Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

"Балдардын окуусу үчүн автобекетте жашап жатабыз"

0

Арзандатылган май менен кумшекерди издеген ардагерлер. Бишкекте оор турмуштук жагдайга кабылган Жеңиш Шабиковго Саруу айыл өкмөтү жер бөлүп бере турган болду. “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.

"Өкмөт айткан арзандатылган унду базардан таппадык"

Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Шакир Кимсанов өкмөттүн 70 сомдук кумшекер менен литри 130 сомдук өсүмдүк майы аймактарга жеткирилет дегенин радиодон угуп, өзү жашаган жерге жакын базарларды кыдырып таппай койгон. Жардамга муктаж адамдар менен чогуу Жалал-Абад шаарына чейин барып келгенин "Азаттыкка" айтты.

"15-мартта радиодон өкмөт арзандатылган кумшекер менен майды аймактарга жиберди деген маалыматты угуп, 18-мартта өзүмө окшогон ардагерлер, жардамга муктаждар менен Жалал-Абад шаарына бардык. Бирок арзан баадагы унду, майды эч жерден таппай койдук. Сурасак эч ким билбейт. Базарга кирсек, чайкоочулар 3-4 кап кумшекердин үстүнө чыгып отурган экен. Суу майды катар тизип коюптур. Силер кайдан алдыңар десек, бизге өздөрү алып келип берди дешти. Алар кумшекерди токсондон баштап 105 сомго чейин, беш литрлик идиштеги майды 800-900 сомдон сатып жатышат. Көк-Жаңгакта болсо кумшекердин килосу 110 сомдон, суу майдын литри 180 сом сатылып жатат.

Айтайын дегеним, өкмөт арзандатылган азык-түлүктү ар бир райондо бир базага же бир дүкөнгө түшүрүп, анан бир адамга бир килограммдан документин карап туруп берсе, баарына жетмек. Азыр такыр көзөмөл жоктой. Баардык товарды чайкоочулар алып жатыптыр".

Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 35 тонна кумшекер, 15 тонна өсүмдүк майы алып келингенин айтты. Алар толугу менен 23-мартта таратылып бүткөнүн  “Азаттыкка” билдирди:

"Арзандатылган азыктарга мамлекет майдын бир литрин 130 сом, кумшекердин бир килоограммын 70 сом деп баасын коюп берди. Биз бул товарларды айыл өкмөттөргө бөлүштүрүп бердик. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатышты. Бул азыктарды көчөдө саттырган жокпуз, базарга берген жокпуз. Биз соодагерлерге берген эмеспиз. Кумшекер, май тизме боюнча айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери, социалдык коргоо кызматынын адистеринин көзөмөлүндө үймө-үй таратылып берилди. Кимге жетпей калса, бизге же Көк-Жаңгактын мэриясына кайрылсын. Эгер ал адам аз камсыз болгон үй-бүлөдөн болсо, анда берилет. Азыр бизге келген азыктын баарын таратып бердик. Бизге матрезервден (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду-ред.) кабарлашып, керек болсо дагы алып кетсеңер болот дешти. Биздин райондо майга талап жогору болуп жатат. Менимче, дагы 70 тоннадай көлөмдө алып келип таратабыз".

Баасы арзандатылган азыктар тууралуу элде суроолор болсо, Сузак районунун мамлекеттик администрациясына кайрылуусу керектигин айтты. Бул райондо 10 миңден ашуун үй-бүлө жөлөкпул алат, 30 миң пенсионер бар. Ал эми өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны райондо 3 миңден ашуун.

15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйынында, Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирген. Ал 1 миллион килограмм кумшекер менен 500 миң литр өсүмдүк майы өлкөдөгү соода уюмдарына таратыла баштаганын айткан.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

Турмуш шарты оор Жеңиш Шабиковго жер берилет

“Эл үнү” түрмөгүнө Бишкектен кайрылуу калтырган Чынар Базаржанова агасы Жеңиш Шабиковдун укуктук жактан жардамга муктаж экенин айтып, учурда Бишкекте туруктуу жашаган жери жок, күнүмдүк кара жумуштарга тартылып жүргөнүнө тынчсызданган. Чынар Базаржанованын айтымында, Жети-Өгүз районундагы үйү алар бала кезде эле атасы каза болгондон кийин сатылып кеткен, азыр агасына таандык жер тилкеси да, үлүш аянты да жок, көчөдө калган.

"Агамдын эмгегин ар ким пайдаланып, акысын берсе берет, бербесе жок. Өзү психикалык жактан ооруйт. Менин тынчымды алган нерсе, бирөөнүн үйүндө кара жумушта иштеп жүрүп, бир кокустукка кабылса да эч ким билбей калышы мүмкүн. Агам - эч кимдин көңүлүн оорутпаган, жамандыгы жок жакшы адам. Кандай иш болсо да ылгабай, макул боло берет. Биз менен жашаңыз десек эч макул болбой, шарты жок батирлерде күн кечирип жүрөт. Эң өкүнүчтүүсү, агабыздын эч жерде каттоого алынбай калган. Өзүбүз Жети-Өгүздүн Саруу айылынан болобуз. Бирок биз айыл өкмөтүнө кайрылсак, каттоодо жок, эч кандай жер тилке да каралган эмес деп жооп беришти. Үйлөнөйүн десе, аялын алып бара турган жери жок.

“Азаттык” Жеңиш Шабиков менен байланышканда жыл өткөн сайын саламаттыгы оорлошуп баратканына кейиди. Ушул мезгилге чейин турак жай алууга кудурети жетпегенин, кичи мекени Саруу айылына барса, ага жер тилкеси каралбаганын айтты.

"Шаарда күнүмдүк батирде турам. Майда-чүйдө иштерди кылам. Маянам эч нерсеге жетпейт. Саламаттыгым барган сайын оорлошуп баратат. Ошон үчүн айылданбы, шаарданбы жер алып отурукташсамбы деген оюм бар эле. Устачылык колумдан келет. Өзүм Саруу айылынан болом. Бирок, ал жакта эч кандай жер аянты жок экен".

“Азаттык” Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине кайрылып, Жеңиш Шабиковдун жер аянты тууралуу сураштырды. Натыйжада жакын арада боло турган жер трансформациялоо иштеринен кийин жер тилке бериле турган адамдардын тизмесине Шабиков да кошулганын айыл өкмөт башчысы Алишер Нурбек уулу билдирди:

"Биз баарын тактадык. Жеңиш Шабиков Сарууда таятасынын колунда чоңойгон экен. Колубуздан келишинче жардам кылалы. Жер участок берели деп чечтик. Документтерин тууралап бизге келсин. Жакында жер транформациясы жүрсө, 10 сотых жер тилкеси берилет".

"Балдарымдын окуусу деп автобекетте жашап жатабыз"

Жумгал районунун Чаек айылынан Жибек Калыбекова сегиз баласы менен автобекеттин каралбай калган эски имаратында баш калкалап жатканын айтып кайрылды. Ал балдарынын жакшыраак билим алуусу үчүн алыскы Арал айылынан көчүп келиптир. Күйөөсүнүн жол тейлөө ишканасында иштеп, өзүнүн оорукананы тазалап тапкан маяналары тамак ашка да жетпей жатканын айтып, жардам сурады.

"Балдарымдын билими деп Чаекке көчүп келгенбиз. Жолдошум жол тейлөө ишканасында иштейт. Анын да айлыгы эки айдан бери берилбей жатат. Жөлөкпул ала албай калгандыктан, мен да ооруканага тазалоочу болуп ишке киргем. Алган маянам жети миң сом. Биз азыр убактынча автобекеттеги каралбай калган бир имартта жашайбыз. Анын шарты өтө начар. Же жөлөкпул ала албайбыз же “баатыр эне” деген наам берилбейт. Кайрылбаган жерим калбады.

Кимде ким Жибек Калыбековага жардам колун сунгусу келсе, 0501-10-81-19 номери аркылуу байланыша алат".

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.





Губернаторы России
Москва

Собянин: в ТиНАО будет построено 10 детских садов и 11 поликлиник





Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Полина Гагарина

Актриса Самбурская заступилась за сыгравшую в «Красных линиях» певицу Гагарину




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о спорте и ежедневных здоровых привычках

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта в селах Чукотки


Новак Джокович

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России