Назарбаев Январь окуяларынан бери биринчи жолу Казакстандагы иш-чарага катышты
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев январь окуяларынан бери биринчи жолу өлкө ичиндеги иш-чаралардын бирине катышты. Бул тууралуу 19-апрелде Назарбаевдин расмий сайты (elbasy.kz) эки сүйлөм менен кабарлады. Анда Назарбаевдин "Биринчи президент музейинде" уюштурулган "Менин Казакстаным - менин жерим" аттуу жаш балдардын көргөзмөсүнө барып, жаш сүрөтчүлөр менен баарлашканы гана айтылган. Сайттан Назарбаевдин өспүрүмдөр менен түшкөн бир нече сүрөтүн табууга болот. Бирок иш-чарадан эч кандай видео жарыяланган жок. Читать дальше...