Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Орусияны колдогон митинг, согушка каршы чыккандардын соту

0
Орусияны колдогон митинг, согушка каршы чыккандардын соту

22-мартта Бишкектеги Горький гүлбагында Орусиянын Украинадагы аракетин колдогондордун митинги өттү. Ушул эле күнү Украинадагы согушту айыптап, пикетке чыккан укук коргоочулардын соту болду. Алар 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өткөргөн.

Айыпка жыгылган укук коргоочулар

Укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова жана Өндүрүш Токтонасыров 22-мартты Биринчи май райондук сотунда өткөрдү. Алардын иши өз-өзүнчө каралганы менен окшош чечимдер кабыл алынды.

Жыйынтыгында ишти караган сот укук коргоочуларды "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актаган чечим чыгарды. Ал эми Өндүрүш Токтонасыров менен Динара Ошурахунова "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3000 сомдон айып салынды.

Ушул эле берене менен айыпталган Азиза Абдрасулованын иши 24-мартта карала турган болду. Эки укук коргоочуну айыпка жыккан чечим “тыюу салынган жерде акция өткөргөн” деп негизделди.

“Биз Орусиянын Украинага басып киришине каршыбыз. Ал жерде бомба ташталып, жаш балдар өлүп жатат. Ошол эле учурда Орусия элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган токтом Конституцияга каршы келет. Митинг кандайдыр бир коркунуч жарата турган болсо, тыюу салынат. Биздин акция тынч болчу”, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Орусия элчилигинин алдындагы​ акция

Укук коргоочулар 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыккан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Бирок мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагында уюштурса боло турганы кабарланган.

Жактоочу Агзам Дүйшөналиев укук коргоочуларды "Майда бейбаштык" боюнча актаган соттун чечими колго тийгенден кийин протокол толтурган милициянын үстүнөн арыз жаза турган болду.

“Биз арыз менен прокуратурага кайрылабыз. Анткени соттун, прокурордун убактысы кетти. Мындайча айтканда, мамлекеттин ресурстары текке кетти. Негизи эле бул берене мыйзамсыз коюлган. Эми милиция жооп бериши керек”.

Орусияны колдогондордун акциясы

Украинадагы агрессияны сындаган укук коргоочулардын иши сотто каралып жаткан учурда Орусияны колдогондор Максим Горький атындагы гүлбакка чогулушту. Айрымдары "Биз Путин үчүн", "Биз фейкке каршыбыз" деген жазууларды, Орусиянын президенти Влдамир Путин менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун сүрөтүн көтөрүп турушту.

Митингге катышкан саясат талдоочу Бакыт Бакетаев - Орусияны колдоп келгендердин бири.

“Кыргызстан, Орусия, Украина элдери бир тууган болобуз. Бирок, украин бийлиги күнөөлүү деп эсептейбиз. Биз Орусия менен канча жылдан бери чоң мамлекет болдук. Завод-фабрикаларды, ГЭСтерди куруп берди. Ошондуктан кыргыз эли дайыма Орусия менен. Ушундай согушка жеткирген Украина президенти бийликтен кетиш керек. 24 күндөн бери бир тууган эки эл бири-бирин атып жатат”.

Орусияны колдогон митингге эки жүзгө жакын адам катышты. Акцияга келгендердин арасында мектеп окуучулары дагы болгону социалдык тармакта катуу сынга алынды.

Бишкек мэриясы буга байланыштуу билдирүү жасап, "Орусияны колдогон акциядагы балдар шаардагы мектептердин биринде билим алган окуучулар экени аныкталганын" жарыялады.

Мэрия шаардагы мектептер 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникулда экенин белгилеп, "аталган окуучулар иш-чарага аскердик-мекенчилдик клубунун мүчөсү катары катышкан жана ата-энесинин коштоосунда болгон" деп билдирди.

Калаа бийлиги Эмгек кодексине ылайык, клубдун жана мектеп өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги караларын маалымдады.

19-мартта да Ош шаарындагы Токтогул паркында Орусиянын саясатын колдогон акция уюштурулган.

Саясий ишмер Мавлян Аскарбеков акыркы учурда Украинадагы согушка байланыштуу өтүп жаткан митинг-пикеттерге бийлик көңүл буруу керектигин айтат.

“Кыргыз мамлекети орус-украин согушунда калыс позицияны кармана турганын жар салды. Тилекке каршы, акыркы күндөрү бир нече митинг өттү. Бүгүн Горький гүлбагында белгисиз күчтөр митинг уюштуруп, бир топ мыйзам бузуулар болду. Мектеп окуучуларын митингге аралаштыруу, атайын чакырыктарды жасашып, ураандарды кармашты. Тез арада билим берүү министрлиги окуучуларды митингге алып келгендерди жазалаш керек. Ал эми өткөн жумада Орусия элчилигинин астына согушка каршы акцияга чыккандарга айып пул салынды. Менимче, мындай оор учурда мамлекеттин расмий позициясын карманып, өзгөчө Горький гүлбагында өткөн митингдей радикалдуу акцияларга тыюу салыш керек. Бул - өтө опурталдуу маселе. Анткени, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралып жатат”.

Кыргыз бийлиги Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын жарыялаган.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирип, сүйлөшүүлөргө аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Украинадагы согушка байланыштуу эки башка позицияда өтүп жаткан акциялар тууралуу мындай ойдо:

“Биздин Баш мыйзамда бул маселе так, даана жазылган. Анда "Кыргызстан башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпейт. Алардын биздин ички ишке кийлигишүүсүнө жол берилбейт" деп турат. Ошондуктан бийлик, мамлекеттик кызматкерлер бул маселеде башка мамлекеттин ишине кийлигишпейбиз. Ал - Орусия менен Украинанын ички иши. Ал эми коомдук уюмдар өз оюн ачык билдире алат. Орусчул болобу, украинчил болобу элчиликтин астына, сот тыюу салган жерге барбай эле Горький аянтына барып ой-пикирин билдире беришсе, туура болот эле. Алардын башкы максаты маалымат таратууда. Журналисттер алар кайсы жерде өткөрсө барат”.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, бир катар санкцияларды салды.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о развитии фармацевтической отрасли в Москве





Москва

Победительницу "Диктанта Победы" из Томской области наградили в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В Москве будет увеличен объем высокотехнологичной медицинской помощи



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Моргенштерн

Моргенштерн* раскрыл доход от платного телеграм-канала




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Турнир по пляжному волейболу «ЮМР ОПЕН» прошел в Краснодаре

Жители и гости Москвы смогут посетить фестиваль «Московская весна»


ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России