Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду

0
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда чек аранын эки тарап чогуу күзөт жүргүзүүчү тилкесинде түрдүү окуялар көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын жана Тажикстандын башкы чек ара мекемелеринин жетекчилеринин биринчи орун басарлары Уларбек Шаршеевдин жана Ражабали Рахмоналинин жолугушуусу 12-мартта Тажикстандын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда өттү.

Жолугушууда түрдүү чыр-чатактар көбөйгөнү жана алар чек аранын тактала элек тилкелеринде болуп жатканы айтылды.

Жыйынтыгында чек ара чырларын алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат алмашып туруу, курал колдонбоо, чарбалык ишмердүүлүк боюнча маселелерди облус жетекчилеринин деңгээлинде чечүү тууралуу макулдашуулар жетишилди.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

10-11-мартта да чек арада курал колдонулган окуя катталды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Москва — мировой лидер по динамике развития транспортной инфраструктуры





Москва

Интерактив в помощь. «Учитель года Москвы» Морозова — об инновациях


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Завод по производству препаратов из плазмы крови человека появится в РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Жанна Агузарова

Певица Агузарова станет специальным гостем премии МУЗ-ТВ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Уверенная победа россиян на турнире ONE FRIDAY FIGHTS 66

Футбольная сборная России забила Белоруссии 4 безответных мяча

Мастер-классы по созданию крафтовых украшений проходят в центре Москвы


Александр Зверев

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Интернет

Ученые нашли «выключатель» болезни Паркинсона



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России