Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 25.08.2022

Ош: Абакта каза болгон адам бул мекемеге денеси көк ала абалда түшкөн

Azattyk.org 

Ошто тергөө абагында камакта отурган адамдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын 25-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-августта болгон. Бул абакка Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмышка шектүү катары кармалган адам Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайынан 22-августта которулуп барганы айтылды. Кабыл алуу учурунда тергөө абагынын кызматкерлери... Читать дальше...

“Так мураскери”: талаштуу тасманын бет ачары

Azattyk.org 

24-августта “Манас” кинотеатрында “Так мураскери” тасмасынын бет ачары өттү. Тасманы продюсер Өмүрзак Төлөбеков Эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тарткан. Көркөм тасма эл ичинде бир топ кайчы пикирлерди жаратууда.

ТИМ Орусиядагы мигранттарды расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Орусияда иштеп жаткан эмгек мигранттарын расмий булактан алынган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды. 24-августта “Азаттык” радиосунун мигранттардын абалына арналган талкуусунда сүйлөп жатып Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев Орусияда мигранттар каттоо боюнча расмий билдирүүлөргө караганда бурмаланган түрдүү маалыматтарга бат ишенип жатышканын айтты. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дайыма маалымдоо иштерин жүргүзүп турарын белгилеп... Читать дальше...



ЕАЭБ: Садыр Жапаров мигранттарга шарт түзүү маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Президентти басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, Жапаров эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгилеп, артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду. "Садыр Жапаров белгилегендей бул багыттагы... Читать дальше...

Армения-Азербайжан лидерлери 31-августта Брюсселде жолугушат

Azattyk.org 

Брюсселде 31-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолугушат деп күтүлүүдө. Бул маалыматты Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы ырастаганын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда “мурда талкууланган маселелер каралат” деген кыска гана маалымат берилди. Мурдараак Азербайжандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары да Пашинян менен Алиев жолуга турганын жазып чыгышкан. Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында акыркы жолу 3-августта атышуу болуп... Читать дальше...

ЕАЭБ жыйыны: Өкмөт башчылар менен президент Жапаров жолукту

Azattyk.org 

Бүгүн 25-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар башталды. Жыйынга катышуу үчүн кыргыз жергесине Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келишти. Бүгүн алар президент Садыр Жапаров менен жолугушту, негизги жыйын эртең өтөт. Читать дальше...

Сенектен чарчап калган бала бул ооруга каршы толук эмделбегени аныкталды

Azattyk.org 

Таманына мык кирип, ооруканада чарчап калган беш жашар наристе сенек (столбняк) илдетине каршы вакцинаны убагында толук албаганы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги 25-августта билдиргендей, бала бир жашка чыкканча үч жолу алышы керек болгон вакцинанын алгачкысын төрөт үйүндө алган бойдон калган экөөнү алган эмес. Буга ата-энеси баласын эмдетүүдөн баш тартып койгону себеп болгон.  Баланын сол таманына он күн мурда мык кирип кеткен, алгач аксап басып, кийин денеси ысып, тамагы ооруп, абалы... Читать дальше...

Казакстанда Карим Масимовдун иши боюнча тергөө аяктады

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Эргожин, Марат Усуповго карата тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу 25-августта атайын кызматтын басма сөз кызматы билдиргенин “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Масимов менен Садыкуловго “Мамлекетке чыккынчылык” “Бийликти узурпациялоо”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюлган. Эргожин “бийликти күч менен басып алуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”... Читать дальше...



Таласта милиция зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады

Azattyk.org 

Талас районунун Манас айылында 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду. Облустук милициянын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмү ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Милиция беш көкүл быйыл июндун этегинде айылдашы тарабынан зордукталганын айтып, арыз жазганын 25-августта билдирди. Кылмыш ишинин кеч козголушун экспертизанын жыйынтыгы создугуп кеткени менен түшүндүрдү. Андан башка маалымат берген жок. Читать дальше...

УКМК Баткенде жихадчылар тобу колго түшүрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Баткенде жихадчы деп шектелген үч адам кармалганын бүгүн 25-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 29, 30 жана 41 жаштагы үч мүчөсү Кылмыш-жаза кодексинин “Куралды жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” деген 267-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлдү. Кармалгандардын бири “Абу Нур” кылмыштуу тобунун лидери, бири террордук материалдардын жайылтуучусу... Читать дальше...

Диний караңгылык же кайдыгерликтин кесепети

Azattyk.org 

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Коомдук реакция Өткөндө бир молдо эттин баасын кымбатташын "аялдардын кыска көйнөгүнө" байланыштыра коюп, коомчулуктун жемесине кабылды. "Бул туура кадам" деп колдогондор бир тарап, "ажыкеге тийбегиле" деп жактагандар экинчи тарап болуп социалдык медианы кызыттык. Бул кадам чындап эле "диний караңгылыкка" карата элдин табигый реакциясыбы? Читать дальше...

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

Azattyk.org 

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен бир жаран кармалып, анын жанынан 95 грамм "Альфа-ПВП" психотроптук каражат табылган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын үйү тинтүүгө алынып, баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталган. Үйдөн химиялык каражаттар... Читать дальше...

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негиздемеси бир жылдан кийин даяр болору айтылды

Azattyk.org 

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иши 2023-жылдын экинчи кварталында жыйынтыкталат. Бул тууралуу бүгүн 25-августта Бишкекте өткөн брифингде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди. Анын айтымында, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 2-августта 157 адис келген. Алар азыр эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатышат. Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда. Читать дальше...

Орусияда укук коргоочу Игорь Каляпинге кол салуу болду

Azattyk.org 

“Кыйноолордун алдын алуу комитетинин” негиздөөчүсү жана Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Игорь Каляпинге кол салуу болду. Бул тууралуу адам укуктары боюнча кеңеш Телеграмм каналына маалымат чыгарып, Каляпин ооруканага түшкөнүн жазды. Алдын ала маалымат боюнча, окуя 24-августтун кечинде болгон. Кол салган адам өзүн Нижний Новгород шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган. Укук коргоочунун үйүндө сүйлөшүү учурунда ал айнекти сындырып, Каляпиндин бетин тилип жиберген. Читать дальше...

Кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасы иштелип чыгат

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-августта балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана “БУУ – аялдар” түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жаңы социалдык технологияларды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Балдардын укугун коргоого арналган жумушчу кеңешмеге президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлери, тийиштүү министрликтин... Читать дальше...

26-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге,  күндүз Ысык-Көл... Читать дальше...

Кыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келишти

Azattyk.org 

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Аларды "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы актуалдуу маселелер каралып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болору күтүлүүдө. Читать дальше...

Бишкекте сегиз батир, эки үй күйүп кетти

Azattyk.org 

25-августка караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкектин Ленин районунун Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыгып, ал жанаша турган эки үйгө өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, батирлердин жанындагы мансард үйдүн экинчи кабатынын үч бөлмөсү, чатыры менен толук күйүп кеткен. Биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбын өрт чалган. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм... Читать дальше...

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелери үчүн 2022-2023-окуу жылынын базалык пландарын бекитти. Ага ылайык, быйыл сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Сабактын узактыгы 1-класста - 40 минутаны, 2-11-класстарда - 45 минутаны түзөт. 1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белгисин койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат. Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Андрей Губин дал интервью в маске и заявил, что стал очень плохо выглядеть





Rss.plus
ЦСКА

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ




Мособлдума поздравила с праздником работников скорой помощи

Расчехляем шампуры. Где в нашем округе безопасно и с комфортом пожарить шашлык

Володин: Финляндия наказала своих граждан закрытием КПП на границе с Россией

ЕС призвал РФ пересмотреть решение о передаче активов Ariston и Bosh "Газпрому"




Мигранттарды дүрбөткөн каттоонун жол-жобосу

Azattyk.org 

Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин кайра узартып, же өлкөдөн чыгышы керектигин эскертти. Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо кооптонууга негиз жок экенин билдирди. Он жылдан бери Орусияда эмгектенген 36 жаштагы кыргызстандык мигрант Назира Самүдүнова өткөн аптада “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн Бишкекке келген. Анын Москвадагы... Читать дальше...

Беларус Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органына өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге карата Аскердик соттун өкүмүн таануу жана аткаруу боюнча өтүнүч кат жолдоду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Беларус тарап Бакиевди "саясий себептерден улам куугунтукка алды" деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты. ... Читать дальше...

Алясканы эмес, Түркияны тандап кеткен Памир кыргыздары

Azattyk.org 

Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына быйыл 40 жыл болду. Андан бери Памирден түрк жергесине көчкөн бир ууч кыргыздын саны өсүп, алды мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Алардын бири Дижле университетинин окутуучусу, акын, Рахманкул хандын небереси Абдулмукадес Кутлу. Ал Памирден Түркияга барган кыргыздардын жолу тууралуу "Азаттыкка" маек курду. - Абдулмукадес мырза саламатсызбы. Быйыл памирлик кыргыздардын Ооганстандан Түркияга көчүп келгенине 40 жыл болуптур. Бул жолду басып... Читать дальше...

Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкарууну тартибин жокко чыгарган буйрукка кол койду. Бул тууралуу "аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Документте "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде эки жылда жасалган иштер тууралуу отчет бериши керектиги белгиленген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз... Читать дальше...

Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" I Жаштар форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтүп жатат. Форумдун ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, жаштардын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров форум КМШ менен ЕАЭБдин, бизнес-коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу натыйжалуу механизми болуп калат деген оюн билдирген. Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Денис Мацуев выступит на «Владивостокских сезонах» в рамках ВЭФ-2024




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Охорона і Безпека це ОіБ: замовляй охорону в Києві та Харькові



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России