Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Украинадагы согушка сырттан барган топтор

0
Украинадагы согушка сырттан барган топтор

Украинадагы согушта эки тарапта тең чет элдиктер курал кармап, согуштук операцияларга аралашып жатканы маалым болду.   

Орусия сириялык согушкерлерди жалдап жатканы тууралуу алгач эл аралык басылмалар жазып чыккан. Украин бийлиги дагы чет өлкөлүк жарандарды эл аралык легионго кошулуп, орус армиясына каршы согушууга чакырган.

Президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин 11-марттагы жыйынында чет өлкөлүк жарандарга Украинадагы согушта Орусияны колдогон күчтөрдүн катарында күрөшүүгө уруксат берүү идеясын колдоду. 

"Эгер акча үчүн эмес, ыктыярдуу түрдө келип, Донбасста жашаган элге жардам берүүнү каалаган адамдарды көрсөңүздөр, анда аларга шарт түзүп, уруш аймактарына жөнөтүүгө жардам берүү керек", - деди Путин.

Анын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жакынкы Чыгышта 16 миңден ашуун "ыктыярчылар" орус күчтөрү менен кошо украин аскерлерине каршы күрөшүүгө даяр экенин айткан.

Путин жума күнкү жыйында министр Шойгунун Украинада колго түшүрүлгөн, Батышта жасалган "Жавелин" жана "Стрингер" сыяктуу ракеталык системаларды Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардагы күчтөргө өткөрүп берүү тууралуу сунушун да колдоду.

Ал эми​ Путин 8-марттагы элге кайрылуусунда орус армиясына кошумча мобилизация болбой турганын билдирген эле.

"Баса белгилей кетейин, аскердик кызматты өтөп жаткан жоокерлер согуштук аракеттерге катышпайт. Запастагылар кошумча чакырылбайт. Тапшырылган милдеттерди тажрыйбалуу аскер кызматкерлери гана аткарат. Алар Орусиянын коопсуздугун жана тынчтыгын ишенимдүү камсыздай турганына ишенем" - деп жазды Кремлдын сайты.

Соңку күндөрү айрым серепчилер орус армиясы кошумча мобилизациялоосуз Кремль Украинада өз максатына жете албайт деген пикирлерди да айтышууда.

7-мартта "Кавказ.Реалии" сайты Украинада Орусиянын аскердик чабуулуна туруштук бере турган чечендердин жаңы отряды түзүлүп жатканын кабарлады. Анда "Шейх Мансур" жана "Жохар Дудаев" деп аталган куралдуу ыктыярдуу кошуундар украин армиясы менен чогуу согушка катышып жатканын, бул расмий Грозныйдын кыжырына тийгени айтылат.

"Шейх Мансур" кыймылынын лидери Муслим Чеберлоев Кадыров кошуундун башчыларын өлтүрүү үчүн 500 миң доллар убада кылганын журналисттерге айтып берген.

"Кадыровчулардан" каза тапкандар

Украинадагы согушта Киевди көздөй "кадыровчулар" бет алганын 26-февралда Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров өзү жар салган. Анда ал чечен аскерлери Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн курамында Украинанын аймагына чабуулга катышарын бышыктайт.

"Кавказ.Реалии" сайты жазгандай, Дагестан жумуриятынын башчысы Сергей Меликов, Калмыкиянын жетекчиси Бату Хасиков, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, Кабардин-Балкардын жетекчиси Казбек Коков, Ингушетиянын жетекчиси Махмуд-Али Калиматов, Краснодар крайынын губернатору Вениамин Говеранор жана Астрахань облусунун губернатору Игорь Бабушкин Украинада катуу кармаштарда набыт болгон аскерлердин арасында жердештери бардыгын ырастап, алар кызмат үстүндө курман болгонун белгилешкен.

"Кавказ.Реалии" басылмасы ошондой эле Орусиянын "Жоокер энелер" комитетине күнүнө кеминде 20дай киши телефон чалып, Украинадагы согушта дайынсыз кеткен жоокерлерди издегендер тынбай жатканын жазды.

Рамзан Кадыров 2-мартта "Телеграм" каналына чеченстандык эки аскер набыт болгонун жазды. Ал өзүнүн каналында Украинанын аймактарында согушкан жоокерлердин видеолорун байма бай жарыялап, "баарыбыз ыктыярчыбыз" деп айтып келет.

WSJ: сириялык согушкерлер Орусиянын курамына тартылууда

Wall Street Journal басылмасы Кремль тажрыйбалуу сириялык согушкерлерди Украинага алып келүүнү пландап жатканын өткөн апта​ жазды. Басылмага маалымат берген өз булагы айрым согушкерлер орус аскерлери менен Украинадагы майданга аттанууга даяр экенин, бирок канча жалданма адам бардыгы тууралуу так маалыматы жоктугун айткан.

Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарында чыккан жергиликтүү басылма сириялык согушкерлерге 200-300 долларга чейин айлык акы сунушталып жатканын жазды. Бул басылма ондогон сириялык согушкер Орусияга тартылып жатканын жазып чыкты.

"Вагнерчилердин" изи

11-мартта Би-Би-Си медиасы "Вагнер" менчик аскер компаниясыны Украинага согушкерлерди жалдап жатканын кабарлады. Маалыматта буга чейин вагнерчилер Орусияда туулган жарандардан башка эч кимди кабыл албаганы жазылат. Эми Крым жана Донбасстын тургундарын, ошондой эле мурда "Вагнер" компаниясында кызмат өтөп кеткендерди алууга даяр экени айтылат.

Жалданма аскерлердин бири аларды согушка "сейилдеп, тамак жегиле" деген чакырыктар менен кызыктырып жатканын Би-Би-Сиге айтып берген.

"Эгер жумуш таба албасаңыз, бизге кайрылыңыз. Эгерде сиз кандайдыр бир себептер менен жумушуңуздан айрылып калган болсоңуз, бизге кайрылыңыз", деп айтылат жарнамада.

Би-Би-Синин жеке булагы вагнерчилердин негизги бөлүгү Украинадагы согушка али кошула электигин билдирди. Анын айтымында, азыр Краснодардын жанындагы Молкиного "ар кандай ээн баштар" жалданма болуп тартылып жатышат, аны ардагер жалданмалар "штрафбат" деп коюшат.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгы 8-мартта согушта мерт кеткен вагнерчилердин мойнундагы жетондорун "Фейсбукта" жарыялады.

"Орусия жеке компаниялардын жалданма аскерлерин согуштук аракеттерге тартууда. Тактап айтканда "Вагнер" менчик аскер компаниясынын согушкерлери Украинанын аймагында агрессордун армиясынын курамында согуштук аракеттерге катышып жатканы белгилүү".

Муну мерт кеткен баскынчылардын моюнундагы жетондор далилдейт. Бул жетондордун айрымдары Сириядагы согуш маалында чыгарылган жана аны араб, англис жана француз тилдериндеги жазуулары көрсөтөт. Ошондой эле Сириянын телефон номурлары жазылып турат".

Буга чейин дүйнөнүн ар кайсы жериндеги куралдуу жаңжалдарга аралашкан "Вагнер" жеке аскердик компаниясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин "ашпозчусу" атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени маалым болгон. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин танып келишет.

АКШ Конгресси 2020-жылы Евгений Пригожиндин ишмердиги өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына коркунуч келтире тургандыгы жөнүндө резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Ал эми 2020-жылы сентябрда БУУнун чектөөлөргө байкоо жүргүзүү боюнча адистеринин комитети Ливияны согуш куралдары менен жабдууга каршы тыюуну бузган 11 компаниянын арасында “Вагнер жеке менчик аскердик компаниясын” да көрсөткөн.

Украина чет элдик легионерлерди чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин эл аралык легионго кошулууну каалаган чет элдиктер үчүн убактылуу визасыз режим ачуу тууралуу жарлыгы 1-марттан тартып күчүнө кирди.

Легионго "агрессор өлкө" деп саналган мамлекеттен башкалардын жарандары барып кошулса болот. Аларга курал-жарак берилет жана украин армиясынын катарында майданга аттанат.

Зеленский 27-февралда Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жаңы эл аралык легион түзүлгөнүн жарыялаган.

"Чет элдиктердин өзүнчө легиону түзүлөт. Украинанын аймагын коргоонун интернационалдык легиону" деп аталат", - деп айтылат украин президентинин сайтында.

Украинага барган легионерлер атайын келишимге кол коюп, дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган аскердик тажрыйбасы барлар украин армиясы менен бирге согушка аттанары жазылат.

Кийин Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Франциянын чет элдик легионунда жүргөн украин жарандары мекенине кайтып, согушка катышса болорун билдирген. 28-февралда коргоо министринин орун басары Анна Маляр Украинанын интернационал легионуна кошулуу үчүн миңдеген чет элдиктен арыз түшкөнүн маалымдаган.

Март айынын башында Грузиянын мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили атайын топ менен Украинага орус аскерлерине каршы күрөшүүгө барганы маалым болду.

Экс-министр Украинага келген себебин "биз мындай окуяны 2008-жылы баштан өткөргөнбүз. Жаман менен жакшынын, диктатура менен демократиянын күрөшү жүрүп жатат", - деп түшүндүрдү.

Ал 2004-2006-жылдары Грузиянын коргоо министринин кызматын аркалаган.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Егор Крид

Егор Крид, Ольга Бузова, JONY и другие на премии ЖАРА Music Awards




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса


Новак Джокович

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России