Кой-Таш окуясы боюнча сотко жеткирилген Атамбаев отурумга катышкан жок
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн 23-мартта Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга жеткиришип, бирок кайра колонияга алып кетишти. Себеби Атамбаев аны сотко кайтаруу менен жеткирип барган машинанын ичинен чыгуудан баш тартты. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, буга мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу жагдай жана аны абактан күн суукта жеңил кийимчен алып чыгышканы себеп болду: “Атамбаевди №47 колониядан күч колдонуп, конвой кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Читать дальше...