Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 12.04.2022

Чек ара кызматы: кошумча тартылган күчтөр артка кайтарылууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүүдө. Анда жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатат. Читать дальше...

Алимбаев чек арада ок атышуу токтогонун айтты

Azattyk.org 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы ок атышууга байланыштуу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода сүйлөштү. Ал өзү "Азаттыкка" билдиргендей, ок атуу толугу менен токтоду. Чек арага жакын кыргыз айылдарындагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жарадар болгон чек арачыРаззаков шаарындагы Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. "Азыр Лейлек районуна жөнөдүм. Ал жакта Ттжикстандык кесиптештер менен жолугуп, ишти өз жолуна салышка аракет кылабыз. Читать дальше...

Алимбаев: Чек арадагы ок атышуу толук токтоду

Azattyk.org 

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев учурда кыргы-тажик чек арасында ок атышуу толугу менен токтогонун "Азаттыкка" билдирди. Буга чейин мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, эки тараптан бирден чек арачы жараат алганын билдирген. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылаганы кабарланган.



Лейлек: чек арадагы айылдардын тургундары эвакуацияланууда

Azattyk.org 

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арага жакын Интернационал, Максат айылы жана Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Борбордук, Арка, Жаштык айылдарынын тургундары коопсуз жайга өз алдынча чыгарылып жатканы айтылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, эвакуациялангандардын саны так эмес. "Айыл тургундары Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл аймагына чыгарылууда. Абалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта. Лейлектин... Читать дальше...

Кыргызстан тажик тарап чек арага кошумча күч тартканын маалымдады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Бирок чыңалуу сакталып турат. Ага чейин мекеме 12-апрелде саат 22:50дө Лейлек районунун чек аралаш айылдарын миномет менен аткылоону токтотуп, 20 мүнөттөн кийин Баткен районунун “Радар-1” аймагын мезгил-мезгили менен аткылаганын кабарлаган. "Мындан тышкары ок атышуу орун алган аймакка Тажикстан тараптан кошумча куралдуу күчтөр тартылганын" кабарлаган. Маалыматка караганда, аймакта күч кызматтары... Читать дальше...

Чек ара: тажик тарап минометтон аткылоону токтоткону, жараат алган аскердин абалы оор экени айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 12-апрелде саат 22.15те тажик тарап Баткендин "Достук" айылын миномет менен аткылоону токтотконун билдирди. Маалыматка караганда, эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда. Чыр-чатакта жаракат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экени кабарланды. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген, азыр дарыгерлер аны операцияга даярдап жатышат. Акыркы кабарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалган абалда деп бааланды. Читать дальше...

Баткен: жарадар болгон чек арачыга операция жасалат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жараат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экенин билдирди. Маалыматка караганда, ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилди,   операцияга даярдалууда. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курч деп баалады. 12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан. Читать дальше...

Кыргызстан тажик чек арачылары Достук айылын миномет менен аткылай баштаганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонулган чатак орун алганын маалымдады. Мекеме билдиргендей, 12-апрелде кечки саат 21.17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан. Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылды. Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган. "Андан... Читать дальше...



AI Ирандын бийлиги түрмөлөрдү өлүм жайына айлантты деп сындады

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Ирандагы түрмө кызматкерлерин адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузуп жатканы үчүн айыптады. Уюмдун 12-апрелде жарыялаган баяндамасында Иран бийликтери камактагы миң адамдын өлүмү боюнча кандайдыр бир көз карандысыз иликтөө жүргүзүүдөн баш тартканы жазылган. Алардын өлүмүнө медициналык жардамдын убагында көрсөтүлбөгөндүгү себеп болгону белгиленген.  "Иран бийлигинин адам өмүрүнө жасаган кыянат мамилесинен улам ал жактагы түрмөлөр өлүмдү күтүүчү жайларга айланган. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, эки тараптан бирден чек арачы жараат алганын билдирди. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылаганы кабарланды. "Ок атышуу 30 минутага жакын созулган" Расмий маалыматта, "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылды. "Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Читать дальше...

Пенсиялык түзүмдү реформалоо: Эмне өзгөрөт?

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин пенсиялык түзүмдү реформалоо демилгеси коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бул демилгенин концепциясы 11-апрелде парламенттик угууда талкууланып, реформа зарыл экендиги белгиленди жана реформага тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке жөнөтүү сунушу берилди. Пенсиялык системаны реформалоонун зарылчылыгы эмнеде жана кандай максатты көздөйт?

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, жараат алгандар бар экени кабарланды

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарлады. Расмий маалыматта "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылды. "Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп... Читать дальше...

Мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо системасы калыбына келтирилди

Azattyk.org 

Мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн ачылган mektep.edu.gov.kg сайтынын иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу сайттын иштөө жоопкерчилигин алган мамлекеттик "Инфоком" мекемесинин жетекчи орун басары Асел Кененбаева билдирди. Аталган сайт кайрадан жаңыланып, 11-апрелде ишке кирген учурда катталуу иши үзгүлтүккө учурап, балдарын каттай албаган ата-энелер даттанган. Алгачкы иш башталган учурда сайттын иши утур-утур узгүлтүккө учурап жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев да ырастаган эле. Читать дальше...

Евробиримдик орус авиакомпанияларын "кара тизмеге" киргизди

Azattyk.org 

Европа биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизди. Алардын арасында "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия", "Ютейр" жана "Урал авиакаттамдары" бар. Эми бул жана башка компаниялардын лайнерлерине шаркетке мүчө өлкөлөрдүн аба майданын колдонууга жана аэропортторуна конууга тыюу салынат. Евробиримдик түшүндүргөндөй, бул компанияларга караштуу учактардын техникалык абалы үчүн кожоюндары да, учакты өндүргөндөр да жооп беришпейт. Евробиримдиктин кара тизмесинде буга чейин эле Ирак... Читать дальше...

Тегеран "Талибандан" Ирандын консулдуктарын коргоону талап кылды

Azattyk.org 

Тегерандын Ооганстандагы консулдуктарына жасалган кол салууга байланыштуу Кабулдун убактылуу ишенимдүү өкүлү Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 12-апрелде жазышты. Министрлик "Талибандан" Ооганстандагы Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн коргоону талап кылды. Буга чейин Ирандын Гераттагы консулдукту таш бараңга алынып, айрым бөлүгү өрттөлгөн. Ушундай эле окуя Кабулдагы консулдукта болгон. Буга "ирандык чек арачылар ооган качкындарды сабап... Читать дальше...

Жиу-житсудан Зулкайнар Шайбек уулу күмүш медал утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Орландо шаарында өткөн жиу-житсу боюнча PAN American championship эл аралык мелдешинде күмүш медал утту. Мелдеште спортчу көк кур категориясында 64 килограммга чейинки салмакта чыгып, үч атаандашын уткан. Финалда колумбиялык Рикардо Е Каламариге жеңилип калды.  Ал март айында Даллас шаарында өткөн IBJJF Dallas open эл аралык мелдешинде спорттун ушул түрүнөн 68 килограммга чейинки салмакта No-Gi категориясында алтын, Gi категориясында күмүш медалдын ээси болгон. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында эки күндө аткезчилердин төрт жүгү кармалды

Azattyk.org 

Чек ара кызматынан билдиришкендей 10-11-апрелде Лейлек районда чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган төрт учур катталган. Алар негизинен Тажикстандын аймагына кондитер азыктарын, Кыргызстандын аймагына жашылча-жемиш алып кирүү аракети болгон. Жалпысынан эки күн аралыгында кармалган аткезчилик жүктүн көлөмү алдын ала эсептөөдө 1 млн. 400 сомго бааланган. Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып кетүүгө аракет кылып жатканын... Читать дальше...

"Төрөкул Айтматов менен бир камерада отурдум"

Azattyk.org 

Жапар Калымбаев аксакалды бала кезибизде көрүп калдык. Мектепке баратканда алдыбыздан салмактуу басып, купайкечен Жапар аксакал кезикчү. Жарыша салам берсек, алкап коёр эле. Аксакалдын кезинде басмачылар менен кармашып, Экинчи дүйнөлүк согушта эрдик кылганын агайларыбыздын оозунан укканбыз. Ал киши классташым Эриктин таятасы эле. Өткөндө классташым учурашканы келип, Жапар аксакал тууралуу сүйлөшүп калдык. Эриктин эскерүүсү Апам мединститутту аяктап диплом алып жатканда таята, таенем менен Фрунзеге (азыркы Бишкек) келдик. Читать дальше...

Башкы прокуратура электр тармагындагы жемкорлук боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2016-2020-жылдар аралыгында электр тармактарындагы коррупциялык иштер териштирилип бүткөнүн маалымдады. Анда айтылгандай, электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз кечүү боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен иш козголгон. "Тергөөдө "Чыгышэлектр" 19 млн. 32 миң 175, "Түндүкэлектр" 39 миллион, "Ошэлектр" 134 млн. 402 миң 234 сом, "Жалалабадэлектр" ишканасынын кызматкерлеринин 12 млн.... Читать дальше...


Музыкальные новости
Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»





Rss.plus
Кремль

Ведущие «Авторадио» исполнили в Кремле культовую песню о самой масштабной стройке XX века




Подмосковье сохранило лидирующие позиции по открытости бюджетных данных

Глава Карелии встретился с заместителем председателя Правительства России в Москве

Захарова назвала дезинформацией заявление США о нежелании России и КНР реформ ООН

Более 14 тысяч школьников Ступино приняло участие в Дне добрых дел




Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болуп дайындалды

Azattyk.org 

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 12-апрелде билдирди. Эрлан Абдылдаев 56 жашта. Ал 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, быйыл февраль айында кызматтан алынган. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков быйыл февралда жумуштан алынган, ошондон бери бул орун бош турган. Читать дальше...

Депутат алтын сатып алгандар нааразы болуп жатканын айтты (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Улуттук банктан алтын куймаларын сатып алгандар анын баасы түшүп кеткенине нааразы болуп жатканын билдирди. Мындай маселени ал 11-апрелде парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. “Президент “алтындын баасы өзгөрбөйт, түшпөйт” дегенден кийин алтынды көп алып, чогулткан акчасын алтынга салып койгондор бар. Эми алардын айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп “Тез жардам” алып кеткендер да бар экен”, - деди Мажитова. Читать дальше...

АКШ Балкан мамлекеттериндеги жети адамга санкция киргизди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Балкандагы төрт мамлекеттеги жети адамга "жемкорлук, кылмыштуу ишмердүүлүк жана башка аракеттери менен аймактын стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратып жатат" деген айып менен санкция киргизди. Бул тууралуу Американын Каржы министрлиги 11-апрелде билдирди. "Кара тизмеге" киргендерин арасында Монтенегронун Демократиялык партиясынын төрага орун басары Светозар Марович бар. Ал 2015-жылы курулуш долбоорлорундагы жемкорлукка шектелип камалган. Көп өтпөй, ал күнөөсүн мойнуна алып, шарттуу бошотулары менен Сербияга качып кеткен. Читать дальше...

Баткенде мэрдин айдоочусу сүзүп кеткен бала эсине келе элек

Azattyk.org 

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун айдоочусу Абдулазиз Бурканов мэрдин кызматтык автоунаасы менен сүзүп кеткен 13 жаштагы бала  эсине келе электигин анын атасы билдирди. Анын айтымында, уулу 10 күндөн бери реанимацияда жатат. Кырсыкка кабылган Абдурахим Курбанбековдун баш сөөгү сынып кеткен жана ошол эле күнү операция жасалган. Ал Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин 6-классынын окуучусу. Окуя Баткен шаарындагы Ленин мектебинин жанында, 2-апрелде тестиер футболдон чыккан учурда болгон. Читать дальше...

Бурмагүл Чабдарова Таластагы медиа борборго кайрадан директор болду  

Azattyk.org 

Талас облустук медиа борборуна Бурмагүл Чабдарова башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Бурмагүл Чабдарова Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология бөлүмүн аяктаган. 1998-2006-жылдары Улуттук телерадио корпорацияда (УТРК), 2006-2019-жылдары Талас облустук телеканалында иштеген. 2020-жылдан баштап аталган медиа борбордун директорунун милдетин аткарып турган. Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты... Читать дальше...

Кыргызстанда эркектер аялдарга караганда сегиз жылга аз жашайт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (UNFPA) маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдарга салыштырмалуу эркектер 7-8 жылга аз жашайт. Аялдардын орточо жаш узактыгы 75 жыл болсо, эркектердики 68 деп эсептелген. 40 жаштан өткөн аялдарга салыштырмалуу эркектердин саны аз. 80 жаштан өткөн эркектердин саны 10 980, алар өзү теңдүү аялдарга салыштырмалуу эки эсеге аз. Дарыгерлер буга эркектер арасында ден соолугуна кайдыгерлиги жана убагында дарты аныкталбай, оорулары өтүшүп кеткен учурлар себеп экенин белгилешет. Читать дальше...



Москва

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Владимир Путин

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России