Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Кайра шайлоо: БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

0
Кайра шайлоо: БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды. Мындай чечимге "добуш сатып алуу" фактысы негиз болгону айтылды. Муртазалиев дооматтарды четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат.

Былтыркы парламенттик шайлоодо бул округда "баарына каршы" добуш бергендер басымдуу болгондуктан кайра шайлоо дайындалган эле.

БШК 9-марттагы жыйынында Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарууну бир добуштан колдоду. Анда Бишкек шаардык милициясынын Ыкчам кызматынын башчысы Аскат Муратканов бул талапкердин "добуш сатып" алууга айыпталган Фарида Талипова менен Лолахан Самилова аттуу жарандар менен кыйыр байланышы бар экени аныкталганын билдирди.

"Төрт киши "Лолахандан акча алганбыз, бардыгы болуп 210 миң сом алганбыз" деп көрсөтмө берип жатат. Лолахан баарын моюнуна алып, акчаны Фарида Талиповадан алганын айтты. Биз Талиповадан көрсөтмө алганыбызда, ал саясаттан алыс экенин, Муртазалиевдин үй-бүлөсүн тааныбай турганын айтты. Бирок биз анын телефон сүйлөшүүлөрүнүн тизмесин алып текшергенде, ал Муртазалиевдин үч ыйгарым укуктуу өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталды. Ошондой эле "Инстаграммдагы" баракчасына Муртазалиевди куттуктап жазып жатат. Андан сырткары Муртазалиевдин атасы менен 5-февралдан 21-февралга чейин, 16-күндүн ичинде телефондон 252 жолу сүйлөшүп жатат. Телефондон сүйлөшкөн убактысын эсептеп чыксам, баш-аягы 1,5 саат болот экен".

Асхат Мураткановдун билдиришинче, Талипова Муртазалиевдин атасы менен анын кеңсесинде бир канча жолу жолуккан.

"Фарида Талипова "мен бул адамды тааныбайм" деп коюп, 16 күндүн ичинде аны менен (Муртазалиевдин атасы - ред.) бир канча жолу жолугуп, 10 саат сүйлөшүп жатат. Мен ошол кеңсеге өзүм дагы бардым, атасы менен сүйлөштүм. Бул жер кайтаруудагы жер экен, каалагандар эле кире алышпайт экен. Ууру дагы кылмышты жашыруун кылат. Добуш сатып алуу - бул кылмыш. Акчаны көчөдөн бербестен, талапкердин атасы Шамил Муртазалиев ушул жерге келип, сөздөрдүн баары ушул жерден болгон. Добуш сатып алуу болгону аныкталып, Талипова менен Самилова боюнча ишти сотко жөнөттүк. Булар чындыгында эле добуш сатып алуу менен алек болушкан. Үй башчыларына, квартал башчыларына 500 сому силердики деп, 2,5 миң сомдон берип жаткан жеринен кармадык".

Талипова менен Самилова 21-февралда кармалган. Муртазалиев ал аялдарды тааныбай турганын айтып, дооматтарды каралоо аракети катары баалап жатат.

"Ооба, ошол аялдар менин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмө чалышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм. Бирок, "келгиле иштешели, жардам берели" деген ошондой сунуштар күнүнө 20дан, 50дөн түшүп жаткан. Талипова "ошол акчаны Алканованын штабынан алгам" деп бүтүндөй Кыргызстанга жар салып айтып жатат. Эмнеге бул багытта иликтөө жүрбөйт? Мен эмнеге экенин түшүнүп турам. Анткени шайлоодо биринчи чыккан адамды алып түшүү керек болуп атат. Мен ушул учурда шайланган талапкермин. Эң көп добуш алдым. Ошондуктан соккунун баары мага каршы жүрүп жатат".

Өткөн аптада Фарида Талипова маалымат жыйын өткөрүп, чоң суммадагы акчаны аталган округдан талапкер Элнура Алканованын штабынын өкүлдөрүнөн алганын айткан. Ошондой эле Муртазалиев менен тааныш-билиштиги жоктугун билдирген.

"Мага 18-19-февраль күндөрү жашыруун номурдан чалып, өздөрүн менин кардарымдын достору деп тааныштыргандар "Чолпон " базарынын жанына келе аларымды сурашты. Мен такси кызматында бир канча жылдан бери иштейм, туруктуу кардарларым көп. Мага алар өздөрүн Игорь менен Оксана деп тааныштырышты, бир канча телефон номурларын берип, акчаны ошолорго берип коюшум керектигин айтышты. Мага 450 миң сом беришти, аны "Алканованын штабынан алдым" деген тил кат жазып бердим. Тил катты телефонума сүрөткө тартып койгом. Мени эмнеге Муртазалиев менен байланыштырып жатканын түшүнбөй жатам, менин ага эч кандай тиешем жок".

Укук коргоо органдары Талипованын айткандары тастыкталбаганын билдирип жатат. Ал арада Алканова Талипованы жалган маалымат таратып жатат деп айыптап, милицияга арыз жазды.

Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу тергөө дагы уланып жатат жана дагы башка адамдардын аракетине укуктук баа берилет.

Муртазалиевге каршы ушул округдан талапкер Шайлообек Атазов БШКга арыз жазган. Анын өзүнө каршы дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арыз жазган, БШК Атазовго байланыштуу арызды 10-мартта карамакчы.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округунда 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, ал эми 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген. Ал эми Биринчи май округунда алдыга Элвира Сурабалдиева чыккан, андан кийинки сапка Нурбек Тотонов менен Нурбек Токтакунов жайгашкан.

Бул округдарда былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вадим Самойлов

Вадим Самойлов («Агата Кристи») выступит на фестивале «Окна Открой»!




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Никакой магии! В спортивном прогнозировании не бывает безусловных выигрышных стратегий

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России