Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяда ок атылып, эки киши каза болду
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди. Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү кабарланды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып... Читать дальше...