Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 17.04.2022

Медиация: чыр-чатакты сотко жеткирбөө аракети

Azattyk.org 

Кыргызстандык медиаторлор корпоративдик жана топтордун арасындагы талаштар менен иштөөнү үйрөнүп жатышат. Медиаторлордун республикалык коомдоштугу болсо май айында жаңы медиаторлорду кабыл алууну баштайт. Кыргызстандын медиация институту жана медиаторлук кызмат тууралуу “Улуттук медиация борборунун” негиздөөчүсү Гүлсина Кожоярова айтып берди.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган 400дөн ашуун айдоочуга ысык тамак берилди

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде Казакстанга кире албай турган жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына ысык тамак берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, 360 жүк ташуучу автоунаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берилип, тамактануучу жайлар дагы уюштурулду. Мекеменин кызматкерлери күнү-түнү ошол жерде иш алып барып жатканы кабарланды.  Буга чейин Министрлер кабинети бул маселе Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик... Читать дальше...

Кыргызстан Кумтөрдүн алтынын кимге сатат?

Azattyk.org 

2021-жылы Кумтөрдүн алтынын сатуудан түшкөн пайда 856 млн. долларды түздү. Мунун көп бөлүгү ишканага сырткы башкаруу киргизилгенден кийин келип түшкөн эле. Бирок былтыртан бери төмөнкү эӊ орчундуу суроо жоопсуз кала берүүдө: эгер бийликтегилер айткандай, Кумтөрдүн алтыны бүт бойдон Кыргызстанда калса, аны ким сатып алат? Так жоопту эч ким билбейт. Мамлекеттин биринчи кишилери гана билишет, бирок өлкөдөгү эӊ ири, азыр мамлекеттик болуп калган ишкананын иш жагдайын ачыкка чыгарбай келишет. Маалыматты Centerra Gold Inc. Читать дальше...



Пакистан "Талибанды" террорчуларга чара көрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Исламабад Ооганстандын талибдер жетектеген өкмөтүн Пакистан жакка сокку урган согушкерлерге каршы “катаң чара” көрүүгө чакырды. "Копсуздук күчтөрү ооган тараптан коюлган  террордук чабуулдардын бутасына айланган учурлар көбөйдү!, - деп билдирди Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 17-апрелде. Анын алдында, ишембиде “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий өкүлү Пакистандын Кабулдагы элчисин чакыртып, Ооганстандын Хост жана Кунар аймактарындагы аба соккусуна байланыштуу нааразылыгын билдирген. Читать дальше...

Жүн менен портрет тарткан Максат

Azattyk.org 

Жумгал районунун Дыйкан айылынын тургуну Максат Сайнидинов кадимки кийизге койдун жүнү менен адамдын элесин түшүрөт. Сүрөтчүнүн эмгектери чет өлкөлөргө чейин бааланып, буйрутма берген кардарларынын аягы үзүлбөйт.

“Бакиев бийликке аттанганда Масалиев батасын берген”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - мурдагы Мамлекеттик катчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нур уулу Досбол. Ал маегинде кантип депутат болгону, эмне үчүн оппозицияга кошулганы, Бакиевге ким бата бергени, Үсөн Сыдыковдун таарынычы, Максим Бакиевдин “империясы”, беш жылда төрт кызмат алмаштыруунун себеби тууралуу айтып берди. - Досбол агай, 2005-жылдагы оппозиция эмне үчүн Курманбек Бакиевди президенттикке, өкмөт башчылыкка сүрөдүңүздөр эле? Башка пикирлерде анын колунда акчасы болгону негизги критерий болгон дегендер бар... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызгирометтин маалыматына ылайык, 18-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 26…31°; Таласта түнкүсүн 6…14°, күндүз 24…29°; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 12…17°, күндүз 28…33°; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 19…24°; Нарындын облусунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 20…25°; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7°, күндүз 4...9 градуска чейин жогору болот. Читать дальше...

Кытайлык астронавттар жарым жылдан кийин Жерге кайтышты

Azattyk.org 

Кытайлык үч астронавт жарым жылдык миссиясын аяктап Жерге кайтышты. Шэньчжоу-13 кемеси ишембиде Ички Монголия аймагындагы Гоби чөлүнө конду. Бул - Кытайдын космос программасынын тарыхында эң узак сапар болду. Анын жүрүшүндө Ванг Цзяпинг алгачкы аял-астронавт катары ачык космоско чыкты. Бээжин бийликтеги Коммунисттик партиянын аскердик канаты башкарган бул тармакка миллиарддаган доллар салып, Айга адамды жөнөтүүнү көздөөдө. Кытай алгачкы жолу астронавтын Жердин орбитасына 2003-жылы учурган, 2013-жылы роботун Айга, былтыр Марска жөнөткөн. Читать дальше...



Рахмон: Кыргызстан менен чек аранын 68,4% макулдашылды

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын жетекчилери жана активисттери менен жолугушууда чек ара маселесине да токтолду. Анын айтымында, тажик тарап 2002-жылдан бери Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. "20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды",- деп билдирди Рахмон. Анын сөзүн тажик президентинин сайты басып чыгарды. Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты... Читать дальше...

Бишкекте Илья Терентьевдин үйүн оңдоо башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы тарыхый объектилердин бири болгон Илья Терентьевдин үйүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Терентьевдин үйүн оңдоп-түзөөгө 11 млн. сом каражат керектелип, курулушун “Дордой” ассоциациясы ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүүнү пландап жатканы айтылган. Терентьевдин үйүн оңдоо демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес. Илья Терентьевдин үйүнүн жанында... Читать дальше...

Иран центрифуга тетиктерин чыгарган цехти Натанзга жайгаштырганын бышыктады

Azattyk.org 

Иран центрифугалардын тетиктерин чыгарган цехти Натанз ядролук заводуна жайгаштырганын бышыктады. Бир нече күн мурун Атомдук энергия боюнча агенттик Тегерандын өтүнүчү менен ал цехтин ишин көзөмөлдөгөн видео камералар орнотулганын билдирген. Бул тууралуу Ислам жумуриятынын маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал жабдуулар азыр жабык турган Караж ядролук жайынан алынып келди. Алардын жардамы менен уран байыткан центрифугалардын тетиктери жасалмакчы. Бул өз кезегинде Ирандын заманбап, ылдам иштеген... Читать дальше...

Израилдин полициясы кагылышуудан кийин Ал-Акса мечитине кирди

Azattyk.org 

Израилдин полициясы коопсуздук күчтөрү менен палестиндер ортосундагы кагышылуудан кийин Иерусалимдеги Ал-Акса комплексине кирди. Жекшембиде эртең менен тартип коргоочулар мечиттин жанындагы палестиндерди сүрүп чыгарып, дагы көптөгөн киши мечиттин ичинде калды. Полициянын айтымына, алар таш менен куралданып, тосмолорду орнотуп алышты. Көп узабай Ал-Аксага жакын жерде кагылышуу болгону кабарланып, палестиналык дарыгерлер 10 киши жарадар болгонун айтышты. Полиция кызматкерлери ыйык жайга жөөттөрдүн баруусун жеңилдетүү үчүн киришкенин... Читать дальше...

Кут конушунун кыйналган тургундары

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунун тургундары 17 жылдан бери социалдык маселелери чечилбей келатканына нааразы. Бул жерде жашап жаткан 350 үй-бүлө балдарын беш чакырым алыстагы Манас айылындагы мектепке жиберет. Кенже балдарын үйүндө кароого аргасыз.

"Курманбек Бакиевге Масалиев батасын берген”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - мурдагы Мамлекеттик катчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Досбол Нур уулу . Ал маегинде кантип депутат болгону, эмне үчүн оппозицияга кошулганы, Бакиевге ким бата бергени, Үсөн Сыдыковдун таарынычы, Максим Бакиевдин “империясы”, беш жылда төрт кызмат алмаштыруунун себеби тууралуу айтып берди.

"Асман": чет элдиктер менен келишим, алмашкан жетекчи

Azattyk.org 

Ысык-Көлгө “Асман” шаарын куруу үчүн франциялык үч компаниянын өкүлдөрү менен 5 млрд. долларлык келишимге кол коюлганы айтылды. Жерди топографиялык изилдөө, трансформациялоо иштери жүрө элек. Ал арада “Асман” шаарын куруу дирекциясынын башкы директору алмашты. Ишкер Тимур Файзиевдин ордуна Руслан Акматалиев дайындалды. Акматалиевдин "Азаттыкка" ырасташынча, президент Садыр Жапаров аны Асман шаарын куруучу мамлекеттик дирекциянын башчысы кылып 12-апрелде бекиткен. Ал шейшембиде долбоорго... Читать дальше...

Бишкек: машине токтотуучу жайлардан дем алыш күндөрү акы алынбайт

Azattyk.org 

Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар дем алыштарда акысыз болорун эскертти. Калаадагы айрым муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар дем алыш күндөрү дагы айдоочулардан акча алып жатканы жөнүндө милицияга көптөгөн арыз келип түшкөн. Учурда милициянын кайгуул кызматы рейд өткөрүп жатат. Акча талап кылгандар боюнча 102 кызматына же 0509 102 122 билдирүү калтырса болот. Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жолдун жээгиндеги машине токтотуучу жайларды менчик ишканалар иштетет. Читать дальше...

Ак-Сайда карышкыр тиш салган келиндин абалы жакшы

Azattyk.org 

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө 22 жаштагы келинге карышкыр кол салып, ооруканага түштү. Учурда анын абалы жакшы экенин акимдин орун басары Болот Абдыжапаров «Азаттык» радиосуна билдирди. «Топозчунун аялы талаада тезек терип жүргөндө карышкыр кол салган экен. Колу-бетин тиштептир. Келин таш уруп, карышкырдан кутулуп кеткен. «Кында» чек ара бекетинен бул кабарды угаарыбыз менен түнү менен аны алып келип, ооруканага жаткырдык, азыр абалы жакшы», - деди акимдин орун басары. Абдыжапаровдун айтымында, келиндин үч баласы бар. Читать дальше...

Караколдо депутат "бейбаштык" беренеси менен кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин 27 жаштагы депутаты Кылмыш жаза кодексинин 280 – беренесине (“Бейбаштык”) шектелип, кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Шектүүнү тинтүү учурунда жанынан уруксат документи жок ок атуучу курал табылган. Милициянын кабарлашынча, ал күнөөсүн моюнуна алып, тергөө абагына камакка алынды. 15-апрелде жергиликтүү тургун аны мурда тааныш эки киши курал менен коркутуп сабаганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Шаардык... Читать дальше...

Кыргызстан-Казакстан жүк ташуучулардын маселесин 19-апрелде талкуулайт

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу машинелердин маселеси боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда макулдашылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алар 15-апрелде Евразия... Читать дальше...



Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

NYU Hospital on Long Island performs miraculous surgery



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России