Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 29.04.2022

Султанбаев: президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын укук коргоочулар менен жолугушуусу жөнүндө билдирүү таратты. Жолугушууда президент өлкөдөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашканы, анын ичинде иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү жөнүндө кеп болгону айтылат. Султанбаев  билдиргендей, президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттарын, бирок алар дагы бейтарап, фактыларга таянышы керектигин белгилеген. "Мамлекет башчысынын иликтөөчү журналисттер өз материалдарында бейтараптуулукту... Читать дальше...

Кабулдагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Кабулдагы суфилердин кечилканасында 29-апрелде болгон жардыруудан кеминде жети киши набыт болду. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн өкүлү билдирди. Он бештен ашык киши жараат алды. Набыт кеткендердин жана жараат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү "Азаттыктын" ооган кызматына өлгөндөрдүн саны онго жеткенин айткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек. Өткөн жумада Кундуз провинциясындагы суфилердин кечилканасында болгон жардыруу отуздан ашуун кишинин өмүрүн алып, ондогону жабыркаган. Читать дальше...

Дүйшөмбүдө Орусиядагы тажик мигранттарынын лидеринин соту башталды

Azattyk.org 

29-апрелде Дүйшөмбү шаарында Орусиядагы тажик мигранттарынын лидери, жыл башында Тажикстанга экстрадицияланган Амриддин Аловаштаевдин соту  башталды. Ал "кишилерди барымтага алуу" сыяктуу оор кылмыштарга барган деп айыпталууда. Анын жакындары мунун баары ойдон чыгарылган айып деп, четке кагып жатышат. Тажик бийлиги Аловатшоев февралдын башында алып келингенин билдирген. Активисттин айланасындагы окуялар тажик прокуратурасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы төрт күндүк демонстрациялар боюнча жаңы иликтөө баштаган маалга туш келди. Читать дальше...



Казак премьеринин сапары: Чек арадагы тоскоолдук качан токтойт?

Azattyk.org 

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Эки өлкө ортосундагы жүк агымын өткөрүүдөгү тоскоолдуктар, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташтыктын абалы талкууланды. Буга чейин кыргыз тарап Казакстанды экономикалык блокадага айыптап, бийликти ага каршы чара көрүүгө чакырган. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон... Читать дальше...

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жыйынында протоколго кол коюлду

Azattyk.org 

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташытыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган. Казак мамлекет башчысы Касым Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапары да талкууланганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады. Читать дальше...

Москвадагы Жеңиш парадына бир да чет өлкөлүк лидер катышпайт

Azattyk.org 

Орусия Жеңиш майрамын белгилөөгө бир да чет өлкөлүк лидерди чакырбаганын Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдирди. "Жеңиш майрамына биз чет өлкө лидерлерин чакырган жокпуз. Анткени бул юбилейлик дата эмес",-деди Песков. Жеңиш парады Москвада 9-майда өтөт. 2021-жылы башка мамлекеттердин лидерлеринен жалгыз Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышкан. Батыш лидерлери Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан бери Жеңиш парадына катышуудан баш тартып келишет. 2005-жылы Улуу Ата Мекендик... Читать дальше...

ИИМ Оштогу мектеп окуучусун ала качуу окуясы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Ошто жашы жете элек кыздын турмушка чыккандыгы боюнча тараган видеого облустук милиция түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айыл аймагында болгон. “Ушул айда Көк-Арт айылынын 20 жаштагы тургуну 11-класстын окуучусу Н.М. аттуу кызды турмуш куруу максатында үйүнө алып барган. Ошол эле күнү кыздын апасы милиция менен баланын үйүнө барганда кыз өз макулдугу менен келгенин айткан. Мыйзамда жашы жете электер менен никеге турууга уруксат жок экени айтылып... Читать дальше...

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады. Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон. Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан. 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен. 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев... Читать дальше...



Транспорт министрлиги акы төлөнө турган жолдор боюнча долбоорлорду сунуштайт

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  өлкө аймагындагы автоунаа жолдорун тейлөөгө кеткен каражатты табуунун булагы катары жеке өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартууну караштырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда акы төлөнгөн жолдор боюнча дагы үч долбоор бар. Биринчи долбоор - Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү 105 чакырым түндүк айланма жолу. Бул жолду реконструкциялоо жана аны тейлөөгө 150 млн. доллар керектелет. Жеке компания жолду 12-13 жылга чейин ала алат. Читать дальше...

Түркмөнстан Голливуд каармандары түшүрүлгөн кийимдерге тыюу салды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Балкан облусундагы бала бакчаларда "Голливуд" жана "Дисней" мультфильмдеринин каармандары түшүрүлгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салынды. Ошондой эле аймактагы дүкөндөргө чет элдик тасмалардын каармандарынан жасалган куурчактарды сатууга болбойт. Бала бакчалардын тарбиялануучулары эми окшош форма кийип жүрүүгө милдеттүү. Мындай эреже кеминде төрт бала бакчада киргизилгени маалым болду. Ата-энелердин айтымында бала бакчалардын жетекчиликтери жергиликтүү ишканалар гана тиккен формаларды кийүүнү талап кылып жатышат. Читать дальше...

Токаев казак тилинин макамын бекемдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан эл ассамблеясынын кезектеги сессиясында өлкөдөгү тил маселеси тууралуу билдирүү жасады. Ал Казакстан көп тилдүү өлкө экенин, ошол эле учурда казак тили мамлекеттик макамга ээ экенин эске салды. "Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек жана казак тилинин макамын бекемдөө үчүн чараларды көрүү зарыл. Бирок ошол эле учурда башка тилдерди, башка тилде сүйлөгөн жарандарды кодулабаш керек",-деди президент. Токаев былтыр сентярбда жасаган кайрылуусунда... Читать дальше...

Аксы: чек арада курман болгон жоокердин ысымы көчөгө ыйгарылды

Azattyk.org 

Өткөн жылы апрелде Баткендеги чек ара чырында окко учкан маркум чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун ысымы Аксы районундагы өзү туулуп-өскөн Дейрес-Сай айылындагы көчөгө ыйгарылды. Бүгүн, 29-апрелде маркумду эскерүү иш-чарасы болуп, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты. Нурсултан окуган мектепке чакан музей ачылып, анда маркумдун сүрөттөрү, колдонгон буюмдары коюлду. Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы туулган. 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп... Читать дальше...

“Манас айылы” комплексин жаңылоонун долбоору жарыяланды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде Бишкек шаарындагы “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Басма сөз кызматынын тараткан маалыматка ылайык, реконструкциялоодо комплекстин аймагына 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйын, курултай өткөрүү залы бар үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Комплекс аймагына Манас театры менен Манас музейи жайгаштырылат. Президент Садыр Жапаров... Читать дальше...

Түркүн түстүү Бишкек

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 144 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек деп түзүлүп, кийин Фрунзе болуп өзгөргөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкек болуп аталган. Борбор калаанын түзүлгөн күнүнө карата анын азыркы эки башка абалын чагылдырган сүрөт баян.

Талиб лидери эл аралык коомчулукту өлкө бийлигин таанууга чакырды

Azattyk.org 

Ооган талибдеринин жогорку руханий лидери Хайбатулла Ахундзада 29-апрелде, Орозо айтты утурлай жасаган кайрылуусунда эл аралык коомчулукту алардын бийлигин таанууга үндөдү. Былтыр августта "Талибан" Кабулду басып алгандан бери алардын бийлигин бир да мамлекет расмий тааный элек. Кыймыл бул жолу шариятка ылайык, жумшагыраак саясат жүргүзөрүн, аялдардын, балдардын укуктарын сактаарын билдирген. Анткен менен, талибдер бийликке келер замат он миңдеген аялды иштен алып, аларга эркек адамдын коштоосу жок саякаттоого тыюу салды. Читать дальше...

ИИМ таанымал адамдар жарнамалаган каржылык уюмдардан сак болууга чакырды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгы акыркы убакта өлкөдөгү таанымал адамдар жарнамалаган турак жай кооперативдери көбөйгөнүн билдирип, тургундарды алданып калбоого чакырган видео тасма жарыялады. Ал тасмада Ички иштер министрлиги 2022-жылы ар кандай мүлк, турак жай кооперативдери боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 139 киши алданып, андагы чыгымдар 66 млн. сом болгону айтылат. Милиция кандайдыр бир каржылык уюмдарга акча салууда сак болууга чакырат. Соңку мезгилде өлкөдө турак жай кооперативдеринен... Читать дальше...

Таштанды жай боюнча мурдагы мэрге издөө жарыяланып, жетекчи кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана анын Г.А. аттуу кеңешчисине издөө жарыяланганын билдирди. Маалыматка ылайык, көзөмөл орган “Бишкектин санитардык полигонуна” бөлүнгөн каражаттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров... Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-казак өкмөт башчылар катышкан жыйын өтүп жатат

Azattyk.org 

Казакстанды премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышып жатат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди. Дарыгерлер тобу анын ден соолугуна көз салып турушат. Читать дальше...


Музыкальные новости
София Ротару

Данил Барановский и внучка Софии Ротару





Rss.plus
Спартак

Тренер "Спартака" Слишкович заявил, что доволен ничейной игрой против ЦСКА




Хоккеисты и тренеры МХК "Тамбов" награждены серебряными медалями Кубка регионов

Сезон фонтанов начался в Подмосковье

Программа «Листая православный календарь» прошла в Воскресенске

"У людей миллионы вложены": Некоторым клиентам криптобиржи Beribit стало плохо, на месте работают врачи




Диплом чыры жана кадр саясаты

Azattyk.org 

Жакында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламентке шайлануу үчүн жогорку билим жөнүндөгү дипломдун кереги жок деп чыкты эле. Ырас, Президент Садыр Жапаров соңку маегинде каршы пикирин билдирди. Бирок бул талаш ушуну менен эле тынчып калбайт окшойт, анткени азыр расмий документтен да ал тастыктай турган билимди текшерүү, баалоо зарылдыгы курчуп турат. Укук менен ыйгарым укукту чаташтырбайлы Адегенде депутаттарга жогорку билимдин кереги жок деген сөздү талдап көрөлү. Ырас, Конституция боюнча... Читать дальше...

Шаяхметов: Чернобылдын табиятын адам талкалады

Azattyk.org 

1986-жылдын 26-апрелде Чернобыль атомдук станциясында кырсык болгон. Кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан кыргызстандык дарыгер, Борбор Азия аскердик батальонундагы жалгыз догдур Искендер Шаяхметов апаатты эскерди.

Таштанды талаасына сиңген миллиондор

Azattyk.org 

Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке аша элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин абасын ыштап жатат. “Азаттыктын” иликтөөсү чыгардын алдында Башкы прокуратура “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланганын билдирди.

Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда Жапаров ишке чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган. Казакстандын премьер-министри Алихан... Читать дальше...

Иерусалимдеги кагылышуудан 40тай палестиналык жабыркады

Azattyk.org 

Иерусалимде палестин демонстранттары менен израл күчтөрүнүн кагылышуусунан 42 адам жабыркады. Алардын жыйырмадан ашууну ооруканага жеткирилгенин Палестинадагы Кызыл Жарым Ай уюму 28-апрелде билдирди. Израил полициясы билдиргендей, башаламандык "Ал-Акса" мечитинин айланасында болгон. Палестин демонстранттары жөөттөрдүн ыйык жайын көздөй таш ыргытышкан. Ал эми израил полициячылары аларга каршы желим окторду колдонуп, жаш чыгарчу газ чачкан. Жөөттөр жана мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген жай... Читать дальше...

УКМК Тажикстан “Байрактарды” сатып албаганын билдирүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Тажикстандын “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап “Байрактарды” чыгарган түркиялык ишкана менен келишим түзгөн эмес. “Ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап "Байрактар" учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка ушуга окшогон түркиялык өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз”... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Строительство больницы началось в микрорайоне Ольгино в Балашихе



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России