Эстонияда коомдук жайлардагы советтик эстеликтер алына турган болду
Эстониянын өкмөтү коомдук жайларда советтик эстеликтерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы бул өлкөнүн бийлигине таянуу менен кабарлады. Эстон мамлекетинде советтик мезгилде курулган жалпы 400дөй монумент бар. “Министрлер кабинетинин отурумунда биз оккупациялык бийликтин символикалары бар мемориалдарды жок кылуу маселесин кеңири талкууладык. Башкысы чечилди – кызыл монументтер коомдук мейкиндиктен алынат, муну биз жакын арада ишке ашырабыз”,- деп жарыялады Эстониянын премьер-министри Кая Каллас. Читать дальше...