"Тазалыктын" жумушчулары мэриянын чечимин сындап чыкты
Бишкек мэриясынын чечими менен шаардын Биринчи Май районундагы таштандыны “Эко Проф” жеке компаниясы чыгарып турмай болду. Мэриянын мындай чечимине “Тазалыктын” ондогон кызматкери нааразы болуп, жумушсуз калабызбы деп чочулап жатышат.