Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Санкциялардын кесепети, кырдаалдан жол тапкан мигранттар

0
Санкциялардын кесепети, кырдаалдан жол тапкан мигранттар

Украинага басып киргени үчүн бир катар өлкөлөр Орусияга катаал санкцияларды салды. Анын таасири тууралуу Москвада эмгектенген ​айрым мекендештердин пикирин топтодук.

"Жумушсуз калгандар бар"

21 жаштагы Нуриза Кыдырканова Москвадагы KFC тез татым ресторанында эки жылдан бери иштеп жаткан. Экономикалык санкциялардан улам жумушсуз калып, күйөөсү иштеген жерге убактылуу жумушка орношуп жатканын айтып берди.

“Күйөөм суши-роллы жасап чыгарган жапон ресторанында тамак жеткирген курьер болуп иштейт. Мен KFCде буйрутмаларды кабыл алып, үч күндө бир дем алыш менен иштеп жүргөм. Мен иштеген KFC корпорациянын өзүнө таандык болгондуктан жабылабыз деп, дароо айлыгыбызды эсептеп, төлөп беришти. Азыр күйөөмдүн иши жүрүп жатат, мени убактылуу жумушка жанына алды. Бирок иштеп каламбы, жетекчилиги макул болобу билбей турабыз. Мени менен кошо KFC ресторанынан 40 киши кеткен. Алар да жумуш сурап, улам WhatsApp группага жазып жатышат”

Америкалык корпорация Орусиядагы KFC тез татым ресторандарын жаап жатканын жарыялаган. Бирок KFC франшизасын алган ресторандар ишин улантууну көздөп жатат.

Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы, ишкер Толкунбек Акматов мекендештердин көпчүлүгү али негизги көйгөйдү сезе электигин, ошентсе да айрымдары мекенге кайтуунун жолдорун караштырып жатканын айтты.

“Бул жерде чынында жумушсуз калып жаткандар бар. Батыштан келген бир топ компаниялар жабылып калды. Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигиттеринин арасында мекенге кетем дегендер көп болуп жатат. Себеби, Украинадагы согуштук аракеттерге аларды да алып кетет деген имиштер тараган. Анын үстүнө пандемия маалында жолдор жабылып, көп кыргыздар айылына кайта албай кыйналган. Ошондуктан кээ бири кетем деп чамынууда. Бирок Кыргызстанга баргандан кийин чоң көйгөй бар эмеспи. Эмне кылам? Кайсы жумушта иштейм? деп ойлонушат. Ошого азыр көбү эки анжы болуп турат".

"Бизге мүмкүнчүлүк түзүлдү"

22 жаштагы Нурсултан Зулпуевдин Москвага барганына төрт жылдын жүзү болду. Ал эки айдан бери Москвадагы соода борборлорунун биринде фуд-корт ачып, кардарларды тартууда.

“Ачканыма эки айдан ашты. Азыр алты кыргыз иштейт. Ар бири 58 миңден 90 миң рублга чейинки айлык алышат. Жапон, орус, кыргыз ашканаларынын тамагын жасап сатабыз. Бирок рублдун курсу түшүп кетиши биз ашканага алган товарлардын баасын кымбаттатып жиберди”.

Нурсултан Орусияга салынган санкцияларды пайдаланып калууну көздөп жатат. Анын пикиринде, жабылып, иштебей турган ишканалардын ордун ээлеп калуу үчүн жакшы шарттар түзүлө баштады.

“Ошол эле McDonald's же KFCнин миңдеген кардарлары бар болчу. Мисалга, биздин жаныбыздагы KFC фуд-корттон тамак ичкени келгендердин узун кезеги үзүлбөйт эле. Азыр эми мүмкүнчүлүк бизге түзүлдү. Алардын кардарларын өзүбүзгө тартсак, ишти кеңейтсек болот. Себеби, москвалыктардын көбү үйүнөн тамак жасап жебейт. Эгер ар бир мигрант Орусиядан кетүүгө шашылбай, тескерисинче, иш баштап алса ийгилик жаратат. Азыр биздин ашканага келгендер көбөйдү. Азык-түлүк кымбаттап, биз дагы тамактардын бааларын бир аз көтөрдүк, аны кадимкидей кабыл алып жатышат. Эми план түзүп жатам. Балким, ылайыгы келип калса, башка соода борборлорунда да ушундай эле фуд-корт ачам деп турам. Эң эле жаманы, орус рублинин куну түшүп кеткени болду. Рублди сомго же долларга алмаштырууга шашылган мекендештер жок, көбу колунда кармап турат. Курс турукташса анан гана алмаштыралы деген үмүтүбүз бар. Досторумду да иш баштагыла деп үгүттөп жатам”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Орусияга барып иштеген мигранттардын саны 650 миң кишини түзөт. Бейрасмий маалыматта бир миллиондон ашат деп айтылып жүрөт.

"Инстаграмдан" каражат тапкандар

"Инстаграм"социалдык тармагын колдонуп, мекендештеринин арасында жарнама берип, каражат тапкандар же жеке бизнесин өнүктүргөндр көбөйгөн. Орусияда "Инстаграмдын" жабышы алардын ишин үзгүлтүккө учуратканы турат.

Mekendesh_ru instagram баракчасын кыргызстандык Талантбек Орозбек уулу 2018-жылы ачкан. Азыр 372 миң катталуучусу бар.

Талант бул жана башка төрт жарнамалык баракча иштетип, алардын ар биринен айына 100 миң рублдан таап турган.

“Азыр "Инстаграмдын" жабылып калышы бизге өтө чоң сокку болду. Себеби, биздин милдет – Орусиядагы, өзгөчө Москвада бизнес кылган кыргызстандыктардын клиникаларын, соода түйүндөрүн, тиш дарылоо жайларын жарнамалап, ошол аркылуу каражат табуу болуп келген. Бир күндүн ичинде активдүү окурмандардын теңинен көбү кыскарды. Калганы Кырызстандан же дагы башка мамлекеттерден окуп жаткандар экен. Мындан сырткары дагы баракчаларыбыз бар. Анын ар бирин ага-инилерим башкарат, бир баракчада жарым миллиондон өйдө болгон катталуучуларыбыз бар. Азыр айрым "Инстаграм" баракчаларыбыздын геомаалыматтарына башка мамлекеттерди киргизип, эптеп иштеп жатабыз. Бирок ал канчага жетет, билбейм”.

Азыр эми Орусиядагы мекендештер үчүн "Телеграм" каналдары популярдуу боло баштады. Бирок Instagram баракчасы аркылуу каражат таап, киреше көргөндөр ишин кантип улантуунун айласын билбей турат дейт Талант.

Орусиядагы мекендештердин баарын санаага салган - рублдин куну. 14-мартка карата Улуттук банк 1 рубль 85-87 тыйындын тегерегинде болуп жатканын билдирди. Адатта мигранттар мекенине тапкан айлыгын рубль менен жөнөтүп, сомго которгондо кыйла жогору эле. Тескерисинче, эми андан утулуп жатышат.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

«По своей натуре девочка интеллигентная»: какой растет дочь Тимати с особенностями развития




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Пензенские регбистки выиграли первенство России

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России