Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 24.04.2022

Ракты үн толкуну менен дарылоо ыкмасы

Azattyk.org 

Окумуштуулар үн толкунунун жардамы менен чычкандын боорундагы залалдуу шишикти алып салышты. Таш бетине чегилген сүрөттөр байыркы «мультфильм» болушу мүмкүн. Рим империясындагы модага ылайык жасалган сандал Норвегиядан табылды. "Азаттык" илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайт. Үн толкуну ракка дабабы? Мичиган университетинин окумуштуулары чычкандын боорундагы залалдуу шишикти үн толкундарынын жардамы менен дарылады. Бул жөнүндө илимий иш Cancers журналына жарыяланып, ScienceAlert сайты аны кыскача баяндады. Читать дальше...

Экзит-полл: Франциядагы президенттик шайлоону Макрон жеңди

Azattyk.org 

IPSOS компаниясынын экзит-поллу көрсөткөндөй, Францияда президенттик шайлоонун чечүүчү айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жалпы добуштардын 58,2% ээ болуп, экинчи президенттик мөөнөтүнө шайланды. Анын атаандашы, ашкере-оңчул саясатчы Марин Ле Пен 41,8% добуш топтоду. Бирок алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы добуштардын 66,1%, Ле Пен 33,9% ээ болгон. Читать дальше...

Францияда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөр аз катышууда

Azattyk.org 

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө карата жалпы шайлоочулардын 63,2 пайызы добуш берди. Бул беш жыл мурдагы шайлоонун ушул сааттарына салыштырмалуу 2 пайызга азыраак экенин Франциянын Ички иштер министрлиги билдирди. "Франц пресс" жаңылыктар агенттиги жазгандай, президенттик шайлоонун 10-апрелде өткөн биринчи турунун ушул сааттарында да шайлоочулардын катышы 2 пайызга көбүрөөк болчу. Францияда шайлоонун чечүүчү турунда беш жыл мурдагыдай... Читать дальше...



Бишкекте "Create4" деп аталган фестиваль өттү

Azattyk.org 

Иш-чарага ар кыл курактагы чыгармачыл кишилер, чыгармачылыкка кызыккандар катышып, аларга Кыргызстан, АКШ, Орусия, Казакстандын IT, санариптик кесиптер, искусство жана башка тармактардын өкүлдөрү катышты.

Алматыда "саясий туткундарды" колдогон активисттер кармалды

Azattyk.org 

Алматыда полиция "саясий туткундарды" колдоо митингине келгендерди күч менен кармап кетти. "Власть" сайты жазгандай, кармалгандардын арасында журналист Данияр Молдабеков да бар. 24-апрелде күндүз ондогон активист шаардагы Илимдер академиясынын алдында топтолуп, "саясий туткундарды", Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Арасында активист Айгерим Тлеужан да бар. Ал митинг өткөрүү тууралуу шаар бийлигине эскертүү бергенин, бирок жазуу түрүндө жооп албаганын айткан. Читать дальше...

Азия чемпионаты: Жолдошбеков менен Орозбеков коло байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Исламбек Орозбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алышты. 24-апрелде Улукбек Жолдошбеков 61 килограмм салмакта коло байге үчүн индиялык Мангал Кадян менен күч сынашып, 6-4 эсеби менен жеңди. Ал биринчи беттешинде өзбекстандык спортчу Жахонгирмирза Туробовду 6-2 менен уткан. Жарым финалда жапониялык Рей Хигучиге 14-4 эсеби менен жеңилип калды. 26 жаштагы Улукбек Жолдошбеков... Читать дальше...

Жапонияда круиздик кеме кырсыктап, он адам каза болду

Azattyk.org 

Жапон бийлиги Хоккайдо аралынын жээгинде - суу ташкыны тууралуу сигнал жиберген KAZU 1 круиздик кеме жоголуп кеткен аймакта 10 адамдын сөөгү табылганын тастыктады. Бул тууралуу жекшембиде NHK телеканалы билдирип, каза болгондордун жетөө эркек, үчөө аял экенин маалымдады. Алардын бешөө куткаруучу кемсел кийген.  Буга чейин табылган адамдар эс-учун жоготуп жатканы кабарланган.  Ишемби күнү түштөн кийин KAZU 1 чөгүп баратканы тууралуу сигнал жөнөтүп, кийин байланыш үзүлгөн. Бортто 24 жүргүнчү, анын ичинде эки бала... Читать дальше...

Чек арада окко учкан аскердин үй-бүлөсү жардам сурады

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик аскерлеринин былтыркы ок атышуусунда курман болгон чек арачы Хусниддин Хажиевдин үй-бүлөсүнө Баткен шаарынан берилген үйдүн документтери жергиликтүү каттоо кызматы тарабынан алынып ушул күнгө чейин кайтарыла элек. Баткен шаар башкармалыгы муну Хажиевге жана аны менен чыр-чатакта чогуу болгон аскерлерге кылмыш иши козголгону менен түшүндүрдү. Чек арачы Хусниддин Хажиев былтыр 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагында кыргыз жана тажик аскерлеринин ортосундагы ок атышууда курман болгон. Читать дальше...



Баткен жана Сохтун акимдери суу көйгөйүнө байланыштуу жолугушту

Azattyk.org 

Баткендеги Ширеч суу алуучу түйүнүн, суу каналын оңдоп-түзөө  Өзбекстандын Сох району менен эки тараптуу макулдашылды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди. 22-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары район борборуна чогулуп, Өзбекстан аркылуу суу келбей жатканына нааразы болушкан. Алар суу жоктугунан эгин талаалары зыян тартканын айтышкан. Аталган айыл өкмөткө суу Өзбекстан менен макулдашылбаган аймакта жайгашкан Ширеч суу алуучу түйүнүнөн келет. Район... Читать дальше...

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Azattyk.org 

Францияда бүгүн, 24-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Учурдагы президент Эммануэл Макрон экинчи беш жылдык мөөнөткө ат салышууда. Анын атаандашы - ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен. Шайлоонун 10-апрелдеги биринчи турунда 12 талапкер катышып,  Макрон менен Ле Пен көп добуш алган.  Ушул эле атаандаштар беш жыл муруңку шайлоодо экинчи айлампага чыгып, Макрон чоң женишке жетишкен.  Саясат таануучулар бул жолку атаандаштык 2017-жылкы шайлоого караганда курч болорун айтып жатышат. Читать дальше...

Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандык православдар бүгүн апрель айынын акыркы жекшембисине туура келген Пасханы белгилешүүдө. Бир күн мурун христиан коомчулугу ыйык ишемби күнүн тоскон. Президенти Садыр Жапаров православдарды Пасха майрамы менен куттуктап, . өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессиялуу элине биримдик, өз ара түшүнүшүү, урмат-сый каалай турганын айтты. Кыргызстанда миңдеген православ динин тутунгандар жашайт жана 40тан ашык чиркөө бар. Алгачкы православдык чиркөө коому 1860-1870-жылдардын аралыгында Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө негизделген. Читать дальше...

Кожошев менен Султанов логистикалык борбор курууну талкуулашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орунбасары - соода жана интергация министри Бахыт Султанов 24-апрелде чек арадагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугушту.  Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей,  алар Кыргызстандын "Ак-Тилек", Казакстандын "Карасу" өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу маселесин талкуулашты. Ал качан ишке ашырылары жөнүндө азырынча маалымат берилген жок. Читать дальше...

Ооганстандагы чабуулдарда бир жумада кеминде 50 бала каза болду

Azattyk.org 

БУУнун Балдар фонду - ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, акыркы бир аптада Ооганстандагы жардыруулардан кеминде 50 бала набыт болду. Жекшемби күнү фонддун аймактык директору Жорж Ларя-Ажеи балдардын өлүмүнө байланыштуу сандар көбөйүшү ыктымалдыгын белгилеп, жеткинчектер Ооганстанда адам укуктарынын одоно бузулушунан көз жумганын билдирди.  Анын айтымында, Кундуздагы Мавлави Секандар мечитинде жума күнкү жардыруудан кеминде төрт баланын өмүрү кыйылды. Көбү оор жараат алды.  21-апрелде үч шаарда бир катар террордук актылар болуп... Читать дальше...

Кайрадан ачылган театр, аншлаг менен өтүп жаткан спектаклдер

Azattyk.org 

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры ондоп-түзөөлөрдөн кийин ушул жазда күйөрмандарына эшик ачты. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу репертуары жаңыланып, жаңы дем менен иштеп жаткан мекеме, биздин жашообуздагы театрдын орду тууралуу кеп курабыз.

"Санарип көчмөндөр" долбоору: IT-адистер Кыргызстанга келеби?

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айтууда. Өлкө башчы "санарип көчмөндөр" боюнча атайын буйрук чыгарып, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат. Александр Сейгаров Орусияга салынган туташ санкциялардан улам өлкөдөн чыгып кеткен IT-адистердин бири. Читать дальше...

25-апрелде айрым райондордо катуу жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25, Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5... Читать дальше...

Ноокатта жол боюндагы үйлөр бузулууда

Azattyk.org 

Ноокатта жолдун кызыл сызыгынан сыртка чыгып кеткен жеке менчик үйлөрдү, дүкөндөрдү, тамактануучу жайларды бузуу иштери башталды. Район акими Данир Иманалиев бул Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат аймагынан өткөн 47 чакырым аралыгын оңдоо иштерине даярдык экенин “Азаттыкка” билдирди. “Учурда жол боюна жакын, кызыл сызыкта 62 үй бар. Биз алардын баарын карап чыгып, жолдун курулуш иштерине даярдык көрүү максатында кызыл сызыкка кирип калгандарын бузуп жатабыз”, - деди Иманалиев. Бузуу иштери Ноокат шаарында, Т. Читать дальше...

Чек ара кызматы "Достуктагы" тыгындын чоо-жайын түшүндүрдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайында 23-апрелде жаралган тыгындын чоо-жайын түшүндүрдү. Расмий маалыматта мындай көрүнүш Кара-Суу базарындагы дүң соода күндөрү кайталанып турары айтылат.  Ошондой эле, көзөмөл өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, жүгү бар жана жүксүз жарандар бир коридордон өткөрүлүүдө. Тыгынды азайтуу максатында өздүк курам көбөйтүлүп, бардык паспорт көзөмөл кабиналары иштеп жатат.... Читать дальше...



Москва

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

NYU Hospital on Long Island performs miraculous surgery



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России