Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Талибдер кыздарды окутуу чечиминен кайтты

0
Талибдер кыздарды окутуу чечиминен кайтты

Ооганстанда "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтү секелек кыздарга мектепке барууга тыюу салынганын жарыялады. Буга чейин талибдер жети айдан бери жабык турган мектептерди 23-марттан тарта ачып, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө убада берген.

"Талибан" өкмөтүнүн Билим берүү министрлиги өткөн аптада бардык окуучуларга, анын ичинде кыздарга 23-марттан тарта мектепке барууга уруксат берилерин айткан.

Министрликтин басма сөз катчысы 22-мартта социалдык тармактарда видео жарыялап, анда окуучуларды куттуктаган эле.

Бирок шаршембиде мамлекеттик Bakhtar News агенттиги министрлик кайра билдирүү таратканын, өлкөдө ислам мыйзамдарына жана ооган элинин маданиятына ылайык план иштелип чыкмайынча мектептер жабык бойдон каларын билдирди.

"6-класстан өйдө окуган кыздарга кийинки буйрукка чейин сабакка келбей турууну эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.

"Талибан" администрациясынын мүчөсү Иномулла Самангани France Press агенттигине мындай чечим чыкканын ырастады.

Ушул эле агенттикке билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Азиз Ахмад Раян "биз бул боюнча комментарий бере албайбыз. Учурда бизге миңдеген мугалимдер керек жана бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы окутуучуларды убактылуу ишке алууга аракет кылып жатабыз" деп түшүндүргөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс Твиттерге "бул кабардын себеби эмнеде?" деп суроо салды.

Ооганстандагы TOLOnews телеканалы шаршембиде эртең менен мектепке келген кабулдук кыздарды кепке тартты. Кыздардын бири класска кирүүгө тыюу салынганын айтып көзүнө жаш алды.

 

Ошондой эле ооганстандык кыздар "Талибан" өкмөтүнүн мындай чечимине нааразылык билдиришти. Кабул шаарынын көчөлөрүнүн биринде ондогон өспүрүм кыз "Мектебиме кирүүнү талап кылам!" деп кыйкырып, жөө жүрүш уюштурушту.

Би-Би-Синин Ооганстандагы кабарчысы Секюндер Кермани Твиттерде "оогандык кыздардын сүйүнүчүн чагылдыруу үчүн мектепке келдим, бирок өкмөттүн жаңы чечимин уккан кыздар азыр ыйлап отурат" деп жазды.

 

Human Rights Watch эл аралык уюму бир күн мурун талибдердин кыздардын мектепке кайтуусуна уруксат берген чечимине ишенбей турганын билдирген.

Былтыр 18-сентябрда Ооганстандын мектептеринде окуу жанданганы менен өспүрүм кыздарга жана мугалим аялдарга мектепке кирүүгө уруксат берилген эмес. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы эркек балдарга жана мугалим агайларга гана билим уясына кайтууга жол берген.

Укук коргоочулар "Талибан" өкмөтү 23-марттан баштап өспүрүм кыздарга окууга шарт түзүүгө убада бергени менен "мектептерди кайра ачуу сапаттуу билим алууну камсыз кылбайт" деп эскертүүдө.

Муну менен катар адистер аялдар арасында зордук-зомбулуктан коркуу, талибдердин көзөмөлү жана басым-кысымы, мугалимдердин жетишсиздиги, талибдердин окуу планындарына киргизген өзгөртүүлөрү жана учурдагы гуманитардык кризис сыяктуу көйгөйлөргө көз жуумп коюуга мүмкүн эмес экенин белгилешет.

 

Былтыр августта Кабулда өкмөттү кулатып, бийликке келген талибдер мындан 20 жыл мурдагыга караганда өзүн ийкемдүүрөөк көрсөтө баштаган. Бирок убактылуу өкмөттүн курамына бир да аял кирген эмес. Жаңы режим бойго жеткен кыздарга окууга тыюу салып, аялдарга жумушка чыкпай турууга буйрук берген.

"Талибан" кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын жарыялаган. Кыз-келиндерге спорт менен алектенүүгө да уруксат берилген жок. Ошондой эле кыз-келиндер мектепте, университетте эркектерден бөлүнүп окушат.

Муну менен катар былтыр ноябрда талибдер Ооганстанда телевизорго чыккан аялдар үчүн жаңы эрежелерди киргизген. Ага ылайык, эми мындан ары аял журналисттер экранга бети-башын жаап чыгууга тийиш.

"Талибан" шариятка каршы келген, ошондой эле "ооган элинин баалуулуктарына" туура келбеген тасмаларды жана телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салган. Кыз-келиндердин телесериалдарга тартылышын таптакыр чектеген.

Кабулда ооган аялдары өз укуктарын коргоп, бир нече ирет көчөгө чыкты. Бирок талибдер аларды күч менен таркатып, демонстранттарды көп учурда сабап, камакка алган учурлары катталды.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Уникальный культурно-досуговый центр «Полярный» достроят в этом году





Москва

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальный культурно-досуговый центр «Полярный» достроят в этом году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В день рождения Петра Чайковского на выставке-форуме «Россия» выступил квартет из Удмуртии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

Суперкамбэк определил нового лидера чемпионата Алипа


Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России