Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 22.04.2022

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткарат

Azattyk.org 

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. ... Читать дальше...

Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалимине автоунаа берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты мугалими -2022” кароо-сынагы 22-апрелде жыйынтыкталды. Сынактын баш байгесин Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңип алды. Ага автоуна жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо ыйгарылды. Сыйлоо аземине Жалал-Абд шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы катышып, байгелүү орундарды алган башка мугалимдерге да сыйлыктар тапшырылды. Жылдын мыкты мугалими Максат Абилов алты жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Бул аралыкта... Читать дальше...

Депутатка диплом керекпи? Парламенттеги талаштуу мыйзам

Azattyk.org 

Парламент депутаттарынын билим деңгээли тууралуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи топ буга Баш мыйзам кепилдеген жарандардын бирдей шартта шайлануу укугу чектелип жатканын жүйө келтирди. Кээ бир адистер "диплом жогорку билимдин көрсөткүчү эмес" десе, айрымдар "ченемди алып салуу парламенттин деңгээлин төмөн түшүрөт" деген ойдо. Читать дальше...



Түркмөнстанда ашыкча нан сатып алгандар 15 суткага камалышы мүмкүн

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги ун тартыштыгына байланыштуу мамлекеттик дүкөндөрдө нан сатууга көзөмөлдү күчөттү. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын ("Азатлык") кабарчылары билдиргендей, баш калаа Ашхабадда укук коргоо кызматкерлери жетиштүү көлөмдөн көп нан сатып алган жарандарды аныктоого аракет кылып жатышат. Бул үчүн алар видео жана фотокамераларды колдонушууда. Мындан тышкары полиция дүкөндөрдү кыдырып, кезекте турган кишилерди да сүрөткө жана видеого тартып жатышат. "Алар тиешелүү нормадан көп нан сатып... Читать дальше...

Алиев Арменияны тынчтык келишимине кол коюуга чакырды

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эгер Ереван эки тараптуу тынчтык келишимине кол койбосо, анда Баку Армениянын аймактык бүтүндүгүн тааныбай турганын эскертти. Ал бул тууралуу 22-апрелде Тоолуу Карабактагы Суша шаарында (Шуши) өткөн Дүйнөлүк азери элинин бешинчи курултайында айтты. Ал Баку сунуш кылган тынчтык келишими Армения үчүн "жалгыз жана акыркы мүмкүнчүлүк" экенин белгиледи. "Эгер алар четке какса, анда биз Армениянын аймактык бүтүндүгүн таануудан баш тартабыз", - деди Алиев. Ал... Читать дальше...

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады. Казакбаев кайсыл кызматка бара турганы азырынча белгисиз. 55 жаштагы Руслан Казакбаев тышкы иштер мекемесин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеди. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал 2010-2012-жылдары дагы тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Трендге айланган спорт

Azattyk.org 

Жаздын келиши менен шаар тургундары өздөрүнө ылайыктуу спорт түрлөрү менен алектене баштайт. "Азаттык+" бул ирет кеңири жайылып, трендге айланган спорт түрлөрүн көрсөтөт.

Шинжаңдык 20 үй-бүлө Казакстанга көчүп келди

Azattyk.org 

22-апрелде соңку бир эки жылдан бери биринчи жолу Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан этникалык казактардын ири тобу Казакстандын Алматы шаарына көчүп келди. 20 үй-бүлөнү Алматыдагы аэропортто тосуп алган "Мекендеш өлкө" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мукан Мамытхан бул үй-бүлөлөргө Казакстанга көчүп келүүгө уруксат берген чакыруу мындан беш жыл мурда жөнөтүлгөнүн айтты. "2017-2018 Кытайдагы 100 үй-бүлөгө чакыруу жиберген болчубуз. Алардын алгачкы бөлүгү келди. Биздин эсеп боюнча, жыл соңуна... Читать дальше...



BIZ мекендештерди алыстан алга сүрөйт

Azattyk.org 

Германиядагы кыргызстандык активисттер негиздеген BIZ коомдук бирикмеси Берлинде «II Айымдар форумун» уюштурду. Иш-чарага экс-президенти Роза Отунбаева ардактуу конок болду. Кыргызстандын элчилигинде өткөн жыйынга Европа мамлекеттериндеги диаспоралардын активист айымдары катышты.

Кандуу "Макбет": сахнада сайылган кылыч

Azattyk.org 

Нарын театры 1984-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) Кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылык отчет катарында бир концерттик программа, беш спектакль койду.   Британиянын айтылуу драматургу У.Шекспирдин "Макбет" трагедиясында башкы каарман Макбеттин ролун Капар Медетбеков, Макбет айымды - Роза Заитова, Макдуфту - Акелең Кускаков ойногон. Ошентип зал көрүүчүлөргө толуп, спектакль кызуу жүрүп жаткан.  Финалдык сахнада Макбет менен Макдуфтун кармашып кылыч менен чабышкан жери бар. Ошол сценада экөө кармашып жатып Макбет (Капар аба)... Читать дальше...

Таалатбек Масадыков жумушчу сапары менен беш өлкөдө болду

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 7-20-апрелдеги сапарында бул өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, эл аралык эксперттери менен жолугушканы айтылат. Читать дальше...

Жарамазан – элдин эзелки салты

Azattyk.org 

Тилекке каршы, ааламдашуунун айынан ондогон кылымдардан бери жашап келе жаткан көптөгөн улуттук баалуулуктар, элдик салттар жоголуп кетүү коркунучунда турат. Буга учурда убактыбызды эле эмес, бүт акыл-эсибизди, ой-кыялыбызды ээлеген жаңы технологиялар, интернет ааламы гана эмес, элдин рухий дүйнөсүнө улам барган сайын көбүрөөк сиңишип жаткан диндин таасири да себеп болууда. Айрымдардын "динде жок нерселердин баары арам" деп, кыргыздын миң жылдык тарыхы бар каада-салттарын, ырым-жырым, жөрөлгөлөрүн жокко чыгарып... Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттеште жеңилди. Тыныбекова беттештин биринчи айлампасында бир упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада жапон кызы тогуз упайды эсебине жазды. Таймаштын бүтөрүнө бир мүнөт 40 секунд калганда Айсулуу оң бутунан жаракат алып, дарыгер беттешти уланта албай турганын айтып... Читать дальше...

Баткенде жыл башынан бери 50 килограммдан ашык баңгизат кармалды

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жыл башынан бери 30 килограмм баңгизат кармалды. Бул тууралуу облустук башкармалыктын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары облустук баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан да 22 килограммдан ашык маңзат кармалган. Баткен облустук баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Таалай Искендеровдун айтымында, өткөн айда Кыргызстан жана Тажикстандын... Читать дальше...

РСК менен Айыл банк 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берди

Azattyk.org 

"Айыл чарбасын каржылоо – 10" программасы боюнча ушул убакытка чейин Айыл банк 1,2 млрд. сом, РСК банк 1,3 млрд. сом насыя берди. Бул тууралуу аталган банктардын жетекчилери маалымат жыйынында билдирди. Жалпы жонунан Айыл банк 1 млрд. 231 млн. сомду 2 миң 334 адамга насыя берген. РСК банк республика боюнча жалпысынан 1 млрд. 337 млн. 869 миң сом насыя берген. Насыянын 50% мал чарбасына, 25% дыйканчылыкка жана 25% айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.  Дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алынган. Читать дальше...

Казакстанда Карим Масимовдун жакын тууганына издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы таасирдүү башчысы Карим Масимовдун жакын тууганы Нурлан Масимовго издөө жарыяланды. Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги 22-апрелде билдиргендей, Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Нурлан Масимов "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деп шектелүүдө. "Тергөө соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин кабыл алды. Масимовго издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо боюнча иштер башталды", - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө. Читать дальше...

Кашка-Дарыяда Мирзиёев келер алдында жолдор шашылыш оңдолду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда президент Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында жолдор шашылыш асфальталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы ("Озодлик") жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып билдирди. Алар Мирзиёев келер алдында айрым райондордо үйлөр жана дубалдар шашылыш акталып, тратуарлардын четине гүлдөр отургузулганын, буга миллиондогон сум каражат кеткенин айтып беришти. Мирзиёев бейшембиде аймактардын экономикасы жана калктын жашоо-турмушу менен таанышуу сапарынын алкагында Кашкадарыя облусуна барган. Читать дальше...

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп атады

Azattyk.org 

Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деп кылмыш иши козголгон иликтөөчү журналист Болот Темиров кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады. Анда Темиров 16 жыл мурда болгон окуяларга кайрылып, Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишин "абсурд жана соттук келечеги жок" деп атаган. "Мен ата-энеме жакшы билим бергени үчүн ыраазымын. Мектепти Москвада аяктагам, Москва мамлекеттик университетин бүтүргөм. Орусиянын илимдер академиясында аспирантурада окугам. Орусияда иштегенге бардык мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Читать дальше...

Аткезчилик менен электрондук тамеки ташыган ири канал аныкталды

Azattyk.org 

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип саткан жана Орусияга транзиттик жол менен алып өтүп турган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. 21-апрелде чет элдик жарандан 50 миң доллар опузалап талап кылган, мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны, Орусиянын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Э.Н.И. кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап... Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»





Rss.plus
#123ru.net

Музей – завод «СырКультПросвет» открылся в Угличе




Посадивший самолёт в поле под Новосибирском пилот не может прокормить семью и работает в такси

Синоптик Цыганков: май в Москве начнется с теплой погоды и небольших осадков

Винер заявил о попытках уничтожить художественную гимнастику

Дебошира с самолета Сургут – Москва приговорили к штрафу в 600 тыс. рублей




23-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

23-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун жетекчиси кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сот чечимин пайдасына чечип берүү үчүн К.Ж.К аттуу жарандан 97,5 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар сураган Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.Кны кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.К. аттуу адамдан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 97,5 миң доллар алган. Андан кийин сот системасындагы жогорку... Читать дальше...

Салык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы 1-апрелден тартып карызы бар 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын билдирди. Мындан тышкары 1128 салык төлөөчүнү дагы чет өлкөгө чыгарбоону өтүнүп, Сот департаментине материалдарды жөнөткөнүн айтты. Салык кызматы карызы жүз миң сомдон ашканы боюнча билдирүү берилгенден кийин 15 жумушчу күндүн ичинде төлөбөгөндөргө өлкөдөн чыгууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат. Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматы менен Жогорку... Читать дальше...

Депутат Ташиев министрдин орун басарын жана милицияны айыптады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев 22-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын отурумунда Чүйдүн Шопоков шаарындагы эл аралык окуу жай боюнча маселени көтөрүп, бул ишке билим берүү жана илим министринин орун басары менен жергиликтүү милиция аралашканын айтып чыкты. Депутат аталган окуу жайда студенттерди христиан динине мажбурлап тартуу жүрүп жатканын билдирип, муну мыйзам бузуу деп атады: «Ал жерде райондук ички иштер бөлүмүнө, Билим берүү жана илим министрлигине айтса да эч кандай көңүл бурушпайт экен. Читать дальше...

"Ислам мамлекети" Өзбекстанга ракета аттыбы?

Azattyk.org 

18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тарады. Расмий Ташкент бул маалыматты четке какты. Ал эми Термез шаарынын тургундары өзбек аскердик учактарынын тынбай учуп жүргөнү кооптондуруп жатканын айтууда. "Америка авазы" радиосу экстремисттик топтордун интернеттеги иш-аракетине мониторинг жүргүзгөн SITE Intelligence Group уюмунун дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүнө таянып, “Ислам мамлекети-Хорасан”... Читать дальше...

Нарында буудай аянттары көбөйдү

Azattyk.org 

Азык-түлүккө баанын өсүшү кыргызстандык дыйкандарды дан азыктарын арбын айдоого түртүүдө. Алар күздө ун кымбат болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Ушул күндөрү Нарындын суук аймактарында да буудай айдагандар арбын.



Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Казахстан

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России