Казакстанда депутаттар Назарбаевдин макамын жоюуну сунуштады
Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийлик сунуштаган өзгөртүүлөр кирсе, биринчи президент Нурсултан Назарбаевге кол тийбестик камсыздаган конституциялык мыйзам күчүн жоготорун билдирди. Бул тууралуу ал 27-апрелде журналисттерге комментарий берип жатып айтты. “Бул өзгөртүүлөр Элбашынын макамын, анын артыкчылыктарын жоёт. Конституцияда анын мамлекетти негиздөөчүсү катары тарыхый ролу калат. Эгер ал норма кирсе, биринчи президент тууралуу мыйзам күчүн жоготот”,-деди ал. Читать дальше...