Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Санкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады

0
Санкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады

Украинадагы согушка байланыштуу Google, Instagram, YouTube, Twitch өңдүү дүйнөлүк ири интернет ресурстарынын Орусияда кызмат көрсөтүүнү токтотушу IT адистер менен социалдык медиаларда иштеген блогерлердин ишин аксатты. Аккаунту Орусияда катталган же негизги аудиториясы ошол жакта жайгашкан кыргызстандык ютуберлер менен стримерлердин көрүүчүлөрү азайып, тапкан кирешеси кыскарганын айтып жатышат. 

10-марттан баштап YouTube видеохостинги Орусиядагы колдонуучулар үчүн монетизациялоо функциясын толук токтотту. Андан тышкары Premium, Music Premium жазылуулары, демөөрчүлүк жана дагы бир катар кызматтары да иштебей калды. Видеохостинг “бул авторлор Орусияда аталган функциялардан киреше албай калат дегенди билдирет” деп түшүндүргөн.

Орусия 4-мартта Facebook, 14-мартта Instagram социалдык тармактарына чектөө киргизди. Буга Meta компаниясынын өз социалдык тармактарында “орус армиясына жана жетекчилигине карата жек көрүү чакырыктарын колдонууга уруксат бергени" себеп болду. Google порталы менен Twitch стриминг кызматы да Орусиядагы кызматтарын өчүрдү. Учурда орус жарандарынын айрым бөлүгү бул социалдык тармактарга VPN кызматынын жардамы аркылуу кирип жатышат. Бирок муну адистер "убактылуу айла" деп жатышат.

YouTube видеохостинги санкциялык кадамга Орусиянын Украинага кол салуусунан улам барганын билдирген. Дүйнөлүк таанымал ири социалдык ресурстардын жабылышынан улам Орусиядагы YouTube менен Инстаграмда контент жасоочулар киреше булагынан заматта айрылып калышты.

Блогерлер Орусиядагы туруктуу кирешесинен айрылды

Инстаграмдын бөгөттөлүшү менен Ютубдун монетизациясынын өчүрүлүшү Орусияда катталып, же ошол аудитория үчүн иш алып барган кыргызстандык блогерлердин ишмердигине кандай таасир кылып жатат?

Instagram бөгөттөлгөндөн бери Орусияда Инстаграмдагы Mekendesh.ru  баракчасы аркылуу жарнама кылып иштеген кыргызстандык Талантбек Орозбек уулунун кардарлары кескин азайып кеткен. Айтымында,  аккаунттарын коммерциялык багытта иштеткендердин аудиториясы кескин азайып жатат.

“Инстаграм аркылуу соода-сатык кылабыз, кызмат көрсөтөбүз. Бизге курстары, медборборлору барлар жарнама беришет. Ар бир постту миң, 2-5 миң рублга жарнамалайбыз. Санкциянын кесепети бизге өтө оор тийип атат. Кардарларыбыздын жумуштары токтоп жатат, иш  начарлап кетти. 14-марттан баштап Орусияда Инстаграмга мыйзам менен тыюу салынды. Ошондон бери бул жактагы мигранттарга иштеген блогерлердин аудиториясы өтө азайып кетти”.

Блогер Азирет Осмоновдун YouTube каналы Орусияда катталган. Анын блогердик ишмердигинин туруктуу каржы булагы монетизациядан түшкөн каражат болсо, айрым учурларда жарнамадан да киреше тапчу. Орусияда монетизациянын өчүрүлүшү аны туруктуу каржы булагынан айрыганын айтат.

“Кыргыз тилдүү канал болгон үчүн менин контентимди Орусияда мигранттар көп көрүшчү. Аудиториямдын 40% орусиялыктар эле. Биздин негизги каржы булагы ошол жактан болчу да, айына орто  эсеп менен 1000 доллар тапчубуз. Эми монетизацияны өчүрүп койду. Мындан ары түз жарнама алып иштей беребиз. Бирок, туруктуу каржы булагыбыздан ажырап калдык. Азыр кризис мезгилинде түз жарнама берүүчүлөр аз болуп жатат”.

YouTube видеохостингинин Борбор Азиядагы тастыкталган өнөктөшү Сунгат Утебулатовдун белгилешинче, Кыргызстанда блогерлердин орто классы калыптана элек. Айына 100 доллардан тартып 5000 доллардан жогору тапкан блогерлер да бар. Маселен, Кыргызстанда Батыш өлкөлөрүнүн жаш көрөрмандары үчүн иштеген ири канал бар экенин, ал жакшы каражат иштеп табарын белгиледи. Адис блогерлер үчүн монетизациянын маанисин мындайча түшүндүрүп берди.

“Орусияга киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен кыргызстандык ютуберлер да жабыр тартышат. Анткени, монетизация – сиздин роликти көрсөтүү учурунда YouTube ага өзүнүн жарнамалык блокторун жайгаштырып, акча иштей турган функция. Тагыраагы, блогердин жарнама берүүчү менен байланышы болбогону менен Google менен YouTube өзүнүн жарнамаларын көрсөткөндүктөн киреше таба берет. Башталгыч блогер катары сиз үчүн бул каражат маанилүү болуп, жакшы жашоо кечиришиңиз мүмкүн. Бирок, эгерде монетизация кошулганы менен сиздин аудиторияңыз Орусиядан болсо, анда сиз акча иштей албайсыз. Мындан жаңы баштаган блогердин иши кыйроого учурашы же каналы жабыр тартып калышы мүмкүн. Мурда жок дегенде жарнама көргөнү үчүн баарына төлөп келсе, эми андай болбойт”.

Адистер блогерлерге Орусиядагы аккаунттарын башка өлкөлөргө, көбүнчө Европалык платформаларга которууну, ютуб каналдын адсенсин (Adsense-Ютуб каналды монетизациялаган кызмат) ошол жакка каттоону сунуштап жатышат. Арийне, бул дагы ютубер үчүн Орусиянын аймагынан жарнама көрсөтүп, көрүүдөн киреше табууга жол ачпайт. Болгону YouTube каналын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

СММ адиси Данияр Абдыбековдун айтымында,  хостингдеги монетизациянын алгоритми боюнча болжол менен 200 миң көрүүдөн орточо 40 миң рубль табууга болот. Ал Орусиядагы чектөөлөрдөн улам ал жактагы кыргызстандык блогерлердин жай которуусуна түрткү болуп жатканын айтат.

“Биздин мигранттар барып Орусияда каналдарды ачышкан. Байкасак, учурда Орусияда иштеген блогерлер менен өзүнүн аудиториясы бар аккаунттар Кыргызстанга кайтып жатышат. Анткени, бул жакта монетизация иштейт. Негизи, Ютубдун позициясын логикалык түрдө карасак туура болот деп ойлойм. Анткени ал кошумча модератор штаттарын ачышы керек. Алар түнү-күнү роликтердин мазмунун текшерип, согушту колдогондорун өчүрүп турушу керек. Кошумча штат алыш үчүн хостингге каржы керек. Ошол себептен дагы монетизацияны токтотуп атат го деп ойлойм”.

IT адистер – заманбап көчмөндөр

Программалык камсыздоолорду жасап иштеген адис Алтынбек Усенбеков Бишкекте отуруп Орусиядагы IT компанияда иштечү. Ал ишкананын чет өлкөлүк өнөштөштөрү буйрутма берүүнү токтотуп койгондуктан, компания да башка жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон.

“Орусия аркылуу америкалык компанияга сырттан кызмат көрсөтөбүз. Акыркы кырдаалдан улам ал компания бат эле Орусиядан чыгып кетти. Биз иштеген "Ярослав" деген кеңседе 200дөй кызматкер иштечү, ошонун баарына чыкканга туура келди. Анткени Америкадагы Microsoft, Google деген чоң-чоң компаниялар орусиялык компаниялар менен иштеше албайбыз деп коюшту. Бул ишканада 5 миң кыргызстандык иштейбиз. Кырдаалдан улам ортодо жумуштар бир аз аксады, азыр кайра ордуна келди”.

Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркынын аналитикалык маалыматы боюнча кыргызстандык программаисттер кирешесинин 93,5%ын экспорттон табат. Статистика боюнча кыргыз программисттеринин эмгектеринин 38,2% АКШга, 16,6% Орусияга жана 15,8% Казакстанга экспорттолот.

Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров Орусиядагы кризистен улам Кыргызстандын IT адистерине ал жактан келчү буйрутма менен кирешенин көлөмү азаярын божомолдойт.

“Бул жерде эң чоң көйгөй - рублдин куну сомдон ылдый түшүп кеткени болду. Биздин компаниялар үчүн Орусия менен кызматташуу пайдасыз болуп калышы мүмкүн. Буйрутманын азайып кетиши да чоң коркунуч эмес, рублдин наркы сомдон аз болуп кетиши ойлондуруп жатат. Мындан улам, биздин компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн. Мурун рубль кымбатыраак болуп, биздикилер арзаныраак жасашчу да. Азыр эми биздин кызматтар Орусия үчүн кымбат болуп калды”.

Орусия да дүйнөлүк социалдык медиалардын жабылышынан соң боштукту толтуруу аракетин көрүп жатат. Колдонуучулардын бир бөлүгү орусиялык Odnoklassniki, VKontakte, Yanex Zen өңдүү платформаларга өтүүдө. Ютубдун ордун RuTube алмаштырса, Инстаграмдын ордуна Rossgram деп аталган социалдык тармак даярдалып жатканы кабарланууда. Социалдык тармактарга чектөө кирерден мурда Орусиянын белгилүү блогери өзүнүн Телеграм каналын жарыялап, мындан ары ошол тармакты колдонорун да айтып келишкен.





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России