жумуш орундары менен камсыз кылат деп ойлобойм. Азыркы жумуш орундары төлөгөн айлык аз. Мамлекет мигранттар кайтып келгенден кийин жумушсуздук күчөшүн каалабаса, бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүп, мүмкүн болушунча жаңы жумуш орундарын түзгөнү оң. Көйгөй эмнеде? Акыркы мезгилде мамлекеттин экономикалык саясаты бизнеске болгон салыктарды тынымсыз көбөйтүп, салык инспекциясы сыяктуу тергөөчү, текшерүүчү органдардын функцияларын кеңейтип жатат. Бул, албетте, Кыргызстандын абалын бир топ начарлатты, экономикалык эркиндик рейтингинде 20 сапка ылдыйладык, коррупция боюнча рейтингде ушунча көрсөткүч менен төмөн кеттик. Эмнеге мындай болуп жатат? Анткени мамлекет ишкерликке көбүрөөк кийлигишкен сайын коррупция көбөйөт.

- Бизге убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Мама Тимати не справляется с внучкой: «Сказать, что мне трудно — ничего не сказать»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


Энди Роддик

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

"У меня такая судьба": Лукашенко рассказал о причине своего спешного отъезда прямо с парада



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России