Жонсон менен Путин Украинанын айланасындагы кризисти талкуулашат
Британ премьер-министри Борис Жонсон 2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу жолдорун телефондон талкууламакчы. Алдыңкы күнү Жонсон Киевде украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөт башчы орусиялык 100 миңден көп аскердин кошуна өлкөнүн чек арасына жакын жерге тартылышы "Украинага каршы кастыктын, балким, эң чоң демонстрациясы болуп калганын" белгиледи. Премьер Батыш диалогду жактарын, бирок “санкциялар да даяр турганын” кошумчалады. Читать дальше...