Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 14.04.2022

Май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрү такталды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн тактады. Ага ылайык, беш күндүк жумуш күнү менен иштегендер 2022-жылдын 1-майынан тарта 9-майга чейин эс алат. 4-майдагы (шаршемби) жумушчу күн 30-апрелге (ишемби), 6-майдагы (жума) жумушчу күнү 14-майга (ишемби) которулду. Май айында Эмгекчилердин эл аралык күнү, Конституция күнү, Жеңиш майрамы белгиленет. Быйылкы Орозо айт дагы май айынынын башында болот. Өлкөдө майрамдардын, даталуу эс алуу күндөрүнүн санын азайтуу сунушу маал-маалы менен айтылып келет. Читать дальше...

Руспубликалык "Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды

Azattyk.org 

14-апрелде Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясында республикалык "Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды. Сынак жаш музыканттарды колдоп, шык берүү, музыка сүйүүчүлөрдү көбөйтүү максатында экинчи жолу уюштурулуп жатат. Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министр Азамат Жаманкулов экинчи жолу өтүп жаткан сынактын деңгээли өскөнүн жана бул жолу катышуучулардын саны да көп болгонун белгиледи. Бул сынак 2021-жылы Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министрлиги жана Калый... Читать дальше...

Нидерландда Ооганстанда согуш кылмыштарын жасаган киши 12 жылга кесилди

Azattyk.org 

Нидерланддын соту теги оогандык кишини согуш кылмыштары жана саясий каршылаштарын кыйноого алганы үчүн айыптап, 12 жылга кести. Гааганын райондук соту 14-апрелде билдиргендей, Абдул Рафиф иш жүзүндө 1983-1990-жылдары Кабулдагы Пул-и-Чарки түрмөсүнүн башчысы болуп иштеген Абдул Разак Ариф экени аныкталган. "Ошол маалда, жарандык согуш жүрүп жатканда абакта ооган режиминин көптөгөн опоненттери адам чыдагыс шартта кармалып келген", - деп белгилеген сот, айыпталуучунун аны башка адам менен амаштырып алышкан деген актануусун четке какты. Читать дальше...



Автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жол кыймылы жөнүндө”, “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берилет. Ал үчүн канча акы төлөнөрү жана төлөм тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган болду. “Мыйзамды кабыл алуу максаты- тартип бузуу... Читать дальше...

“Мамлекет зомбулукка көңүл бурушу керек”

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына баасын берип, зомбулук, паракорлук, сөз эркиндиги өңдүү мисалдарды келтирди. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Динара Ашимова АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасындагы айрым мисалдар чындыкка дал келерин белгилеп, айрыкча үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси көңүлдү өйүтүп турганын белгиледи. Бирок баяндамада өлкөдөгү абалды толук чагылдырат дегенге кошулбай турганын айтты

Бишкекте манасчы аялдарга арналган лекция өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-апрелде "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Мукарам Токтогулованын “Көрүнбөгөн манасчылар:  манасчы аялдардын таанылуу көйгөйлөрү” аттуу ачык лекциясы өттү. Лекцияда Сейде Дейди кызы, Сейдене Молдокеева, Канымбү Абдраимова, Зууракан Сыдыкова, Асаткан Атаналиева өңдүү манасчы жана семетейчи аялдардын өмүр таржымалы тууралуу сөз болуп, алардын коомчулукка таанылбай калган себептери айтылды. Читать дальше...

Казакстан: Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши токтоп турганы айтылды

Azattyk.org 

Музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда Январь окуялары маалында кармалган учурда Жазык кодексинин “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иши, тергөө да убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу музыканттын адвокаты Нурбек Токтакунов 14-апрелде билдирди. "Казакстан ишти убактылуу токтотуп койду. Бизди ал жакка чакырып жаткан. Бирок биз коопсуздук кепилдигин сураганбыз. Казакстандан болсо "келе бергиле, эч нерсе болбойт" дешти, ал кепилдик эмес да. Биздикилер болсо эмнегедир жардам берген жок. Биз Кыргызстандан бир тергөөчү бергиле... Читать дальше...

"Уулумду бошоткула". Казак абагындагы кыргыз жарандары

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Казакстандагы "Январь окуяларына" байланыштуу эки кыргыз жараны камакта жатат. Камактагылардын биринин апасы Нур-Султанга чейин барып уулун бошотууну талап кылууда. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши тергөөдө экенин, тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди. Казакстанда камакта жаткан кыргыз жараны Талгат Темиркан уулунун апасы Күлсабира Жуманазарова 11-апрелде Нур-Султандагы Башкы прокуратуранын имаратынын алдына уулун бошотууну талап кылып турду. Анын айтымында... Читать дальше...



Алп кыргыз таануучу 85 жашта

Azattyk.org 

Атпай журтка “Кыргыздар” жыйнагы жана башка мекенчил чыгармалары менен түгөл таанымал көрүнүктүү кыргыз таануучу, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун 85 жылдык мааракесине карата тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу. Ар бир нукура айдыңдын көөдөнүндө уялаган аруу ойлор бар. Бирок ошол ой-максатты толук аткарып, өз мүдөөсүнө жеттим деп эсептеген кишилер дегеле болбойт. “Кыргыздар” жыйнагын алгачкы үч томдуктан 20 томдукка чейин чыгарып (Кыргыздар. Жыйырма томдук / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторлору Т.Асанов... Читать дальше...

Бекешев мэрия “Экспресс Строй КГ” менен келишим түзгөнүн айтып чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев борбордо тендер өткөрбөй эле мектептерди куруу боюнча Бишкек шаардык мэриясы менен “Экспресс Строй КГ” компаниясынын ортосунда келишим болгонун билдирди. Ал буга байланыштуу Монополияга каршы кызматынын кат түрүндөгү жообун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. “Экспресс Строй КГ” ЖЧКсынын калптарын ачып берем. Бишкек шаарында мектептерди куруу боюнча келишим Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы №140 токтому менен бекитилген. Менин... Читать дальше...

Былтыр 77 жаран чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинген

Azattyk.org 

Баш прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы издөөдө жүрүп, Кыргызстандан кармалган он бир чет өлкөлүк жаран кылмыш жообуна тартуу үчүн башка мамлекеттерге өткөрүлүп берилгенин айтты. Маалыматка ылайык, издөөдө жүрүп, чет өлкөлөрдө кармалган 77 жаран Кыргызстанга алынып келинген. Андан сырткары чет өлкөдө соттолуп, камалган 66 жаран Кыргызстанга өткөрүлүп, жазасын бул жактан өтөй турган болгон. Алардын 54ү Орусиядан, он экиси Казакстандан алынып келинген. Орусиянын тергөө абактарында жана жаза... Читать дальше...

Тажикстандын элчилигинде чек арага байланыштуу митинг өттү

Azattyk.org 

14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты. Алар 12-апрелде эки өлкөнүн чектеш аймагындагы жаңжалга тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, чек араны тынчтык жолу менен тактоону талап кылышты.

Президенттин кеңешчиси "Манас айылы" боюнча коомчулукту адаштырбоого чакырды

Azattyk.org 

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекстин жери боюнча коомчулукту адаштырган маалымат тараптоого чакырды.  "Манас айылы" акыркы жылдары кароосуз калып, урай баштаганын, жакында ири комплекс куруу чечими жарыяланарын Фейсбукка жазды.  "Манас атабыздын атына заты жарашкан, кыргыз эли эле эмес бүт дүйнө суктана тургандай “Манас төрү” аталган тарыхый архитектуралык, этнографиялык, музей-театралдык чоң комплекс курдурууну президентибиз Садыр Жапаров өткөн жылдан бери эле ойлонуп... Читать дальше...

БУУнун агенттиги Иранда жаңы өзөктүк цех ишке кирип жатканын айтты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги сыр докладында Ирандын Натанц өзөктүк жайында жаңы цехти ишке киргизип жатканын билдирди. Агенттиктин отчетунда айтылгандай, ал жерде уран байыткан центрифугалардын тетиктери чыгарылмакчы. Reuters басылмасы бул үчүн жакында Караждагы заводдон жабдуулар алынып келгенин жазды. Reuters өз булагына таянып, "Тегеран өндүрүш 13-апрелде башталып жатканын БУУнун мекемесине ошол күнү эле кабарлаган" дейт. Жаңы өндүрүш тууралуу жаңылык Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия... Читать дальше...

Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 14-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Анда Кыргызстандын жарандары үчүн АКШ тарабынан визалык талаптарды либералдаштыруу маселеси көтөрүлгөнүн өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлады. Маалыматка ылайык, Узра Зея Вашингтон Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоого көмөк көрсөтүүгө, Сириядан алып келинген аялдарды жана балдарды реабилитациялоого жардам берүүгө даяр экенин айтты. Читать дальше...

Сокулукта алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерди үй курууга уруксаты бар деп сатып жиберген 50 жаштагы жаран кармалганын билдирди. Маалыматта айтылгандай, шектүү камака алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Өткөн аптада Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев Ак-Ордо конушунун жашоочулары менен жолугушуп, жыл башынан бери эле 13 адам жер мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын билдирген. 2021-жылы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип... Читать дальше...

Күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган спортчуларга акча бөлүндү

Azattyk.org 

Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган Кыргызстандын курама командасына 14-апрелде гана каражат бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы кабарлады. Финансы министрлиги баш-аягы 8 миллион сом которгон. Бул каражат Улан-Баторго бараткан 23 спортчу, алты машыктыруучу, эки дарыгер, бир укалоочу жана эки калыстын авиабилетине, аккредитацияга, ПЧР-тест жана күнүмдүк чыгымга жумшалат. “Каражатка байланыштуу Финансы министрлигине... Читать дальше...

Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды чечүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу тууралуу маселе көтөрүлдү. 14-апрелдеги жыйында депутат Айбек Осмонов Казакстандын чек арасында эки аптадан бери оор жүк ташыган машинелер топтолуп турганын айтты: “Беш чакырымга созулган узундукта биздин фуралар турат. Ошол жерде кафе да, соода күркөсү да жок экен. Үйүнөн тамак ташып отурат экен. Бул эмне деген нерсе? Биздин өкмөт эмне кылып отурат? Барып чечпейби. Азыркы күндө элибизге керектүү товарлар бар анын ичинде. Анда эмне үчүн биз ЕАЭБге кирдик? Читать дальше...

Британиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илинди

Azattyk.org 

Британия 13-апрелде Орусияга каршы санкциялык тизмеге 206 кишини киргизди. Арасында бизнесмен, саясатчылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар. "Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдагандай, кара тизмеге теги өзбекстандык үч аял илинген. Орусия жараны, Ташкенттин тургуну Гулбахар Исмаилова орусиялык белгилүү миллиардер Алишер Усмановдун карындашы. Gazeta.uz басылмасы жазгандай, буга чейин Европа Биримдиги да ага санкция салган. Эмне дегенде Усманов өз активдерин, кымбат баалуу “Дилбар” яхтасын карындашынын атына которгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Rss.plus
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Росстат: Уровень безработицы в России обновил исторический минимум

Музей Победы запустил масштабный проект семейного отдыха

Экс-подчинённый замминистра обороны Иванова арестован по делу о растрате

Нидерландский журналист: по логике Промес не должен избежать экстрадиции




Аба ырайы: көпчүлүк аймакта күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-апрелде Ысык-Көл облусунун чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Баратбай Аракеевдин акыйкаты

Azattyk.org 

Баратбай Аракеев жазма өнөрдүн кош салаасын - журналистика менен көркөм сөздү эриш-аркак ала жүргөн талант эле. Бир коомдун экинчисине өтүштүн оош-кыйыштарынын күбөсү да, катышуучусу да болду.  “Асабанын” шинели Баратбай Аракеевди студент кезинен билип калдым. Ак жүздүү арык, узун бойлуу, алдыңкы студенттер гана жетчү лениндик стипендиячы, мага дайыма шашып жүргөндөй сезиле берчү. Аны менен жакын болуп калышыма 90-жылдардын соңунда кыргыз журналистикасын кыйлага көтөрүп койгон Мелис Эшимкановдун... Читать дальше...

ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча келишим талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүгү жана кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашууга кол коюу боюнча даярдык талкууланганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 13-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефондон сүйлөшүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн аткарыла турган иштерди, жетекчилердин жолугушууларын, сапарларын талкуулашты. Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы 1999-жылы башталган. Читать дальше...

9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт

Azattyk.org 

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлады. Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат. Буга чейин Казакстан бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан. Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп... Читать дальше...

Алматы соту оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырды

Azattyk.org 

Алматы шаарынын соту "бийлик өкүлүнө акаарат келтирүү" жана "жалган маалымат таратуу" беренелери менен айыпталып жаткан оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырды. Шаршембиде соттук отурум болуп жаткан учурда он чакты тарапташы соттун имаратынын алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылышты. Каттоого алынбаган Казакстан Демократиялык партиясынын 33 жаштагы лидери Жанболот Мамай марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси болжол менен былтыр сентябрда бийлик... Читать дальше...

Нью-Йорк метросундагы кол салууга шектүү кармалды

Azattyk.org 

Нью-Йорк полициясы 12-апрелде шаар метросунда ок атууга шектелген кишини кармаганын маалымдады. Шектүү 62 жаштагы Фрэнк Жэймс экени, буга чейин ага издөө жарыяланганы айтылды. Метродогу кол салуу учурунда ал уулуу газдан коргоочу беткап тагынып жүргөн. Ал түтүн чыгарган шашканы күйгүзүп, жүргүнчүлөргө толгон вагонго туш келди ок аткан. Полиция шектүү жалпысынан 33 жолу ок чыгарганын маалымдады. Анын кесепетинен он киши жарадар болсо, дагы 19 киши тебелендиде калып жабыркады.  Метродогу кылмышка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

Певица Ольга Бузова прошла плановый осмотр в больнице




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России