Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 07.04.2022

Миграция: Aкыл топтоп, айылыңа кел

Azattyk.org 

Быйыл кыргызстандыктар үчүн Британияга барып иштеп келүүгө жол ачылууда. Кыргыз өкмөтү эмгек мигранттарын кантип расмий жол менен уюшкан формада чет өлкөлөргө жибере алат? Жарандарды сыртка чыгарбай эле өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, кармап калуу үчүн эмне иштер жасалышы керек?

Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 12 жыл болду. Кыргызстандын бир катар аймактарында Апрель ыңкылабында каза болгондор эскерилди.   Алишер 2010-жылы 7-апрелде окко учкан чоң атасы Дүйшөнбек Чалбаевге куран окуп, эскерүү үчүн Ата-Бейитке келген. Ал чоң атасын көрбөгөнү менен баатырларча курман болгон деп билет. “Менин атам баатыр болуп өлгөн.  Чындык үчүн, эл үчүн. Мен анын фамилиясын алып жүрөм. Мен ошого сыймыктанам”. Бакиевдин кандуу режимине каршы чыгып, жарыкчылык... Читать дальше...



Тажикстанда бозгундагы блогердин апасы алты жылга кесилди

Azattyk.org 

7-апрелде Дүйшөмбү шаарынын Исмоили Сомони райондук соту бозгундагы тажик блогери Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонованы алты жылга эркинен ажыратты. Мамажоновага Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" тобуна жана "Ислам кайра жаралуу" партиясына онлайн платформаларда колдоо көрсөткөн деген негиз менен "экстремизм" беренеси боюнча айып коюлган. Буга чейин прокурорлор Мамажонованы жети жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнүшкөн. Мамажонова күнөөсү жок экенин айтып, уулунун тажик өкмөтүн сындаган... Читать дальше...

Forbes: Назарбаевдин кыз-күйөөсүнүн байлыгы бир жылда 35 пайызга көбөйдү

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаеванын жана анын жолдошу Тимур Кулибаевдин байлыгы бир жылда 35 пайызга же 2 миллиард долларга көбөйдү. Натыйжада, түгөйлөрдүн байлыгы 7,6 миллиард долларга жетип, Forbes журналы жаңы жарыялаган "Дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесинде" бир нече баскычка көтөрүлүп, 778-орунга жайгашты. 2021-жылдагы тизмеде алар 1111-орунда болчу. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, 54 жаштагы Динара менен 55 жаштагы Тимур Кулибаев Казакстандагы... Читать дальше...

“Бириккен демократиялык кыймылы” Апрель окуясына байланыштуу билдирүү таратты

Azattyk.org 

Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймыл” 7-апрелге байланыштуу билдирүү таратып, 2010-жылдагы окуялары бүгүнкү бийликке сабак болушу керектигин белгиледи. "Бул күнү курман болгондордун эрдигин эскерүү менен биз, адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы күрөштүн зарылдыгын өзгөчө түшүнөбүз. Бул күнү курман болгон баатырлардын ысымдарын эскерүү менен, биз, бийлик адамдык ар-намысты басмырлап, эркин сүйлөөгө жана аракет кылууга тыюу салып, кугунтуктап, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып... Читать дальше...

Ереван менен Бакунун сүйлөшүүсүндө жылыш бар экени айтылды

Azattyk.org 

Ереван менен Баку Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу "тынчтык келишиминин" долбоорун даярдоого киришүүнү жана чек араны демаркациялоо боюнча бирдиктүү комиссия түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель 7-апрелге караган түнү журналисттерге билдирди. "Биз бардыгыбыз биргелешип конкреттүү процессти баштоону, тынчтык келишимин даярдоону... Читать дальше...

ТИМ шенген жана америка визасы бар туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн визасыз режимди киргизүүнү карап чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде кабарлады. Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.  Жыйынтыгында, Төрөбаев тийиштүү министрликкке туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын... Читать дальше...



Түрк соту Хашогжинин өлүмү боюнча ишти Саудияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Түркиянын соту The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча сыртынан айыпталгандардын ишин токтотуп, соттук процессти Сауд Арабиясына өткөрүп берүүгө макулдугун берди. Укук коргоо уюмдарынын каршылыгына карабай кабыл алынган бул чечимди Стамбул сотунун башкы судьясы 7-апрелде жарыялады. Буга чейин прокурорлор Хашогжини өлтүрүүгө айыпталган жана сыртынан соттолуп жаткан 26 саудиялык жарандын иши боюнча так чечим чыгарууга мүмкүн эместигин билдирип... Читать дальше...

Короосунда самын чыгарган ишкер

Azattyk.org 

30 жаштагы Улан Акунов эки айдан бери үй шартында самын чыгарып жатат. Анын кичи цехи өзү жашаган Нарын районунун Таш-Башат айылындагы үйүнүн тар сарайында жайгашкан. Ал күнүнө 200дөй самын чыгарып, айылдаштарына сатат. Улан мындай иши менен өндүрүштү айылдан да жасаса болорун көрсөттү.

8-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору 8-апрелде жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түштүк-батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30, Талас дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26, Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндуз 3...8°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26°.

Москвадагы калайман мушташка катышкан мигранттар депортацияланат

Azattyk.org 

Москвада мигранттар арасындагы калайман мушташка катышы бар делип 41 тажикстандык, 85 өзбекстандык жаран кармалды. 6-апрелде Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттиги билдиргендей, алардын 20сы депортацияланат. Алдын ала маалыматтарга караганда, 1-апрелде ишкананын эки кызматкеринин ортосунда мушташ чыгып, ага башкалар аралашып кеткен. Буга чейин социалдык тармактарда Москвадагы "Сердце Столицы" деп аталган турак үйдүн аянтчасында мигранттар арасында мушташ чыкканы, полиция 125 кишини кармап кеткени тууралуу жазылган. Читать дальше...

Саның көп, салмагың канча, кыргыз партиясы?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы саясий партиялар эмне үчүн көбөйүүдө, аларды эмне бириктирет, программа-идеологияларбы же “түндүк-түштүк” факторубу? Партиялар шайлоодо мыйзам бузбай калыштыбы, добуш сатып алуу качан токтойт, бийликчил партиялар парламентке келдиби? Дегеле өлкөдө көп партиялуулукту калыптандырууга багытталган саясат, аракеттер барбы? Ушул жана башка суроолор күн тартибинде турат. Дүйнөдөгү эң көп партиялуу Кыргызстан Кыргызстанда саясий партиялардын жаралыш тарыхы 1992-жылдан башталат. Алгачкы саясий уюмдар катары “Эркин Кыргызстан”... Читать дальше...

"Ата-Бейитте" Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду. Эскерүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана башкалар катышты. Читать дальше...

COVID-19: жаңы учур катталган жок

Azattyk.org 

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, инфекцияны мурда жугузган 89 бейтап ооруканада, 31и үйлөрүндө дарыланууда. Бир суткада 11 киши айыгып чыкты. Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 201 миңге чукулдады. Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден көп кишиге сайылды. (КЕ)

Парламент баш прокурордун отчетун колдоду

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте аталган органдын былтыркы жылдагы иши тууралуу отчёт берип, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштер жөнүндө депутаттардын суроолоруна жооп берди. Башкы көзөмөл органынын жетекчисинин отчетундагы урунттуу учурларды чогулттук. “Кооз отчётко" айтылган сын Жогорку Кеңеште 6-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев бир сааттык отчётунда 2021-жылдагы көзөмөл жүргүзүү, сандар, статистика сыяктуу бир жыл ичинде жасалган иштерди айтып берди. Бирок, айрым... Читать дальше...

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска барат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Министр мындай өзгөрүү өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу аракетине байланыштуу экенин түшүндүргөн. Ага ылайык, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат. Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу толугураак маалымат бериле элек. Бейшеналиевдин өзгөрүүлөр боюнча айткандары... Читать дальше...

Ала качуу: тосмо арыз кабыл алынбайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири. Былтыр декабрда Кылмыш-жаза кодексине Башкы прокуратура иштеп чыккан жаңы өзгөрүүлөр кирип, эми «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча 172- берененин алкагында кылмыш иши козголот.

Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

Azattyk.org 

Бул маалыматты Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, эки тараптан жарандардан коронавирус инфекциясына байланыштуу ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынган. Казакстандын аймагына коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жарандыгы жок адамдардын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Градский

В Москве семью композитора Градского обязали убрать его машины с парковки концертного зала





Rss.plus
#123ru.net

Заместитель генерального директора сети клиник «Евроонко» выступил на конференции онкологов в Белгороде




Профессия, которой можно гордиться – Пожарный-спасатель

Норильские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Захарова заявила о необходимости расширить Совбез ООН за счет стран Юга

«Ак Барс» стал победителем хоккейного Кубка Владислава Третьяка в Екатеринбурге




Элчилик Орусияда баңгизатка байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатканын эскертти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө баңгизаттарды сактоо, сатуу жана ташууга байланыштуу кылмыштардын саны көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Элчилик жарыялаган маалыматка караганда, 2021-жылы Орусиянын аймагында 224 жаранга карата 327 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 иш ачылган. Абакта отургандардын көбү 16-30 жашка чейинкилер. "Орусиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет. Читать дальше...

Жапаров: Элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасап, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтар коррупциялашкан бийликти кулатканын белгилеген. Ыңкылаптын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болгонун айткан.  Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калганын белгилеген президент, бакубат... Читать дальше...

Апрель окуясына 12 жыл. Эмне өзгөрдү?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Апрель окуясына 12 жыл болду. Бул күнү үй-бүлөлүк Бакиевдин режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Жыйынтыкта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, өлкөнү башкаруу Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. Ушул убакыт ичинде эмне өзгөрдү?

Апрель окуясына 12 жыл болду

Azattyk.org 

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 12 жыл болду. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында Апрель ыңкылабында каза болгондор эскерилди. 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал  бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Читать дальше...

"12 жыл мурда тийген ок алып тынды". Апрель окуясынын унутта калган мүдөөсү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Апрель ыңкылабына 12 жыл болду. Бул күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Бишкектеги Ак үйдүн алдында 87 киши каза таап, 400дөн ашууну жараат алган. Андан бери 12 жыл арылыгында жараат алгандардан дагы 65 киши көз жумду. Азыркы тапта Апрель ыңкылыбынын курмандыктарынын жалпы саны 150дөн ашты. "12 жылдан кийин Дуулаттан айрылдык..." 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар “Айкөл Ала-Тоо” деген коом түзгөн. Алардын эсебинде,... Читать дальше...

Нур-Султанда соттун чечимине нааразылар Жогорку соттун имаратында түнөдү

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда соттун чечимине макул эмес адамдардын тобу 4-апрелден бери Жогорку соттун имаратында түнөөдө. Чогулгандар ар кайсы аймактын тургундары. Алар Жогорку соттун төрагасы Жакып Асанов кабыл алмайынча тарабай тургандарын айтышууда. “Биздин конституциялык укуктарыбыздын алкагында бир гана талабыбыз бар - Жакып Асановдун кабыл алуусунда болуу. Буга чейин ага 15 киши кирип чыккандан кийин алардын тогузунун талабы аткарылды. Бирин эркиндикке чыгарды, айрымдарынын турак жайын калтырды. Читать дальше...



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Жуковском высадили деревья в рамках акции «День добрых дел» и «Лес Победы»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России