Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Атамбаевдин адвокаты Жаза аткаруу кызматына каршы арыз берилерин айтты

0
Атамбаевдин адвокаты Жаза аткаруу кызматына каршы арыз берилерин айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Жаза аткаруу кызматынын кызмат адамдарын жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага арыз даярдап жатышканын 23-мартта адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтымында, Атамбаев кармалып отурган №47 колониянын дарыгеринин мурдагы президент жүрөк жана омуртка оорусуна байланыштуу камакта кармалбоосу жана сот отурумдарына катышпоосу керектиги жөнүндө жазып берген аныктамасына карабастан кызматкерлер аны шаршемби күнү сотко күчтөп алып барышкан.

Адвокат эшикте кар жаап жатканына карабастан Атамбаевди колониядан ич кийимчен отурган жеринен сүйрөп чыгышканын, шымы менен бут кийимин машинага отургузгандан кийин гана алып барып беришкенин видео көзөмөл камераларынан көрүүгө болорун кошумчалады.  

23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги отурум болмок. Судья отурумду ачык өткөрүүгө уруксат берген. 

Атамбаев сот имаратына жеткирилип, бирок машинадан чыкпай койгонуна байланыштуу отурум 30-мартка которулган.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Биринчи Май райондук соту өкүм чыкмайынча эч кимди күнөөлүү деп айтуу мүмкүн эместигин, адамдын айыбы бар же жогу сотто гана аныкталарын эскертип, Атамбаевге байланыштуу отурумдардын баары ал өзү жана башка айыпталуучулар келбей коюп жаткандыктан башка күнгө которулуп келатканын билдирди.  

Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч кызматкерлеринин операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (RK)





Губернаторы России
Москва

Собянин: В центре «Профессии будущего» обучают 75 востребованным специальностям





Москва

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Премьера спектакля Игоря Бутмана и Константина Хабенского "Петя и Волк"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.

Футболист Тарасов показал средний палец водителю автобуса в Москве

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Антон Шагин поддержал Всероссийский интеллектуальный забег «Бегущая книга»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России