Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 06.04.2022

Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаза өтөп жатат

Azattyk.org 

Баш прокурор Курманкул Зулушев 6-апрелде парламенттеги отчетунда Тажикстандын абактарында кармалып турган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Абакта отургандардын маселеси жакын арада пландалып жаткан Тажикстандын баш прокурору менен жолугушууда талкууланышы мүмкүн. Коңшу мамлекетте камакта отурган жарандардын маселесин депутат Шайырбек Ташиев көтөрдү. Ал тажик укук... Читать дальше...

Тентишев жасалма диплом тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары Эркин Тентишев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан жасалма дипломунун айынан четтетилгенин билдирди.  "Азаттык" Тентишев менен байланышканда бул маалыматты четке какты. "Ал менин Советтер Союзу убагында алган дипломум. Мен күндүзгү бөлүмдө окугам, кантип жасалма болот? Биринчиден, ден соолукка байланыштуу, экинчиден, башка ишке өткөнүмө байланыштуу кызматтан кеттим". Тентишевде Эл аралык университет менен Дипломатиялык академиянын дагы дипломдору бар экени маалым болгон. Читать дальше...



Сирия, Ирактагы абактарда 500дөн ашуун кыргызстандык бар экени айтылды

Azattyk.org 

Сириядагы, Ирактагы абактарда 500дөн ашуун кыргызстандык жаран бар. Бул тууралуу 6-апрелде парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Депутат Жалолиддин Нурбаев Сириядагы лагерлерде отурган кыргызстандык кыз-келиндерди, балдарды алып келүү боюнча иштердин чоо-жайын сурады. Зулушев Тышкы иштер министрлиги жана прокуратура аркылуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты. Сириядагы кыз-келиндерин кайтара албай жаткан жарандар 29-мартта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен жардам сурашкан. Читать дальше...

Кумтөр: ЕРӨБ тараптарды келишимдин шарттарын аткарууга чакырды

Azattyk.org 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы акыркы келишимдин шарттарын толук жана өз убагында аткарууга тараптарды чакырды.  Аталган банктын маалыматында келишимге кол коюу маанилүү кадам катары бааланып, маселени биротоло чечүү үчүн эки тарап тең келишимдин шарттарын аткарышы керектиги айтылат.   Банк аталган келишимдин жыйынтыгында Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал жана ага байланыштуу талаш-тартыш маселелер чечилет деген ишенимин билдирген. Читать дальше...

Путиндин кыздары санкцияга кабылабы?

Azattyk.org 

Буча шаарчасындагы кыргынга байланыштуу Батыш Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү көздөп жатат. Айрым булактар ырастагандай, орус президенти Путиндин эки кызы да "кара тизмеге" кошулушу мүмкүн.

Путиндин кыздарына санкция салуу маселеси каралууда

Azattyk.org 

АКШ жана Европа Биримдиги орус президентинин кыздары Екатерина Тихоновага жана Мария Воронцовага санкция салууну караштырып жатканын европалык жана америкалык төрт расмий өкүл "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырасташты. Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Медициналык билими бар экени айтылган 37 жаштагы Воронцова саламаттык сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Орус басылмалары ал Нидерланд жаранына турмушка чыкканын жазышкан. Читать дальше...

Зулушев: Кумтөргө байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголгонун баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Бул тууралуу 6-апрелде ал парламентте бир жылдык ишинин отчетун берип жатканда айтты. Анын белгилешинче, кылмыш иши козголгондордун арасында мурдагы президенттер Акаев менен Бакиев, алты премьер-министр бар. Арасында сегиз адамга айыптоо өкүмдөрү чыккан. Өлкөнүн сыртында жүргөн жети адамдын жана башка шектүүлөрдүн иши тергелип жатат.   2005-жылдагы Март ыңкылабынан... Читать дальше...



Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоору үч окуудан өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты. Каржы министрлиги билдиргендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты - мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Жаңы долбоордо сатып алуулардын жол-жоболоруна төмөнкүдөй сунушталган: - Электрондук... Читать дальше...

Жасалма диплом: тизмеге министр жана мэр кошулду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жасалма дипломдорду, кош жарандуулуктукту аныктоо өнөктүгү тууралуу соңку маалыматтарды берди. Бирок тизмедеги адамдардын аты-жөнүн дагы деле жарыялай элек. Анда жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган. Өткөн айда атайын кызмат жогорку билими тууралуу жасалма документ алып жүрөт деп шек саналгандардын арасында "Бүтүн Кыргызстан "партиясынын тизмеси менен... Читать дальше...

Казакстандын айрым облустарын суу каптады

Azattyk.org 

Казакстанда марттын аягынан бери 185 турак жайды жана 78 дачаны суу каптады. Эки социалдык жай, анын ичинде бир мектеп жарым-жартылай суу астында калды. Бул тууралуу 6-апрелде чукул кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди. Анын айтымында, эң оор абал Батыш Казакстан жана Актөбө облустарында түзүлдү. Министр сууну сордуруп алуу иштери жүрүп жатканын, көлмөлөр көзөмөлгө алынганын кошумчалады. Дагы 285 айыл-кыштакта суу каптоо коркунучу сакталууда. Марттын аягында кар тез эрип, дарыялар жээктен... Читать дальше...

Жапаров казак президентинен чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондо сүйлөшкөндө чек ара маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүндү. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарда тапшырма бере турганын билдирди. Кыргызстан Казакстанга кургактагы чек араларды ачууну биринчи жолу сурап жаткан жок. Ушул жылдын март айында... Читать дальше...

Баш прокурор Бакиевдерди алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирди

Azattyk.org 

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын бир туугандарын алып келип, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев парламентте 6-апрелде бир жылдык ишинин отчетун берип жатканда айтты. Депутат Жанарбек Акаев Бакиевдерди алып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сураганда, Зулушев төмөнкүчө жооп берди: "Башка өлкөдө болгондуктан, прокуратура тарабынан бир нече кат жөнөтүлгөн, бир нече кылмыш иштери козголгон. Читать дальше...

Кыргызстандын аймактарында 7-апрель окуясы эскерилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында 2010-жылдагы 7-апрель окуясын эскерүү иш-чаралары өттү. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Апрель ыңкылабында курман болгон жарандар эскерилди. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты. Эркинбек Маматаев "12 жыл мурда 7-апрелде кыргыз эли бир максатка биригип, өзүнүн эркин көрсөткөнүн" белгиледи. Читать дальше...

Байсалов БУУнун форумунда Кыргызстан чет элдик инвесторлорго кепилдик берерин айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда Кумтөр кени боюнча канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен келишимге жетишилгенин жарыялады. Байсалов БУУнун аймактык комиссиясынын быйылкы форумуна төрагалык кылууда. Жыйынды ачып жатып ал Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн, ири кендер боюнча талаш тынч жол менен жөнгө салынганын билдирди. Кыргызстан мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлай турганын жана... Читать дальше...

Парламент КТРКнын макамы жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Өкмөт сунуштаган долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип, ага облустук мамлекеттик телерадиокомпанияларды да кошуу сунушталууда. Азыркы мыйзам... Читать дальше...

Караколдо жети мектептин аталышы өзгөрдү

Azattyk.org 

Каракол шаардык кеңешинин сессиясында жергиликтүү депутаттар жети мектептин аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды. 31 депутаттын 28и катышкан сессияда Ысык-Көлдөгү жети акенин ысымдары №1, 2, 3, 15, 6, 7, 9 мектептерге берилди. Ал эми саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Караколдогу №5 мектеп алды. Бул мектептердин дээрлик баары советтик лидерлер менен орус акын-жазуучуларынын ысымдарын алып жүргөн.   Жети аке 18-19-кылымдарда кыргыздар үчүн татаал мезгилде эл арасынан суурулуп чыгып, өздөрүнүн даанышмандыгы... Читать дальше...

Парламент баш прокурордун отчётун угуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-апрелде баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчётун угуп жатат. Курманкул Зулушев 5-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин жыйынында көзөмөл органынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген. Анда баш прокурор Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Ал балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана карыларды үй-бүлөлүк зомбулуктан... Читать дальше...

ЕККУ Ички иштер министрлигине кызматтык унааларды тапшырды

Azattyk.org 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси Ички иштер министрлигине жаңы унааларды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. "Жети унаа милициянын көчмө кабылдамаларына, экөө туристтик-экологиялык полицияга бөлүнгөн. Атайын унаалар борбор калаанын Ленин, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылат", - деп айтылат маалыматта. Соңку он жылда ЕККУ... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
Росгвардия

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже дорогостоящего электрооборудования




«Субботник в лесу» прошел во всех лесничествах Подмосковья — Мурашов

Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

Проект мирового масштаба: как модернизация БАМа изменит страну

Загадайте желание. 5 легендарных мест в Москве, где исполняются мечты




Атамбаев өзүн башка колонияга которууну суранганын билдирди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6-апрелде Октябрь окуялары боюнча сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өзүн Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 колонияга которууну тиешелүү жетекчилерден суранганын билдирди. Анын айтымында, бул чечимге азыркы №47 колониядагы өтө оор шарт  жана орой мамиле себеп болду.  “Ал жерде мени мажбурлап жылаңаяк кар бастырбайт деп ойлойм. Башаламандык да азыраак болот. Албетте, мындай нерселерди мен чечпейм, түрмө деген түрмө. Мен болгону №8 колонияга барсам деп сурадым... Читать дальше...

Венгрияны Евробиримдиктин каражатынан ажыратуу жараяны башталды

Azattyk.org 

Европа комиссиясы Венгриянын эреже бузуусун териштире баштады. Бийлик демократиялык нормалардан чегингендиги үчүн өлкө шаркеттин каражаттарынан пайдалана албай калышы мүмкүн. Тиешелүү жараянды баштоо чечими премьер-министр Виктор Орбан кайрадан парламенттик шайлоону жеңгенден кийин кабыл алынды. Евробиримдик буга чейин көп жылдан бери өкмөт башчыны иммиграциялык саясаты, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздабаганы, медианын эркиндигин чектегени, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар үчүн сындап келген. Читать дальше...

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн. евро бөлөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бул макулдашуунун алкагында Евробиримдик Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн. евро өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Анын 27 млн. евросу өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жана 5 млн. евро кошумча колдоого берилет. Евробиримдиктин жардамы Туруктуу өнүгүүнүн 4-5-максаттарына ылайык, инклюзивдик жана адилеттүү... Читать дальше...

БШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин бир мандаттуу Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы боюна жеңүүчү деп табылган Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. БШК бүгүн, 6-апрелдеги жыйынында Атазовго депутаттык мандат жана төш белги тапшырды. 22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту... Читать дальше...

Атамбаев: күч түзүмдөрүнө эмес, элге, бейөкмөт уюмдарга ишенсем болмок

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал  президент болуп турганда күч түзүмдөрүнө, сот органдарына катуу ишенгенин, бул анын чоң жаңылыштыгы болгонун айтты. "Күч органдарына, ошого окшогон түзүмдөргө азыраак ишенип, көбүрөөк элге, ошол эле социалдык тармактарга, бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго ишенсем болмок экен. Менин чоң жаңылыштыгым күч түзүмдөрүнө катуу ишенгеним, бир нерсе жазып келсе, ошого ишенесиң. Читать дальше...

Аба ырайы: 7-апрелде күн ысыйт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31, Талас дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30, Нарын жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндуз... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Мацуев — о московском дерби: Бездарное зрелище. Уснул на 15-й минуте




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Два матча чемпионата Крыма по футболу перенесли из-за массового отравления



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России