Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

"Күйөөм бычак такап, төрт саат тынбай урду"

0

15-мартта 28 жаштагы Медина Дүйшеева аттуу келин өзүнүн Instagram баракчасына аны күйөөсү төрт саат бою ур-токмокко алганын жазып чыкты. Бул факт боюна Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, келиндин күйөөсүнө издөө жарыялады. Милициянын маалыматында кылмышка шектүү Түркиянын жараны.

"Буга чейин урганда кечиргем"

Бишкектин 28 жаштагы тургуну, визажист Медина Дүйшееванын 15-мартта Instagram социалдык баракчасына жүктөгөн сүрөттөрү коомчулукту селт эттирди.

Анда келиндин бети-башы шишип, көгөргөнүн көрүүгө болот. Сүрөттүн жанына Медина 14-март күнү кечинде аны күйөөсү аёосуз сабаганын жазган.

“Ал кадимкидей даярданып, бычактарды плитага ысытып койгон. Бетимди ушундай ыкма менен күйгүзгүсү келдиби же бычактап салууну ойлодубу, аны айта албайм. Мен аны биринчи кол көтөргөндө кечиргем, көрсө ошондо чоң ката кетиргем экем. Мындай адамдар эч убакта өзгөрбөйт тура. Бул менин жашоомдогу эң коркунучтуу түн болду, төрт саат бою сабады. Кокус өлүп калсам, балам апасы жок калмак. Милицияга арыз жаздым, эми артка чегинбейм”.

Келиндин жазышынча, жолдошу менен жети жыл чогуу жашаган. Ал ушул аралыкта күйөөсү кол көтөрүп келгенин билдирди.

“Ал (күйөөсү) урган сайын кечирим сурап, “экинчи урбайм, бала үчүн жашайлы” деп жалдырачу. Боорум ооруп, баламды атасыз өстүрбөйүн деп көп катасына көз жумгам. Бирок өзүңдү дайыма эле курмандыкка чала берүүгө болбосун түшүндүм. Балам чоңойсо, өз жашоосун жөндөп кетет. Сен болсо көңүлүңдү калтырган адам менен коркуп күн кечирүүгө аргасыз болосуң. Ал өтө кызганчаак, менин эмоционалдык-психикалык абалымды жабыркатып, чүнчүтүп салды. Өзүмдүн алдымда өзүм уялып, жаным кейип турат. Бирок мен көтөрүмдүүмүн, баарын жеңип чыгам, себеби уулум бар, жакындарым жанымда. Кыз-келиндерге айткым келет, чоң муштум күйөөгө эч качан чыдабагыла, аялга кол көтөргөн эркек оңолбойт. Бизде зөөкүр күйөөсүнүн ур-тепкисинен каза болгон келиндер көп. Бизди сабаганга эч кимдин укугу жок”.

Мединанын арызы 14-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май ички иштер башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева шектүү издөөгө алынганын айтты.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесине ылайык (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) кылмыш иши козголгон. Учурда Түркиянын жараны Б.Хнын жайгашкан жерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат”.

Медина Дүйшеева Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган миңдеген аялдардын бирөө гана.

Балдарына байланып, күйөөсүнөн кордук көргөн келиндердин айрымдары Мединанын окуясынан кийин өз турмушу тууралуу ачык айтып чыгышты.

“24 жашымда өзүм жакшы көргөн жигитке турмушка чыккам. Төрт жыл жашадык. Алгач баары жакшы болуп жаткан, ата-энеси менен чогуу турчубуз. Кайним үйлөнгөндөн кийин күйөөмдүн ким экенин билдим. Соо кезинде эле кыйкым издеп, сабай турган адат тапты. Бир күнү төбө чачымды жулуп салды. Дагы бир күнү мурдумду сындырды. Ооруканага барганда дарыгерлерге “машина сүзүп кетти, кандай машина экенин көрбөй калдым” деп күйөөмдүн кылыгын жашырып койдум. Дагы бир жолу “тамагыңдын даамы жок” деп чатак салып, басып алып бөйрөккө соккулаган. Андан кийин да асма ийне алып атып араң өзүмө келдим. Соңку сабаганда эсимди жоготуп коюптурмун. Ошондо ата-энеме баарын ачык айтып, төркүнүм алып кетти. Азыр өзүнчө, эркин жашайм. Таякты көп жегендиктен башым дайыма ооруйт. Ошондо эле милицияга арыз жазсам, жок дегенде жазасын алмак экен”,- дейт 30 жаштагы Ширин аттуу келин.

Ширин азыр төрттөгү кызы менен ата-энесинин үйүндө. Азаптан кутулгандан кийин диплому керекке жарап, дарыканалардын биринде фармацевт болуп эмгектенип жатат. Бирок күйөөсүнөн коркуп, бир күнү кол салабы деп коркуп жашап жүргөнүн ачык айтты.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. Маселен, 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөттү.

Аялдардын укугу боюнча иш алып барган “Айкын багыт” уюмунун өкүлү Мунара Бекназарова аялынын кордогон эркектердин аракетин “кыйноо” катары баалап, сөзсүз жоопко тартуу керек деген пикирде:

“Зордук-зомбулук туура эмес, жат көрүнүш экенин айтып, элдин эсине салып турушубуз керек. Ошол эле телеканалдар аркылуу маалымат кампаниясын жүргүзүп, окуу китептеринде жазып, балдарга, бой жеткен улан-кыздарга тынбай айтып туруу зарыл. Зөөкүр адам жазасын алмайынча, зомбулук улана берет. “Мен деле атаңдан ушундай таяк жегем, чыда” деп тарбия берген энелер кызын зомбулукка чыдоого мажбур кылышат. Мединанын окуясы - бул кыйноо. Төрт саат бою уруп, бычакты отко ысытып атайын даярдык көргөн. Демек, бул дагы мыйзамда өзүнчө каралышы керек”.

БУУнун кылмышка жана маңзатка каршы комитетинин иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда келиндердин өз жанын кыюусуна негизги себеп - үй-бүлөлүк зомбулук, чыр-чатактар, кайын-журт менен пикир келишпестик аталган.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр 97-орунга түшкөн. Бул Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө дегенди билдирет.

“Мыйзамдан күчтүү менталитети”

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер жазаны катаалдаштыруу зарыл экенин дайыма белгилеп келет. Азыркы мыйзамга ылайык, аялын ур-тепкиге алган эркек ашып кетсе бир канча суткага камалып же айып төлөп, боштондукка чыгып кетет.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөттү.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин дээрлик бардыгы жазылбаган мыйзамдарга баш ийип берет.

“Мындай окуяларда көпчүлүк учурда маселени акча чечет. Көп үй-бүлөлөрдө аялдар иштебейт жана алар каражат тапкан күйөөсүнө көз каранды. Демек, аял таяк жеп калган күндө да милицияга арыз жазганы менен аны акча менен жаап койгон учурлар катталган. Экинчи, эң маанилүү факт – бул “Эл эмне дейт, бул кырсык” деген стереотип. Арыз жазган аял бир туугандары, кайын-журту, жакындарынын басым-кысымына кабылат. Алар “Эми бир жолу кечирип кой, баарыбызда эле ушундай болгон, ортодо балдарың турат, күйөөңдү каматып жибергениң болбойт” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, аялды арызын кайтартып алууга аргасыз кылышат. Күйөөсү андан кийин деле оңолуп кетпейт,  “менин үстүмөн арыз жазгансың” деп ого бетер ызырынып, таяктайт”.

Юрист, “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айсулуу Айтбаеванын пикиринде үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасы жеңил болгону үчүн кылмыш токтобой келет.

“Укук бузуулар кодексине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адам 40 саат коомдук жумушка тартылат же үч суткага камакка алынышы керек. Жазык кодексине ылайык, шектүү коомдук иштерге тартылат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок кылмыш ишин козгоп, эркинен ажыратуу деген катуу жазага жетиш үчүн жабыр тарткан адамдын колунда “запкы жеп, чалажан болуп калды” деген экспертизанын жыйынтыгы болушу абзел. Тилекке каршы биздин укук коргоо органдары кылмыш ишин козгобогонго аракет кылат. Коомдо да патриархалдык көз караштар басымдуу, милиция запкы жеген аял кооптуу абалда турганын этибар алгысы келбейт. Мисалы, ошол эле Айзада Канатбекованын окуясында апасына “ачуу басар келет, күткүлө” деп коюшкан. Мындай окуялар ондоп саналат. Ошондуктан жазаны мыйзам аркылуу бир аз катаалдаштыруу керек”.

Өлкөдө ондон ашык аялдардын кризистик борбору бар. Аларга турмуштук оор абалга кабылган, күйөөсүнөн же кайын-журтунан запкы жеген кыз-келиндер кайрылат.

Каракол шаарындагы “Химая” аялдарды коргоо борбору үч жыл мурда “Сорос” фондунун каржылык колдоосу менен ачылган. Шаардагы жер тамдардын бирине жайгашкан бул борборго аялдар келип, убактылуу жашап кетет.

Борбордун психологу Мария Личаньюнун айтымында, биринчи кезекте мындай абалга тушуккан аялдарга кесиптик билим берүүгө аракет кылышат. Жылына борборго келген жүздөн ашык аялдын теңинен көбүнүн билими жок.

“Биз алар менен бирге социалдык ишкерликти өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Мисалга, тигүү цехи же кондитердик цехте иштеп кетсе, финансылык жактан эркин болушат. Бул өз кезегинде аялдын өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, алдыга сүрөйт. Андан сырткары юридикалык кеңеш берүү үчүн жактоочулардын акысыз көмөгүн камсыз кылып бергенге аракет кылабыз. Бирок бул аздык кылат. Мамлекеттик органдар, баарыбыз биригип комплекстүү иш алып барганда гана жыйынтык болушу мүмкүн. Менин пикиримде Билим берүү министрлиги мектептерде “үй-бүлөдөгү мамиле же гендердик тең укуктуулук” деген сабактарды киргизгенге далалат кылып, өсүп келе жаткан жаңы муунга туура багыт бериши керек. Болбосо мындай басмырлоонун аягы суюлбайт”.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.





Губернаторы России
Москва

Неделя мэра: новая «Иволга» и комплексное благоустройство





Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Песков рассказал, как аномальная погода повлияла на парад Победы в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России