Лейлектин Достук айылынын тургундары нааразылык акциясына чыгышты
Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук айылынын тургундары "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалган Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду бошотууну талап кылышууда. "Клооп" басылмасы 10-апрелдеги акцияны жеринен түз чагылдырып жатат. Акцияга чыккандар башкы прокурор Курманкул Зулушевге нааразычылык билдирүүдө. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары 9-апрелде президентке жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысына кайрылуу жолдогон. Читать дальше...