Кыргызстандык балбан кыздар АКШдагы мелдеште байге утту
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаш балбан кыздары АКШда өткөн эл аралык мелдеште күмүш жана коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аларды коштоп барган машыктыруучу Үсөн Рыскулов билдирди. Анын маалыматына караганда, мелдеш 10-апрель күнү АКШнын Нью-Йорк штатынын Олбани шаарында өттү. 55 килограмм салмакта күрөшкөн Арууке Кадырбек кызы күмүш, 58 килограмм салмакта Таңчолпон Кыбалбекова коло байгени уткан. Окуу жана машыгуу менен коштолгон эл аралык медешке 19 мамлекеттин спортчулары катышууда. Читать дальше...