Орусияда долларды накталай рублге алмаштырууга тыюу салынды
Орусиянын Борбордук банкы коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин билдирүүсүндө айтылды. Башкы каржы көзөмөл мекемеси киргизген чектөөлөргө ылайык, Орусиянын жашоочулары башка валюталык эсеп ачып, доллар, евро же башка акча сала алат. Бирок андан кайра акча алса рубл менен гана акча алууга мүмкүнчүлүгү болот. Валютаны рублга чектөөсүз алмаштыра алат. Мурдагы банктын эсебинен 10 миң долларга чейин гана акчаны чыгара алат. Калган сумма рубл менен гана берилет. Читать дальше...