Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 18.03.2022

Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия Путин баштаган саясатчыларга санкция салды

Azattyk.org 

Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды салды. Чектөөлөр Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерди, олигархтарды, мамлекеттик карыз менен иштеген өкмөттүк мекемелер жана орусиялык банктарды камтыды. Жапон Тышкы иштер министрлиги санкция 15тей адамга жана 9 уюмга киргенин маалымдады. Тизмеде кишилерден Орусиянын тышкы иштер, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик Думанын жана башка мекемелердин өкүлдөрү, ишканалардан "Рособоронэкспорт"... Читать дальше...

Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту башталды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочу Динара Ошурахунованын ишин карай баштады. Милиция кызматкери Аман Кызалаков укук коргоочуга карата айыптоону окуп жатканда залда нааразылык жаралып, сот үзгүлтүккө учурап, кайра уланды. Милициянын айыптоосунда Ошурахунова элчиликтин алдында адаттан тыш жорук жасап, өзүн агрессивдүү алып жүргөнү айтылат. "Мен макул эмесмин. Мунун баары ойдон чыгарылган айыптоо. Биз ал жерде кыйкырган эмеспиз. Читать дальше...

Москвада кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвадагы иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды. Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы  өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык... Читать дальше...



Садыркуловдун өлүмү, бийликтин кандуу жолу

Azattyk.org 

2009-жылы 13-мартта Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги Курманбек Бакиевдин бийлиги бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы коомчулукту нес кылган кандуу окуялардын бири, саясий ишмердин өлтүрүлүшүнө түздөн түз катышкан деп шектелген Санжар Сапарбеков Кыргызстанга кайтып келип, сот жообуна тартылууда.

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду. Бул тууралуу 18-мартта "Азаттык" радиосуна ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ашууда жеңил унаалар өтүп жатат. Бороон-чапкынга карабай жол тазалоо иштери уланууда. 11-март түнү оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Өтмөк ашуусундагы жолдун тазаланбай жатканын айтып, жол тосушкан. Алар облус башчы менен жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин келүүсүн талап кылышкан. Читать дальше...

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун К.К.К. аттуу кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн. УКМК шектүү Бишкек шаарында Кытайдын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып... Читать дальше...

УКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жасалма дипломдорду берүүдөгү мыйзам бузулган учурлар тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик билим берүүдөгү талаптарды аткарбай чет өлкөдө жүрүп, сынактарга барбай эле билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. УКМК буга “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеӊешке депутат болуп, диплом чырынан улам мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованы мисал кылды. Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат... Читать дальше...

Чаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды (видео)

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел, кар көчкү жүрүп 300дөй түтүн жашаган Ак-Таш айылы бир аптадан бери жарыксыз отурат. Бул тууралуу Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбек Абдыкалыков "Азаттык" радиосуна кабарлады. Анын айтымында, көчкү төрт сарайды басып, электр мамыларын бузуп, бир автоунаа кар астында калды. "Айылдын четтеринде көчкү жүрүп, төрт сарайдагы 150дөн ашуун кой, төрт атты басып калды. Электр мамылары көчкү алдында калып, Ак-Таш айылында 4-5 күндөн бери жарык жок. Башка айылдарда деле жарык бирде өчүп... Читать дальше...



Аксы окуясы: акыйкат издеген 20 жыл

Azattyk.org 

17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. "Шейит мазарда” өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, маркумдардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюп, куран окулду. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эскерүү иш-чаралары өттү. 20 жыл мурдагы Аксы окуясы тууралуу Талгат Абжалил уулу айтып берет.

Исманкулов медициналык борбору иштеп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Алмазбек Исманкулов №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан менчик медициналык борбору бейтаптарды кабыл алып, кадимки тартипте эле иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. Ал имаратты ижарага алуу боюнча Бишкек мэриясы менен түзүлгөн келишим күчүндө экенин, ижара акысын төлөө боюнча буга чейин бир да жолу маселе жаралбаганын кошумчалады. “Биз күн сайын телевидениеден: “Борборду жаап салдык. Кетип атышат, аппараттарын алып кетти” дегенди көрүп атабыз. Читать дальше...

Кыргызстан коронавирусту дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды

Azattyk.org 

Республикалык штаб мындан эки жыл мурун, 2020-жылдын 18-мартында Кыргызстан коронавирус инфекциясынын биринчи учурун расмий каттаганын билдирди. Эки жылда өлкө коронавирустун төрт толкунун өткөрдү. Биринчи толкун 2020-жылдын июнь-август айлары, экинчи толкун 2020-жылдын октябрь-декабрь айлары, үчүнчү толкун 2021-жылдын июнь-июль айлары жана төртүнчү толкун 2022-жылдын январь-февраль айлары. Эки жылда Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19ду дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды. Кыргызстандын... Читать дальше...

Бейшеналиевдин ишине нааразылар аны кызматтан кетирүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин акыркы билдирүүлөрү менен ишине нааразы тараптар 18-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын уюштурду. Алардын бири парламенттин мурдагы депутаты Галина Куликова Бейшеналиевдин окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун дарегине айткан сөздөрүн сындады. “Бейшеналиев элдик дарыгерден кечирим деле сурабай эле койсун. Анын кечириминин кереги жок. Биз аны ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Бейшеналиевге окшогон киши саламаттык сактоо министри боло албайт”, - деди Куликова.

ИИМ: Кыргызстанда баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн жабылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат. Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топтор кармалып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лабораториялар аныкталган. Читать дальше...

Базардагы кымгуут. Баалар жасалма көтөрүлдүбү?

Azattyk.org 

Кыргызстанда айрым азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Дүң базарлар менен ири дүкөндөрдө керектөөчүлөрдүн узун кезеги жаралып, текчелерде ун, өсүмдүк майы, кумшекер өңдүү азыктар калбай калууда. Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүүдө? Кайсы азыктар кымбаттап, тартыш болушу мүмкүн? "Бир айлык товарлар 3-4 күндө сатылып кетти"​ Бишкек шаарынын тургуну Акылбек “Дордой Дыйкан” базарына барып, 5 миң сомго эки баштык азык-түлүк алып келген. Ал учурдагы кымбатчылыктан кызыл... Читать дальше...

COVID-19: бир адам каза болуп, 11 кишиден жаңы аныкталды

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 11 адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – алты киши. Чүй облусунда төрт, Ош облусунда бир бейтап. Калган аймактарда жаңы учурлар катталган жок. Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2977 адам каза болуп, 196 миңден көбү сакайып чыкты. Ушул күндөрү 112 бейтап ооруканада, 97 адам үйүндө дарыланууда. Читать дальше...

Кар көчкү түшкөн Долон ашуусу ачыла элек

Azattyk.org 

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна 17-мартта түшкөн кар көчкүгө байланыштуу жол убактылуу жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеме 18-мартта тараткан маалыматка ылайык, Долон ашуусунун эки жеринде кар көчкөн. Ашуунун 294-чакырымында 225 миң метр куб кар көчүп анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн. 296-чакырымында 900 миң метр куб кар көчүп анын 38 миң 250 метр кубу автожолго түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Көчкүнү тазалоого 11 техника тартылып, Өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...



Москва

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Курсант из Владивостока растрогал любимую девушку во время праздничного шествия



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России