Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 27.02.2022

Германия: Назарбаевдердин аксарайларын конфискациялоо талабы

Azattyk.org 

Германиядагы Баден-Вюртемберг аймагынын депутаты Йонас Вебер жергиликтүү бийликке кайрылып, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динарага жана күйөө баласы, миллиардер Тимур Кулибаевге таандык 100 миллион евролук мүлкүн конфискациялоону өтүндү. Буга ай башында Назарбаевдердин Германияда табылган баасы асман чапчыган аксарайлары тууралуу журналисттик иликтөө түрткү болгон.

Бишкектеги шайлоо: саат 14.00го карата 26 миңдей адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматыа ылайык, саат 14.00гө чейин Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда шайлоочулардын 11,76%, башкача айтканда 25 823 адам добуш берди. Активдүүлүк жагынан Свердлов округу алдыда: шайлоочулардын 9,42 %, тактап айтканда 16 354 адам келди. Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек. №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25... Читать дальше...

Зеленский Орусия менен Беларуста сүйлөшпөй турганын билдирди

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларус элине видео кайрылуу жасады. Анда Украина Беларустун аймагында Орусия менен сүйлөшпөй турганын билдирди. Мунун алдында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясы Беларуска келгенин жана Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген. Зеленский эгер Беларустун аймагынан агрессивдүү аракеттер болбогондо Киев Минскиде Москва менен сүйлөшүү жүрүзмөк экенин түшүндүрдү. "Силер нейтралдуу болуп турганда биз Минскиде сүйлөшкөнбүз. Читать дальше...



Песков: Орусиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларуска келди

Azattyk.org 

Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Орусия сүйлөшүүлөрдү Беларустун Гомел шаарында баштоого даяр. "Орусия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат", - деген Песков. Маалыматка ылайык, Беларуста украиндер менен сүйлөшүү жүргүзө турган орус делегациясынын курамына Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана башка мекемелердин... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

28-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...2, күндүз 12…17; Талас облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10…15; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1... Читать дальше...

Өкмөт айыл чарба насыясын алгандарды тескейт

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги быйыл айыл чарбасына 30 жылда болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп жатканын билдирүүдө. Өкмөттүн маалыматына ылайык, быйыл айыл чарбасына 26 млрд. сом бөлүнүп жатат. Дыйкан-фермерлер 6% менен насыя ала алат. Буга байланыштуу президент насыяларды той-ашка эмес, чарбага жумшоону эскертип, мамлекет катуу көзөмөлгө алат деп кайрылуу жасады. Айыл чарбасына алынган насыялар канчалык туура пайдаланылат? Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну Майрамбек Кулукеев быйыл айыл чарбасына мурдагыга... Читать дальше...

Чек ара: "Ак-Тилекте" 70тей жүк ташыган машине кезекте турат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде ушул тушта 70тей жүк ташыган машине кезекте турганын билдирди. Маалыматка ылайык, дагы 25те машина жүккө жана ПЧР тестке байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат. Буга чейин кезекте турган машиналардын саны 200гө чейин чамалаган учурлар катталган эле. Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга "Кең-Булуң" өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти. Читать дальше...

Бишкектеги кайра шайлоодо түшкө чейин 15,5 миңдей адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 12.00гө карата шайлоочулардын 7,04%, башкача айтканда 15 461 адам добуш берди. Шайлоочулар Свердлов районунда активдүү болууда, добушканалар ачылган төрт сааттын ичинде 10 038 адам келди. Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда. Читать дальше...



Украинадан 30дан ашык кыргыз жараны башка өлкөгө чыгып кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештерди эвакуациялоого байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, ушул тушта элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар. 27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат. Читать дальше...

Орус аскерлери Харьковго кирип келгени кабарланууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Маалыматта "украин жоокерлери оккупанттарды тазалоого аракет кылып жатканы, облус башчысы жайкын тургундары көчөгө чыкпай турууга чакырганы" айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады. Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус... Читать дальше...

SWIFT системасынан чыгаруу: Орусияны эмне күтөт?

Azattyk.org 

АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрмөй болду. SWIFT деген эмне? SWIFT же Дүйнөдөгү банктар аралык каржы байланыш коому - бул эл аралык акча которууну тез жүргүзүлүшүн камсыздаган коопсуз кат алмашуу системасы. Ал ошондой эле эл аралык соода жүгүртүүнүн үзгүлтүккө учурабашын камсыздайт. Бул системага кирген банктар бири-бирине... Читать дальше...

Бишкектеги кайра шайлоо: саат 10го чейин алты миңдей адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 10го чейин шайлоочулардын 2,69% (5913 адам) добуш берди. Тактап айтканда, добушканалар ачылган эки саат аралыгында Биринчи май шайлоо округунда 1954, ал эми Свердлов шайлоо округунда 3959 адам добуш берди. Бул эки округда жалпысынан 220 миңдей шайлоочу катталган. Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш башталды. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25... Читать дальше...

Шайлоо: үгүт маалындагы бир арыздан улам кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бул тууралуу 27-февралда брифингде Борбордук шайлоо комииссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди. Анын маалымдашынча, Бишкектеги бир мандаттуу эки шайлоо округунда үгүт маалында жалпысынан 38 араз-даттануу түшкөн. Бир фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, дагы үч арыз териштирилип жатат. Укук коргоо органдары кылмыштын курамы болбогонунан улам 11 арызды кароодон баш тарткан. Калгандарына эскертүү берилип, айып пул чегерилди. Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов... Читать дальше...

COVID-19: эки бейтап каза болуп, оору дагы 20 адамдан аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 27-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 478ге жетти, оорудан 2956 адам көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 190дой адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйлөрүндө 700дөй адам дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны бир миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Бишкектеги эки шайлоо округунда добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш башталды.  Бир мандаттуу бул эки округдан  50 талапкер ат салышып жатат. Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25 талапкер бар. Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Орусия Киев облусундагы нефтебазага сокку урду

Azattyk.org 

Киев облусундагы Васильково шаарында Орусиянын соккусу нефтебазага тийди. Маалыматты аталган калаанын башчысы Наталья Балясинович ырастады. "Бүгүн кечке чейин катуу аткылоо, анын ичинде баллистикалык ракеталар менен соккулар болду"-деди ал. Социалдык тармактарда жайылган видеолордо мунай сактоочу база жалбыраттап өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Васильково шаарында эки күндөн бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Бул шаарда авиабаза жана курал-жабдык сактоочу кампалар бар. Ошондуктан украин тараптын билдирүүсүнө караганда... Читать дальше...

Батыш айрым орусиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрөт

Azattyk.org 

Батыш мамлекеттери буга чейин санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрмөй болду. Бул тууралуу АКШ, Евробиримдик, Британия, Канаданын 26-февралдын кечинде биргелешип жасаган билдирүүсүндө белгиленет. Анда «бул кадам банктарды эл аралык каржы системасынан ажыратып, алардын глобалдык масштабдагы ишине кедергисин тийгизет» деп жазылат. Ошондой эле Ак үйдүн расмий сайтына чыккан билдирүүдө жазылгандай, Орусиянын... Читать дальше...

Зеленский Түркия менен Азербайжандын сунушун кубаттады

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжан менен Түркиянын ортомчу болуу сунушун кубаттады. Зеленскийдин айтымында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Москва менен Украинанын ортосунда ортомчу болуп, сүйлөшүү уюштуруп берүүнү сунушташкан. Ушул эле күнү «Франц-пресс» агенттиги өз булактарына таянып жазганына караганда, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышголу телефондон орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен сүйлөшүп, согушту токтотууга чакырган. Читать дальше...

Германия Украинага курал-жабдык жеткирерин билдирди

Azattyk.org 

Германиянын өкмөтү Украинага 1000 танктарга каршы курал жана 500 «Стингер» деп аталган зениттик ракета жеткирерин билдирди. Буга чейин Берлин Украинага курал-жабдык жеткирүүдөн баш тартып келген. «Биз Путиндин армиясынан коргонууда Украинаны колдоо үчүн колубуздан келгенин жасоого милдеттүбүз»-деп жазды Германиянын канцлери Олаф Шольц. Украинанын президенти Владимир Зеленский немис өкмөтүнүн чечимин кубаттады. Буга чейин Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий айрым Батыш мамлекеттерин... Читать дальше...

Орусияда согушка каршы акцияларда 500дөй киши кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын көптөгөн шаарларында үчүнчү күн катары менен Москванын Украинага жасаган чабуулуна каршы акциялар өттү. 26-февралда эле 34 шаарда жалпысынан 500дөй демонстрантты полиция кармап кетти. Митингдерге байкоо жүргүзүп келген "ОВД-Инфо" уюму билдиргендей, жалпысынан үч күндө үч миңдей киши кармалды. Орусиянын агрессиясына каршы акциялар бүтүндөй дүйнө боюнча өтүп жатат. Туринден Токиого чейин адамдар согушту токтотууну талап кылып көчөгө чыгып жатышат. Алар украин желектерин көтөрүп, «Путин... Читать дальше...



Москва

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

«По своей натуре девочка интеллигентная»: какой растет дочь Тимати с особенностями развития




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России