Жапаров: мөөнөтүм бүткүчө чек ара маселесин чечүү ниетим бар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы чыр-чатак боюнча 13-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды. Ал өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирди. “Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Читать дальше...