Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

“Акаев президент болгондо менин калпагымды кийгизишкен”

0
“Акаев президент болгондо менин калпагымды кийгизишкен”

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - экономика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Шамшыбек Мамыров. Ал маегинде студенттик демократиялык кыймылдарга бийликтин мамилеси, Акаевге кийгизген калпактын ээси,  “Улуу үркүндү” эскерүү, мамлекет башчысынан колдоо таппаган милицияны реформалоо аракеттери тууралуу айтып берди. 

- Шамшыбек мырза, 1990-жылы 27-октябрда Акаев президент болуп шайланганда анын башына кийгизген калпактын ээси көп. Сиз ошол окуяларга күбө болгонсуз. Ошол калпактын тагдырын билесизби?

- “Күч кайда - күч чындыкта” деген ачуу кеп бар. Акаевге кийгизген калпак меники, ээси мен. 

- Топчубек Тургуналиев “калпакты Акаевге кийгизген мен” деп айтып жүрбөйбү...

- Топчукени баарыбыз сыйлайбыз, аксакалабыз, Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында тургандардын бири, бул боюнча эмгеги зор. Бирок, ачуу чындык бар. Ошондо биздин балдар-кыздар сегиз алачык тигип алып, жалпысы 20дан ашык киши алты күн ачкачылык жарыялашкан. Акыры парламенттеги күрөштүн натыйжасында Аскар Акаев президент болуп шайланып калды. “Ачкачылык кармагандарга чыгат экен” деп калышты. Келсе “башын куттуктап коелу” деп калпак издеп жүрүштү. Анда дүкөндөр да жабык. Ошол күнү мен жаңы калпак кийип жүргөм. Токмоктук бир эже калпагымды карап, жыттап көрүп “жаңы экен, ушуну кийгизели” деп калды эле, ал жерде тургандар бата кылып жиберишти, мен айласыз макул болдум. Ошентип Акаев ачкачылык кармагандардын алдына чыкканда жанында Кулов, Койчиев, Тургуналиев жана башкалар турган. Акаевге калпакты Топчуке кийгизди. Жанында тургандар, биз “Жашасын Кыргыз мамлекети!”, “Кыргыздын тунгуч президенти!” деп кыйкырып турдук. Менин калпагым экенине Аскар Акаевдин Илимдер академиясынан берки айдоочусу да күбө. “Калпагың үчүн сага бир козу берем” деп ошондо айткан.

- Кийин козуну бердиби? 

- Берген жок. 

- Акаев такка отурган ошол күнү президенттин коопсуздугу кароосуз калган, керек болсо машине да берилген эмес деп угуп калдым. Ушундай болгонбу?

- Аскар Акаев ачкачылык жарыялагандар менен жолугуп, калпакты кийип кайра өкмөт үйүнө кирип кетти. Элдин көбү дагы эле тарабай турду. Кечки саат 10дордо Абсамат Масалиев коштоочулары, мамлекеттик күзөтү менен Ак үйдөн чыгып кетти. Дагы бир сааттан кийин Акаев чыгып, Илимдер академиясынын “Волга” машинесине отурду. Артынан Кулов милициянын “УАЗ” автоунаасына чыгып, коштоп жөнөгөнүн көргөм. Ошентип Акаев мамлекеттик күзөткө алынбай, милициянын коштоосунда эки күн жүргөнүн  укканбыз.

- 1991-жылы Улуу үркүндүн 75 жылдыгына карата жүрүш болуп, бийлик уюштуруу иштерине жардам берген деп айтылат. Орусия эмне дейт деген кооптонуулар болгонбу?

- Менин оюмча, ал жүрүштү уюштурууга колдоо көрсөткөн, Кыргызстандын жаңы бийлигине, Москвага да туура түшүндүрүп, багыт берген ошол учурдагы Коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов болгон. Биз жүрүштү Чүйдүн Асылбаш айылынан баштаганбыз. Ошондо мага КГБнын жигиттери келишиип, “чагымга алдырбагыла, элди туура жолго баштагыла” деген кеңештерин айтып, колдоп турушту. Ошон үчүн биз “1916-жылы орустар кыргыздарды кырган, өлтүргөн” деп айтпадык, жүрүштүн башынан аягына чейин “кыргыздар эркиндик үчүн улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышкан” деп жүрдүк.

- Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында Акаевдин колдоосу менен Чынара Жакыпова билим берүү министри болуп дайындалды эле. Көп реформаларды баштап калганда күтүүсүздөн кызматтан алган. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- 1990-1994-жылдарда президент Аскар Акаев жакшы иштерди жасаган деп айтсак болот. 1993-жылы Чынара Шаршеевнаны билим берүү министри кылып дайындаганда жаштардын арасында, өзгөчө студенттер тарабынан чоң колдоого ээ болгон, баарыбыз сүйүнгөнбүз. Замандын талабын түшүнгөн демократ, ачык, таза адам деп билчүбүз. Аны министр кылууга сунушту университеттин ректору Үсөн Асанов айтса керек деп ойлойм. Ошол учурдагы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Анарбек Бакаев да министр болушуна чоң колдоо көрсөткөн, экөөнүн мамилеси да жакшы болчу.

Чынара Шаршеновна 1992-жылдан баштап жогорку окуу жайларына кабыл алууну катуу көзөмөлгө алып, көз каранды эмес комиссиялар аркылуу студенттерди кабыл алдырткан. Ошол комиссиялардын бирине мени да чакырып катыштырган. Мединститутта, университетте көп коррупциялык көрүнүштөр ачылган. Жыйынтыгында ошол жылы студенттерди кабыл алуунун саны толбой калды. Чынара Жакыпова коррупция менен чындап күрөшө баштаган болчу. Тилекке каршы, бул аракеттер жогору жакка жакпай калды окшойт. Аскар Акаев октябрь айынын башында мугалимдердин майрамында элдин алдында Чынара Жакыпованы “сиз кыргыздын азыркы Курманжан даткасы болдуңуз” деп аябай мактаган болчу. Айдын аягында кызматтан бошотуп салды.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Антонина Арталевская

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


Новак Джокович

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Ночные волки» автопробегом 11 мая открыли мотосезон



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России