Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 03.03.2022

Ноокат: Нимат агайдын эки бөлмө мектеби

Azattyk.org 

Ноокат районунун Ак-Терек айылында эки бөлмөдөн турган башталгыч мектеп бар. Мында 38 жылдан бери окшош күн кечирген Немат агай иштейт. Ал бир эле учурда мугалим, от жаккыч, кароол жана мектеп директору болуп эмгектенет. Бир бөлмөдө эки класска сабак өткөн Немат агай эми мектепти кеңейтүү демилгесин ишке ашырып жаткандыгын айтып берди.

Ош: гемодиализ борборлорундагы сертификаты жок аппараттар

Azattyk.org 

Ош шаарында гемодиализ борборлорунун кызматына канааттанбаган бейтаптардын даттануусунан кийин шаардык прокуратура алардын ишмердүүлүгүн текшере баштады. Маалыматка караганда, Ошто алты гемодиализ борбору бар. Алардын баары жеке менчик. 28-февралда Ош шаарында жайгашкан “Түрк мед” гемодиализ борборунун алдына нааразы болгон бир нече адам чогулган. Алар борбордогу канды тазалоочу жабдык эскирип, чет өлкөдө мөөнөтү өтүп кеткен аппарат менен бейтаптарды дарылап жатканын айтып чыгышты. Өзүн Нурмухаммед... Читать дальше...

Бишкекте IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Azattyk.org 

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 3-мартта Бишкектеги шаардык муз аянтында башталды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, мелдеш 8-мартка чейин уланат. Саат 16:00дө Кувейт жана Малайзия командаларынын беттеши менен чемпионаттын алгачкы оюну башталды. Мелдешке аталган командалардан сырткары Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышат. Кувейт, Малайзия жана Ирандын командалары Бишкекке кечээ 2-мартта келишкен. Сингапур оюнчулары бүгүн келерин департаменттен маалымдашты. Читать дальше...



Роскомнадзор "Свобода" радиосунун сайтын бөгөттөй турганын эскертти

Azattyk.org 

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосун сайтындагы Украинага байланыштуу материалдарды өчүрүүсүн талап кылып, антпесе сайтты бөгөттөй турганын эскертти. Мунун алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы менен Роскомнадзордун атынан соттун чечими жок алты жаңылык боюнча кабарлама келген. Алар Харьковдогу турак-жайларды аткылоо, Орусиянын сайттарын хакерлердин бузуп салуусу, коңшу мамлекеттеги согуштук аракеттерге карата... Читать дальше...

Оштогу банктардын көбүндө рубль сатылбай калды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы көпчүлүк банктарда рубль сатылбай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кайрылган жарандар билдирип, Орусиядан жакындары которгон акчаларды банктар сом менен гана берип жатканын айтышты. "Азаттыктын" кабарчысы бир катар банктарга кайрылып, адистерден "кассада рубль жок" деген жооп алды. Орусия Украинага басып киргенден бери орус рубли наркын жогото баштаган. Кыргызстанда да арзандап, учурда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу менчик күркөлөрдө 1000 сом 850 рублга барабар болууда. Читать дальше...

TYVcoin кирешеби же алдамчылыкпы?

Azattyk.org 

Акыркы кездери криптовалютанын түрлөрү көбөйүүдө. Учурда кыргызстандыктарды TYVcoin кызыктырууда. Айрымдар анын коопсуз экенин айтып, келечеги бар криптовалюта катары баалса, айрымдар анын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санайт. Бул алдамчылыктын жаңы түрү дегендер бар.  Ачакей пикирлер 22 жаштагы Темирлан Эргешалиев Орусиянын Москва шаарында курьер болуп иштейт. Ал "Телеграм" аркылуу "Тивкойн" жөнүндө маалымат алып, февраль айынын башында 10 даанасын сатып алган. Кийин кызыгып отуруп, шаардагы унаасын "Тивкойнга" алмаштырганын кеп салды. Читать дальше...

Орус жана беларус оюнчулары Бээжиндеги Паралимпиада оюндарынан четтетилди

Azattyk.org 

Эл аралык Паралимпиада комитети (ЭПК) Орусия менен Беларусту Бээжинде өтчү кышкы Паралимпиада-2022 оюндарынан четтетти. Оюн 4-мартта ачылат. ЭПК бейшемби күнкү билдирүүсүндө мындай чара комитеттин башкармалыгынын атайын олтурумунда чечилгенин билдирди. Анда белгиленгендей, бир катар оюнчулар орус жана беларус оюнчулары менен ойноодон баш тартышкан. Мындан сырткары Олимпиада айылдарындагы чыңалуу жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууда маселе чыкканы буга жүйө катары келтирилген.... Читать дальше...

Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кечирим сураганын билдирди

Azattyk.org 

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү түшүнбөстүк үчүн кечирим сурап, келишим күчүндө экенин айтышканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Бийчи даниялык өнөктөштөрү жазган электрондук катты тиркеген. Анда "өлкөңүздү Орусиянын бөлүгү деп ойлоп алыптырбыз. Кечирип коюңуз. Виза беребиз, келишим күчүндө. Орусия аркылуу учууга болбогондуктан кантип келериңизди ойлонуңуз. Балким Казакстан аркылуу?" - деп жазылган. Бийчи Атай Өмүрзаков 2-мартта даниялык өнөктөштөрү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда... Читать дальше...



Министрлик чет жактагы операцияларга катышуу тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Коргоо министрлиги Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча маалыматтарды толугу менен жокко чыгарат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 3-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, республиканын бардык аскердик бөлүктөрү өлкө аймагында. Мамлекеттик чек арадан тышкаркы жерлерде аларды тартуу боюнча пландар жок. Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган. Мындан мурда айрым маалымат каражаттары... Читать дальше...

Кыргызстандыктар Украинада жабыркагандарга каражат чогултууда

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Украинадагы согушта жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам чогулта баштады. Уюштуруучулардын бири Айбек Турдалиевдин айтымында, кайдыгер эмес жарандар тобу акчалай жардам топтоп жатат. Каалоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот: MBank - 0550948888; Элсом - 0550948888; Оптима банк - 4169585343177191. Демилгечи топ Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен да иштешүүдө. "Телеграмда" "Жаша, Украина!" деген канал ачылган. Айбек Турдалиевдин белгилешинче... Читать дальше...

“Бул ооздугу жок инфляция”: кескин кымбаттоолор күтүп турат

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар үчүн кымбаттоолор кадыресе көрүнүш болуп калды окшойт. Дүкөндөрдө ай сайын эле баалар өзгөргөнүн көрөбүз. Бирок, 2022-жылы кырдаал мындан дагы оор болушу ыктымал. Орусиянын Украинага басып киришине байланышкан кырдаалдан кампалар дагы, муздаткычтар дагы бош калышы мүмкүн. Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл инфляция 12 пайыз болорун болжоп турат. Бирок эксперттер муну өтө эле оптимисттик көз караш деп баалап, кымбаттоолор андан кыйла эле жогору болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал тургай... Читать дальше...

Милиция: Жалал-Абадда эки айда төрт киши "Хизб ут-Тахрирден" чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук милициясы 2022-жылдын эки айында аймакта төрт киши Кыргызстанда экстремисттик деп тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев билдирди. Анын айтымында, былтыр диний экстремисттик уюмдардын ишмердигин талкуулаган 600 тегерек үстөл уюштурулган жана 21 киши "Хизб ут-Тахрирден" чыгышкан. Жалал-Абад облусунда 500дөн ашуун адам тыюу салынган ар кандай диний агымдарга мүчө экени аныкталып... Читать дальше...

"Эсимде" изилдөө аянтчасы Украинага тилектештик билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы "Эсимде" изилдөө аянтчасынын командасы Украинада болуп жаткан агрессияга каршылык билдирген кайрылуу таратты. 3-марттагы кайрылууда эгемен мамлекеттин аймагында согуш ачкан орус бийлигинин аракеттери айыпталган. "Кыргызстан Украина сыяктуу эле суверендүү жана көз карандысыз мамлекет. Бул эки өлкөнүн тең куракта болушу жөн жерден эмес. Өкмөттү жана Кыргызстандын президентин эгемендиктин баалуулуктарына жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого чакырабыз. Анткени, агрессивдүү позицияны... Читать дальше...

Байыркы кыргыздар тууну аздектеген

Azattyk.org 

Туу - башка элдердей , мамлекеттердей эле кыргыздарда да маанилүү мамлекеттик символ катары бардык мезгилдерде өзгөчө кастарланып, көзөмөлдө болуп келген. Кыргыз эли тууну мамлекеттик өзгөчө белги катары баалап, мамлекеттин негизги белгилеринин катарында сактап келген. Алардын катарында кыргыз урууларынын, уруктарынын коопсуз карым-катнаштарын камсыз кылуучу бирдиктүү аймак, бардыгына таандык бирдиктүү экономикалык тартип, бирдиктүү тил (же тилдер), бирдиктүү маданият, салт-санаа, үрп-адат, жалпыга... Читать дальше...

COVID-19: Түркияда чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Түркияда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 2-мартта Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди. Министр тыкыр көзөмөлгө алынган беткап эрежеси алынганын, коомдук ачык жайларда беткапсыз жүрүүгө уруксат берилгенин кабарлады. Бирок жабык имараттарда жана транспорттордо беткап эрежеси сакталат. Фахреттин Кожа коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптардан ПЧР-тест талап кылынбай турганын кошумчалады. Ошондой эле, чектөөлөрдүн алынышы өлкөдө... Читать дальше...

Асфальтка бөлүнгөн 520 млн. сомдун дайыны чыкпай жатканы айтылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн 520 млн. сомдун кайда сарпталганы белгисиз. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин тармактык комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. 2016-2020-жылдары планга кирген 80ден ашык көчөнү асфальттоо толук бүткөн эмес. Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын Бишкек шаарынын чарбалык департаментине карызы 772 млн. сомду түзөт. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери жол салууга жана ремонттоого акча каражаты бөлүнүп, бирок айрым тилкелеринде иш азыркыга чейин баштала элегин билдиришти. Читать дальше...

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толду

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өттү. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин парады өттү. "Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат.

Кара-Суунун Кадастр мекемесинин кызматкерлерине иш козголду

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кадастр мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 24,5 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы муниципалдык менчиктеги 24 млн. 592 миң сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесин эч кандай укук аныктоочу документтери жок Б.А. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүп берген. Читать дальше...

Кызыл-Жардагы оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган оорукананын жетекчиси Г.М. адам өлтүрүүгө айыпталган акыл-эси жайында айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

«Классика Победы» в колледже Коркино: памяти поэтов-фронтовиков Юлии Друниной и Булата Окуджавы





Rss.plus
Никол Пашинян

Никол Пашинян наговорил перед разговором // Премьер-министр Армении и президент России обсудят двусторонние разногласия




Депутат Мособлдумы поздравил Днем Победы ветеранов Балашихи

Депутат Мособлдумы Брынцалов поздравил жителей Балашихи с 9 Мая

Работу Wink и «Кинопоиска» могут приостановить за пропаганду ЛГБТ*

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".




Украинадан 200дөй кыргыз жараны чыгарылды

Azattyk.org 

Кыргызстан Украинада согуш башталган бир жумадан бери 200дөй жаранын чыгарып кетти. Дагы ондогон жаран эвакуация болууга даяр экенин айткан, бирок аларды өлкөдөн алып кетүү оор болууда. Өз алдынча чыгып кетип жаткандар да бар. 2-мартка карата кыргыз бийлиги 112 кыргыз жаранын Венгрияга, 42син Молдовага жана дагы 47 адамды Польшага, ал эми сегиз жаранды Румынияга чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин 3-катчысы Эрмек Каныбеков билдирди: “Биз өнөктөштөрүбүз аркылуу жарандарыбызды чыгарып кетели деп атабыз. Читать дальше...

Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо 9-мартка жылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо ишти караган соттун ооруп калганына байланыштуу 9-мартка жылдырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти. Соттун алдында Ураимовдун тарапташтары митингге чыккан, алар соттун ооруп калганына ишенбей турганын билдирип, нааразы экенин айтышууда. Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган. УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Коронавирус 20 кишиден табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 576га жетти. Акыркы суткада коронавирус 20 адамдан аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 169 адам жатат, алардын 24үнүн абалы өтө оор, 68инин абалы оор деп бааланууда. 403 адам үй шартында дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.

Жонсон: 38 өлкө Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылды

Azattyk.org 

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу 38 мамлекет Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды. Бул тууралуу 2-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди. “Путин бул үрөй учурган аракеттерди жасоо менен жазасыз калбай турганы бизге айдан ачык”, - деп айтылат Жонсондун Твиттердеги билдирүүсүндө. Бирок британ премьер-министри Эл аралык кылмыш сотуна кайсы мамлекеттер кайрылганын тактаган жок. 27-февралда Украинанын бийлиги да Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна арыз жолдогон. Читать дальше...

Грузия Евробиримдикке кирүү арызын Брюсселге жолдойт

Azattyk.org 

Грузия Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу арызын 3-мартта Брюсселге жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе 2-мартта журналисттерге билдирди. Ал соңку жылдары Грузия Еврошаркет менен кызматташтыкты күчөткөнүн белгилеп, Брюсселди Тбилисинин өтүнүчүн чукул карап берүүгө чакырды. Грузиянын жетекчилиги Евробиримдикке кирүү тууралуу арызга 2024-жылы кол коюну пландап келген. Бирок бийликтеги партиянын өкүлдөрү “дүйнөдөгү өзгөргөн кырдаалга”... Читать дальше...

Казак президенти Токаев украин лидери Зеленский менен сүйлөштү

Azattyk.org 

2-марттын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Акордонун расмий сайты кабарлагандай, бул сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен ишке ашты. “Тараптар Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдө Украинадагы аскердик иш-аракеттерди токтотуу жана мындан ары болтурбоо багытында макулдашууларга жетишүү маанилүү экенин айтты”, - деп айтылат билдирүүдө. Зеленский Токаев... Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


ММА

Подведены итоги Кубка главы Хакасии по ММА



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России