Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 01.04.2022

Салафизмдин радикал агымы, динди жамынган топтор

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда салафизимдин такфирист-жихаддисттик агымын кармангандар жанданганын кабарлады. Атайын кызмат маалымдагандай, уюшкан кылмыштуу топ түзүп, адам уурдап, анын жакындарынан ири өлчөмдө акча опузалаган төрт адам кармалды. Териштирүү учурунда ал топтун көпчүлүк мүчөлөрү салафизм агымынын жихадчыл багытын карманган радикалдар экени аныкталган. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Күмүшбек Шабданов уюшкан топ жеке ишкерди уурдап, анын жакындарынан 4 миң доллар талап кылып... Читать дальше...

Жемкорлукту айтып чыккандар темир тор артында калды

Azattyk.org 

Лейлек райондук соту Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров билдирди. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев 25-мартта кармалган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Читать дальше...

Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 1-апрелде өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилөөгө чакырды. “Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем. Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип... Читать дальше...



Оштогу Бабур театрын толук жаңылоо иши сентябрда аяктайт

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын жаңылоо иштери быйыл сентябрь айында жыйынтыкталат. Бул тууралуу 1-апрелде Ошко иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов имаратты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышканы барганда айтылды. 500 көрүүчүгө эсептелген театрдын имаратын жаңылоо иштери 2021-жылдын сентябрында башталган, ага өзбек өкмөтү 5 миллион доллар бөлгөн.   Театрды толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент... Читать дальше...

Бишкектин таштанды талаасына бөлүнгөн акча кайда?

Azattyk.org 

Бишкектин санитардык аймагында таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана ал жерди рекультивациялоо иштерине алынган 22 миллион евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир төгүлгөн талаа толук тазаланбай, полигондун курулушу ордунан жыла элек.

Кыргызстан-Өзбекстан: Чек арадагы кызматташтык боюнча протокол кабыл алынды

Azattyk.org 

Ошто бүгүн 1-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйыны өттү. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Кыргызстанга иш сапар менен келген Абдулла Арипов катышты. Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынды. Кыргызстан цемент, көмүр, кварц кумун, картошка, сүт жана сүт азыктарын Өзбекстанга сатууну көбөйтүүнү сунуш кылды. Пахта тазолоочу, жип чыгаруучу заводдорду, кездеме... Читать дальше...

Орусияда каттоого туруу эрежелери боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда каттоого туруу эрежелери боюнча маалымат берди. Мекеме билдиргендей, 30-мартта Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Миграция боюнча башкы башкармалыгында чет элдиктердин каттоого туруусу боюнча жыйын өтүп, анда миграция мыйзамдарын сактоо керектиги айтылды. Орусияга иштөө үчүн баргандар 30 күн, ал эми окууга же башка максатта баргандар 90 күн ичинде жашаган жеринде миграциялык жана дактилоскопиялык каттоого туруусу, медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарылдыгы эскертилди. Читать дальше...

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өттү

Azattyk.org 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн 1-апрелде иш сапар менен Кыргызстанда болду. «Ош» эл аралык аэропортунан өзбек өкмөтүнүн башчысын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Арипов жана Жапаров эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, чек аралаш облус башчыларынын жыйынына, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы мектептин ачылыш салтанатына видео байланыш режиминде катышышты. Акылбек Жапаров «Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык... Читать дальше...



Өзбекстан Эркечтам–Дароот-Коргон–Үч-Коргон жолун салууга катышуусу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Маалыматта эки өкмөт башчы Эркештам - Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун талкуулаганы айтылат. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун каражаты колдонулушу мүмкүн. 1-апрелде Өзбекстандын... Читать дальше...

Сот жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларын камакта калтырды

Azattyk.org 

Лейлек райондук соту 1-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров билдирди. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып... Читать дальше...

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде пландуу текшерүү жүрүп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде пландуу текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Текшерүүнүн министрдин айткан сөзү менен эч кандай байланышы жок деди прокуратуранын басма сөз кызматы. Прокуратура тараткан маалыматта Саламаттык сактоо министрлигинде жүрүп жаткан текшерүү пландуу иш экени, башка мамлекеттик органдар дагы текшерилип жатканы айтылат. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 31-мартта журналисттерге интервью берип жатып, министрликти прокуратура кызматкерлери текшерип жатканын билдирген. Читать дальше...

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын сатуу боюнча тыюусун алып салды

Azattyk.org 

Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөсүн алганын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде кабарлады. Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат. 15-мартта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган. Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат. ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун... Читать дальше...

USAID кулчулукка кабылган кыргыз жарандарына жардам берүү долбоорун баштады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) адам сатуунун курмандыгы болгон кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча долбоор баштады. Oasis Kyrgyzstan уюму менен бирге ишке ашырыла турган эки жылдык атайын долбоор алкагында аларга гуманитардык, юридикалык, психологиялык жана медициналык колдоо көрсөтүлөт. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде маалымдагандай, кулчулук курмандыгы болгондордун билим алуусуна, баш калкалоосуна, жумушка орношуусуна жардам берилет. Жардамга муктаждар... Читать дальше...

Жогорку сот мурдагы милиционердин өтүнүчүн колдоодон баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы ээнбаштык үчүн айыпталган мурдагы милиция кызматкеринин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу 1-апрелде “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, Нурболот Курбанов Жогорку сотко ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен кайрылган. 29-мартта Жогорку сот бул өтүнүчтү четке какты. Окуя 2019-жылдын 2-августунда Кербен шаарында болгон. Читать дальше...

"Проект": Путиндин дарыгерлеринин арасында онколог бар

Azattyk.org 

"Проект" басылмасынын 1-апрелде чыгарган журналисттик иликтөөсүндө  Орусиянын президенти Владимир Путинге онкологиялык ооруларды хирургиялык жол менен дарылоого адистешкен дарыгер көп келип турары айтылды. Маалыматка ылайык, орус президентин ар кыл визиттерде коштоп жүргөн дарыгерлердин тизмеси басылманын иликтөөчүлөрүнүн колуна тийген. Путиндин жанында дээрлик туруктуу жүргөн дарыгерлердин арасында Борбордук клиникалык оорукананын кызматкери Евгений Селиванов болгон. Улгайган кишилердеги калкан... Читать дальше...

Куудулдар: Сатира сапаты коомго жараша болот

Azattyk.org 

1-апрель эл аралык күлкү күнүн утурлай “Азаттыктын” талкуу төрүндө куудулдар Алтынбек Ажалиев, Союзбек Сейитказиев жана Талас Кашкариев конокто болду. Алар учурдагы кыргыз сатирасынын деңгээли, эл арасындагы байкоолору тууралуу айтып берет.

«Айыл банкка» 271 миллион сом бөлүнүп берилди

Azattyk.org 

Өкмөт «Айыл банкка» 271 миллион сом бөлгөнүн 1-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул каражатты банк фермер-дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга лизинг шартында техника, машина берүүгө гана жумшоосу керек. Лизингдин шарты сом менен жылдык алты процент, мөөнөтү жети жылга чейин болот.    Былтыр өкмөт «Айыл банкка» айыл чарба тармагына насыя берүү үчүн 426 миллион сом бөлгөн. Быйыл 16-февралда өкмөттүн жыйынында... Читать дальше...

Лейлекте жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдө

Azattyk.org 

Баткенде Лейлек райондук сотунун алдында бүгүн 1-апрелде Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштин алкагында кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат. Алар колуна “Урматтуу сот, адилет чечиңиз!”, “Садыр Жапаров, Баткен элине колдоо көрсөтүңүз!”, “Бекжан менен Саатбекке боштондук” деген жазууларды кармап турушат. Жалилов менен Эгембердиевдин бөгөт чарасына байланыштуу маселе Лейлек сотунда бүгүн саат 15те каралат. Читать дальше...

Таштанды талаасындагы жан чыдагыс абал

Azattyk.org 

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Денис Мацуев выступит на фестивале "Владивостокские сезоны" в рамках ВЭФ-2024





Rss.plus
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»




Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья

Как Владимир Кузьмин умудрился трижды сыграть свадьбу с одной женщиной

Зампредседателя Мособлдумы Наумов провел прием граждан в Коломне

Груднички психоневрологического отделения МОЦОМД посетили плавательный бассейн




Сербиядагы шахта кырсыгында кеминде сегиз киши каза тапты

Azattyk.org 

Сербиянын Соко көмүр шахтасындагы жарылуудан кеминде 8 киши каза таап, 20дай жумушчу жараат алды. Расмий маалыматка ылайык, 1-апрелде таңкы саат 5тер чамасында шахтанын бир бөлүгү урап түшкөн. Ага метан газынын жарылуусу себеп болгону кабарланды. Кырсык болгон аймакка жакын жайгашкан Алексинац медициналык борборунун башчысы Родолюб Зивадинович урандылардын алдында дагы жумушчулар болушу мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, Соко шахтасынын бул бөлүгүндө 49 жумушчу иштеп жаткан.

2-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

2-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат,  ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16…21; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 16…21; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15; Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4 градус. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

УКМКнын кызматкеримин деген алдамчы кармалды

Azattyk.org 

Өздөрүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкери деп тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Осмонали Эрматов аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта 2022-жылы январда аталган жаран Равшан Суранов аттуу Тажикстандын жараны аркылуу Жангазы Сарыбаевдин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотууга сөз берип, 7500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алганы айтылат. Эрматов УКМКнын борбордук аппаратында иштерин... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы абак шаар четине көчүрүлмөй болууда

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы абакты шаардын четине көчүрүүнүн каржы маселеси чечилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын айтымында, абакты көчүрүүгө Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан жана Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылынан сегиз гектардан жер тилкелери караштырылып жаткан. Натыйжада Базар-Коргондон көрсөтүлгөн жерге макулдук алынды. Бул абак Жаза аткаруу кызматына караштуу №10 мекеме деп аталат. Азыр ал шаардын ичинде 6,8 гектар жерди ээлеп турат. Читать дальше...

Өзбекстандын премьер-министри жумушчу сапар менен Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Өзбек өкмөт башчысын Ош эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат. Мындан тышкары Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына видео байланыш режиминде катышат. Читать дальше...

Соттолгон бажычы Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болду

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Боронбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мурдагы төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди. БШКнын жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени белгилүү болду. УКМК мындан эки жыл мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, ал өзүнүн... Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Ryan Poles Needs A Last-Minute Review Of His Quarterback Scouting Notes To Ensure Nothing Is Missed



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России