Көп улуттуу Үч-Коргондогу Нооруз
Кыргызстандагы көп улуттуу айылдардын бири - Үч-Коргон. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан. Мында кыргыз, тажик, өзбек, түрк, орус, дунган, татар улутундагы элдер жашайт. Алар бири-бири менен чырмалышып, эбак туугандашып бүтүшкөн. Үч-Коргондуктар сүмөлөктү ар кимиси ар кандай жол менен бышырса дагы, ниети, максаты бир - өлкөдө тынчтык, ынтымак, бейпилдик болсо дешет.