Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 08.04.2022

Атамбаевдин чуулгандуу сот иштери

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот отурумдарын анын катышуусуз өткөрүүнү талап кылууда. Бирок, сот Атамбаевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. “Өмүр бою соттогула, бирок шылдыңдабагыла” Бир нече оор беренелер менен айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып жатат. Ал 8-апрелдеги сот отурумунда арка омурткасы ооруп, отура албай турганын айтып, айнек тосмону тепкилеп ачууланды. Читать дальше...

Жаш кыздын өлүмү, мас айдоочуга жазаны күчөтүү талабы

Azattyk.org 

Бишкекте 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү бул үрөй учурган кырсыктан кийин мас абалында машине айдагандарга жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлүп жатат. "Эки кесилиште тең кызылдан өтүп кетти..." Патрулдук милициянын кызматкери Аскат Абдиев өлүм менен коштолгон жол кырсыгынын алгачкы күбөсү. Анын айтымында, 7-апрелде эртең менен "Субару Форестердин" айдоочусу Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен бир машинени сүзүп, андан... Читать дальше...

Пакистанда премьер-министрге ишеним көрсөтпөө маселеси каралат

Azattyk.org 

Пакистандын парламенти 9-апрелдеги жыйынында премьер-министр Имран Ханга ишеним көрсөтпөө маселесин караганы жатат. Буга Пакистандын Жогорку Сотунун Имран Хандын парламентти таратуу аракетине бөгөт койгон өкүмү себеп болду. 7-апрелде Жогорку Соттун беш судьясынын баары мыйзам чыгаруу органын таркатуу чечими Конституцияга каршы келерин белгилеп, парламенттин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирген. Аны улай оппозициянын лидери, Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз (PML-N) партиясынын башчысы... Читать дальше...



Соңку 20 жылда биринчи жолу кыргыз элчиси Израилде ишке киришти

Azattyk.org 

7-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Иерусалим шаарында Израилдин президенти Ицхак Герцогго ишеним грамотасын тапшырды. Герцог Твиттерге жазгандай, Өмүралиев соңку 20 жыл ичинде Израилге дайындалган биринчи кыргыз элчиси болуп калды. Кыргызстандын Түркиядагы элчиги маалымдагандай, элчи Өмүралиев президент Герцог менен жолугушуусунда эки өлкөнүн айыл чарба, туризм, билим берүү, илим сыяктуу бир катар тармактардагы кызматташтыгына өзгөчө маани берилерин билдирди. Ошондой эле туризм... Читать дальше...

Ипотека, насыя, кооператив: Кантип үйлүү болобуз?

Azattyk.org 

Ипотека, насыя, кооператив жаштардын өз алдынча үй сатып алышына чоң мүмкүнчүлүкпү? Шылуундардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмнелерди билүү керек? "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында турак жайлуу болуунун бир канча жолдору талкууланды.

Койдун баркын көтөргөн жарлык

Azattyk.org 

Бир ай мурда, тагыраагы 24-февралда президент Садыр Жапаров тажияда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Өлкө башчы анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн эле. Бул жарлык элетте кандай иштеп жатканын апамдан айрылганда өз көзүм менен көрдүм. Ооруканада үзүлгөн өмүр Узакка созулган операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулган апам эсине келбей жашоо менен кош айтышты. Апамдын акка моюн сунганын ошол жерде иштеген дарыгерден уктук. “Кайрат кылгыла” деди башын жерге салып. Читать дальше...

Ошто Апрель окуясы эскерилбеди деп нааразы болгондор өкүлчүлүккө келишти

Azattyk.org 

Ошто 7-апрель - Элдик революция күнү эскерилбеди деп 30га жакын адам нааразылыкка чыкты. Алар облустук администрация менен шаардык мэрия жайгашкан имараттын алдына чогулушту. Президенттин Ош обулусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Мурадил Тешебаев 7-апрель окуясы үчүн облустук казынадан 50 миң сом бөлүнгөнүн билдирип, бирок расмий иш-чара эмнеге өтпөй калганынын чоо-жайын түшүндүргөн жок. Ош мэриясынын өкүлү Максуда Айдарбекова иш-чара уюштурууга мэр тарабынан тапшырма болбогонун билдирди. Читать дальше...

Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Муса Жаманбаевди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жаманбаев буга чейин президенттик администрациянын Протокол кызматынын жетекчиси болгон. Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов былтыр жыл аягында кызматтан бошотулган. Ал элчи болуп 2018-жылдан тарта иштеп жаткан жана соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ошол маалда Жунусовдун ордуна Фархат Иминов сунушталып... Читать дальше...



Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери көчүрүүгө каршы акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айрым кызматкерлери аларды башка, ыңгайсыз, тар жайларга көчүрүп жатканын айтып нааразылык акциясына чыгышты. Алардын билдиришинче, энергетика тармагындагы жетекчилер бошогон кеңсени менчик майнинг-фермага бергени жатат. Бул акцияга байланыштуу "Электр станциялары" ишканасы түшүндүрмө берип, ЖЭБдин кеңсеси майнинг-фирмага берилет деген сөздөрдү четке какты.  Ишкана тараткан маалыматта  чыгымдарды оптималдаштыруу жараянынын алкагында... Читать дальше...

УКМК маңзаттарды сатууга мажбурлаган милиция кызматкери кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) маңзаттарды сатууга мажбурлаган Талас шаардык милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, милиция кызматкери шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлап, баш тарта турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркуткан.  Факты Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун... Читать дальше...

Ысык-Көлгө күн электр станциясын куруу меморандумуна кол коюлду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу пландалууда. 8-апрелдеги расмий кабарга ылайык, 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу үчүн Министрлер кабинети менен "EcoEner" испан энергетикалык компаниясынын ортосундагы меморандумга кол коюлду. Ошондой эле 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча "China Power International Development Limited (CPID)" жана "China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)" кытай энергетика консорциуму менен да инвестициялык келишимге кол коюлду. Читать дальше...

Окко учкан чек арачынын жакындары жардамга муктаж

Azattyk.org 

2012-жылы кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан Кадырбек Абдрасул уулунун жакындары мамлекеттен жардам берилбей жатканына нааразы болуп, "Укугум бар" программасына кайрылды. Чек ара кызматы акчалай көмөк көрсөтүлгөнүн, жергиликтүү кызматкерлер азыркыга чейин каралашып турганын айтууда. Кадырбек Абдрасул уулу 2012-жылы 17-июлда Ала-Бука районундагы чек арада келишимдик негизде иштеп жатып, ок атышуудан курман болгон. "Уулун жоготкондон кийин катуу ооруп калды" Жыйырма жаштагы жоокердин окко учканын жакындары телевизордогу жаңылыктардан угуп... Читать дальше...

Депутат Фархат Исмаилов диплому жасалма экенин четке какты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов анын диплому жасалма экенин жокко чыгарды. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып "алар адашты го дейм, меники баары жайында. Мен өзүм түшүнбөй жатам. Бул жерде баары жайында", -деп айтты. Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен... Читать дальше...

Британия Путиндин кыздарын санкциялык тизмеге кошту

Azattyk.org 

Британия орус президенти Владимир Путиндин кыздары Мария Воронцова менен Екатерина Тихонованы санкциялык тизмеге кошту. Расмий Лондондун 8-апрелде жарыялаган чечимине ылайык, Путиндин кыздарын Британияда кандайдыр бир мүлкү болсо, алар камакка алынат. Президенттин кыздары менен кошо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кызы Екатерина Винокурова да британ тараптын "кара тизмесине" киргизилди. 6-апрелде Кошмо Штаттар да Орусиянын бул үч жаранына санкция салган. "Биздин мурда болуп... Читать дальше...

УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы айтылат. БШК атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлады. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык... Читать дальше...

46 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жазалана элек

Azattyk.org 

Нарында 46 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жазаланбай жатат деп жабырлануучунун жакындары нааразы болуп жатышат. Алардын айтымында окуя болгондон беш айга жакын убакыт өтсө да милиция жыйынтык чыгара элек. "Былтыр, 16-ноябрда кечинде төрт кошунабыз келип, агамды сыртка чакырып кетишкен. Алар байкеме сексуалдык зомбулук көрсөткөн экен. Милицияга арыз жазганбыз. Бирок күнөөлүүлөр жазаланбай жатат", - дейт жабырлануучунун атын атагысы келбеген жакыны. Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдиришинче... Читать дальше...

Прокуратуранын сунушу менен Чүйдө айыл өкмөт башчысы кызматтан алынды

Azattyk.org 

Прокуратуранын сунушу менен Чүйдүн Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан алынды. Башкы прокуратуранын 8-апрелдеги маалыматына караганда, райондук прокуратура аталган айыл өкмөттө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшергенде, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз (аукционсуз) сатып жибергендиги аныкталган. Ага айыл өкмөт башчынын тиешеси бар экени айтылып, акимчиликке аны ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилген. Райондук администрация бул сунуш менен айыл өкмөт башчыны иштен алган. Читать дальше...

Таласта курула турчу "Атлах" мемориалдык комплексинин долбоору тандалды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусундагы "Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексин куруу үчүн долбоорду тандады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Сегиз долбоордун ичинен сынактык комиссиянын чечими менен, АСМАТ студиясы жеңүүчү болуп табылган. Долбоорду архитекторлор М. Абдылдаев, К.Турдакунов жана К.Бекбосун ишке ашырмай болду. Жеңүүчүлөргө министрлик тарабынан жүз миң сом ыйгарылат. 2021-жылы 27-майда Талас облусунун... Читать дальше...

Атамбаевди сотко мажбурлап алып алып келүү тууралуу чечим чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде Октябрь окуяларына байланыштуу ишти карады. Түшкө чейинки жараянда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкиледи. Мындан улам аны сот залынан алып кетишти. Сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

«Это будет для вас сюрприз и фурор!»: Анастасия Волочкова взяла с собой на Мальдивы свадебное платье





Rss.plus
Россия

«Регионы России – инвестиционный рай для коворкингов»: экспертное мнение Сергея Потанина, основателя сети коворкингов BLOKS




Дизайнерская одежда в Москве: где искать уникальный стиль

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России

В Сосновом бору в Москве обнаружены человеческие кости

Свыше 350 точек торговли вербой заработали в Подмосковье




Эл үнү: "Үйдө отурган келиндерге декрет акча төлөнсүн"

Azattyk.org 

Үй салуу үчүн жер тилкесин алууга сегиз жылдан бери кезек күткөн Оштун тургуну. Соттордун ишине канааттанбаган юрист. Үйдүн түмөн түйшүгүн тарткан келиндерге жөлөк пул чегерилишин каалаган ардагер. Дагы башка сунуш-пикирлер “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында. "Апам экөөбүз батирден-батирге көчүп..." Сегиз жылдан бери үй салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган Ош шаарынын тургуну Муратбек Төлөнбаев кайрылды. Ал оорукчан апасы экөө батирден батирге көчүп, тиричилик кылып жүргөнүн айтып берди. Читать дальше...

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Казакстандын Өскемен шаарында январь айындагы ири нааразылыктан кийин кармалган 16 киши абакта ачкачылык жарыялады. Адвокаттардын айтымында, алар тергөө амалдарынын кечеңдешине жана өздөрүн камакта кармоо мөөнөтүнүн дагы бир айга узарышына нааразы болуп жатышат. "16 жаран 6-апрелден бери тамактан баш тартып жатышат. Алар жапырт башаламандыктарга катышты деген шек менен кармалган. Алар түзөтүү мекемеси аркылуу Чыгыш Казакстан облусунун прокуроруна арыз жолдошту", - деп билдирди адвокат Анара Кусаинова. Читать дальше...

Прокуратура министр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылган

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын билдирди. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдады. "Ар бир атуул, ошонун ичинде өкмөткө жумушка кирген адам, министрлер кынтыксыз иштеши керек. Адам баласынын аброюна шек келтирбеши керек. Биз, мен дагы, президент дагы ал кишиден (Бейшеналиев - ред) "улуу киши экенсиз, жүрүм-турумуңузду оңдоп... Читать дальше...

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 8-апрелде билим берүү жана илим министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди. Анын алдында министрлик түшүндүрмө таратып, жаңы ыкма бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырыла турганын маалымдаган.  8-апрелде таратылган расмий билдирүүгө ылайык, мектептер 12 жылдык окутууга өткөндө, балдар 6 жашынан 1-класска барат, ал эми бала бакчалар жеткинчектерди азыркыдай үч жаштан эмес, эки жашынан кабыл алат. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: президент соцтармактарга көз салып турат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачык иштөө, жарандык коомдун сунушу угуу тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Анда президент баш болуп социалдык тармактардагы суроо-талап, дооматтарга көңүл буруп жатканын айтты. "Мен түн ичинде келген билдирүүлөрдөн улам ойгоном. Анткени президент, Садыр Нуркожоевич социалдык тармактардын баарын карап турат. Биздин өкмөт азыр ушунчалык ылдамдык менен иштеп жатат. Кайсы социалдык тармакта эмне чыкпасын, биз баарына, коомдук пикирдин баарына жооп бергенге аракет кылып жатабыз. Читать дальше...

Мендебаиров: Драма театрдын негизги көрүүчүлөрү жаштар

Azattyk.org 

27-марттан бери Улуттук кыргыз драма театрында белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган “Төлгө” спектакли көрсөтүлүүдө. Жалил Садыковдун 40-ирет сахнага чыгарылып жаткан драмасынын жаңы өңүттөрү тууралуу спектаклдин режиссеру, театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Назым Мендебаиров сыябан-маек курду.



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Многокилометровая пробка на М-11: массовое ДТП под Петербургом спровоцировало мощный затор



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России