Көк бөрү ойногон ковбойлор
Ковбойлордун көк бөрү ойногонун көрдүңүз беле? Океандын ары жагында Көчмөндөрдүн спорт федерациясын түзүп, көк бөрүнү жайылтууга салым кошуп жаткан ковбойлор Кыргызстанга келишти. "Азаттык плюстун" командасы алар менен жакындан таанышып, оюнга жана аргымакка болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Ковбойлордун көк бөрү ойногон дымагын байкап көрүңүз!