Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 12.08.2022

Кой-Таш иши: Атамбаевден башкасынын бөгөт чарасы белгиленди

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук сотунда 12-августта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтүп, анда мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеевдин өтүнүчү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка 13 айыпталуучуга эч жака кетпөө тил каты менен бошотуу бөгөт чарасы белгиленди. Бул тууралу соттон кабарлашты. Сотто мамлекеттик айыптоочу буга чейин алардын бөгөт чарасы белгиленген эмес деп түшүндүрдү. Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбев баштаган, мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку... Читать дальше...

Ислам шериктештиги оюндары: кыргызстандык төрт балбан финалга чыкты

Azattyk.org 

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык төрт балбан: Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Калидин Асыкеев жана Тынарбек Шаршенбеков финалга чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиева билдирди. Маалыматка караганда, 12-августта кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта айлампа тартибинде өткөн таймаштарда алгач Кот-д`Ивуар өкүлү Айюин Эмини... Читать дальше...

Активистке байланышкан "Азия Моллдогу" окуянын сыры ачылабы?

Azattyk.org 

Бишкекте "Азия Молл" соода борборунун унаа жуучу жайында "Тойота Камри" автоунаасынын алдынан табылган РГД-5 гранатасынын чыныгы же муляж экени белгисиз. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ага дайындалган экспертизанын жыйынтыгын чыгара элек. Автоунаанын ээси, жеке ишкер Илгиз Шаменов ички иштер органдарына көрсөтмө берип чыкканын айтып, бул окуяны "Жетим-Тоону иштетүүгө каршы позициясы үчүн аны коркутуу аракети болушу мүмкүн" деген ойдо. "Экспертиза жыйынтыгы чыга элек" Бишкектин Ленин... Читать дальше...



Укук коргоочу Камил Рузиев соттон акталды

Azattyk.org 

Каракол шаардык соту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши боюнча актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу ушундай чечим чыгарылды. Рузиевге буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышканын маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу боюнча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан. Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Читать дальше...

Каржы министрлиги шылуундардан сак болууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Финансы министрлиги социалдык тармактарда алардын атынан инвестициялык платформа ишке киргендиги жөнүндө жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды. “Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Сак болгула - бул шылуундар. Аларга банк картаңыздын маалыматтарын, электрондук почтаңызды ж.б. жөнөтпөңүз”, - деп айтылат билдирүүдө. 10-августта Улуттук банк учурда социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан "кайрылгандардын... Читать дальше...

Москвада полицияга кол салууга шек саналган эки тажикстандык соттолду

Azattyk.org 

Москвада полицияга кол салууга айыпталган эки тажикстандык жаран үч жарым жана эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Москванын Симоновский райондук соту 11-августта чыгарды. Окуя “Тульская” метро станциясында быйыл февраль айында болгон. Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, кармалгандардын бири 18 жаштагы Умар Расулжонзода тартип коргоочуларга баш ийбей, түрткүлөшкөн. Ал эми анын агасы 21-жаштагы Саидакрам Хамроев полиция кызматкерин тээп, чаап качып кеткен. Алардын туугандарынын айтымында... Читать дальше...

Укук коргоочу Рузиевге сот чечими чыгат 

Azattyk.org 

Каракол шаардык соту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кирип кетти. Бул тууралуу сотко катышып жактан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” маалымдады. Рузиевге буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышканын маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу боюнча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан. Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Читать дальше...



Балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы ишке кирди

Azattyk.org 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (балдар омбудсмени) Асел Чынбаева президент кол койгон, балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам боюнча пикирин билдирди. Ал “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде соттор балдарга зомбулук көрсөткөндөргө эми өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгара аларын айтты. Анын айтымында, мурда мындай кылмыш үчүн эң жогорку жаза 15 жылга кесүү болгон. Чынбаева балдарга жасалган кылмыштарга жазада эч кандай жеңилдиктер берилбегенин белгилеген. 11-августта... Читать дальше...

Мурдагы канцлер Герхард Шредер Бундестагды сотко берди

Azattyk.org 

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Бундестагды (парламент) сотко берип, мурдагы өкмөт башчы катары ага берилген артыкчылыктарды кайра калыбына келтирүүнү талап кылды. Ал жана адвокаты депутаттар өкмөттөгү кеңсесин мыйзамсыз жаап койгон деп эсептээрин DPA маалымат агенттиги жазды. Май айында Бундестагдагы башкаруучу коалиция Шредердин өкмөттөгү кеңсесин жабуу чечимин кабыл алганы белгилүү болгон. Парламенттин Бюджет боюнча комитети мурдагы канцлерлерди мамлекет тарабынан камсыздоо "экс"... Читать дальше...

13-августка карата аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35, Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...

Көчө мушташын культка, эрежесиз урушту эрежеге айлантабызбы?

Azattyk.org 

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Сооронбай Жээнбеков Ак үйдө турганда эрежесиз мушташтын чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алышын президенттин айланасындагылардын айласыз иши го деп боолгологом алгач. “Жаштар арасында популярдуу, ушуну кабыл алсаңыз жерде сулап жаткан рейтингиңиз бир аз баш көтөрөт, эл күнүгө кетирип жаткан кемчиликтерден алаксыйт, тынбай иштеп жаткан, спортко көңүл бөлгөн киши болуп көрүнөсүз” деп ынандырса керек. Читать дальше...

Раиса: Котормо аркылуу балдарга дүйнөнү ачабыз

Azattyk.org 

Раиса Сайран Кадыр Казакстандагы Steppe & WORLD Publishing басма үйүнүн негиздөөчүсү. Беш жылдан бери дүйнө адабиятын казакчага которуу менен алектенет. Жакында эле "Гарри Поттер" чыгармасын казак тилинде чыгарды. Ал өнүгүп келе жаткан казак китеп индустриясы жөнүндө "Азаттыкка" маек курду. "Дүкөндөн казакча китеп табуу кыйын эле" - Раиса айым, Казакстандагы китеп чыгаруу тармагы азыр кайсы деңгээлде? - Азыр Казакстанда китеп тармагы тамтуң баскан баладай жаңыдан калыптанып келе жатат. Читать дальше...

Документтин электрондук түрүнө укуктук макам берүү сунушталууда

Azattyk.org 

Санарип өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда мамлекеттик айрым документтердин электрондук түрүнө укуктук макам берүү сунушталып жатканын маалымдады. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик бул сунуш ишке ашса, жарандарга ыңгайлуу болорун белгилейт. Мында жарандар документтин өзүн көтөрүп жүрбөй, электрондук түрүн колдоно берсе болот. Учурда сыноо режиминде паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каттоо жөнүндө күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, вакцина жөнүндө сертификат иштеп жатат. Аны колдонуу шарттары бул жакта. Читать дальше...

Нурсултан Назарбаев Казакстанда мечиттин ачылышына катышты

Azattyk.org 

Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы эң чоң деп саналган мечитти 12-августта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ачты. Informburo.kz сайтынын маалыматына караганда, мечит жайгашкан аймак 10 гектарды түзөт. Мечиттин ар биринин бийиктиги 130 метр болгон төрт мунарасы бар. 30 миңден ашык киши бата турган мечиттин курулушун 2019-жылдын март айында Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерине бир күн калганда баштаган. Экс-президент 12-августта мечит “жеке тараптардын жана инвесторлордун каражатына” курулганын айткан. Читать дальше...

Жалал-Абад: кытай адистери темир жол курулчу тилкелер менен таанышат

Azattyk.org 

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 12-августта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында Кытайдан келген адистер менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, 40 адамдан турган топ аталган облуста темир жол курулчу тилкелер менен таанышат. Сыргабаев алар чалгындоо иштери менен жүргөндө такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерин ар тараптан жардам берүүгө милдеттендирди. Буга чейин аталган долбоордун алкагында Кытайдан 80дей адис келгени кабарланган. Читать дальше...

Баткен: жайлоого мал айдап кеткен чабан бир нече күндөн бери табылбай жатат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда бир чабандын дайыны бир нече күндөн бери чыкпай жатканын билдирди. Ага ылайык, Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну 7-августта Догмон жайлоосу аркылуу Кишемиш жайлоосуна мал айдап кеткен. Ошондон бери табылбай жатат. Аталган министрлик чабанды тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан турган топ издеп жатканын кабарлады.

Тажикстанда тыюу салынган диний партия БУУга кайрылды

Azattyk.org 

Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы болууну өтүндү. 11-августта партиянын төрагасы Мухиддин Кабири БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештен Орусиядан мындай чечимди кабыл алуудан карманууну талап кылууну суранды. Ал бул чечим Тажикстанда тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотууга каршы келерин, тажик оппозициясынын ондогон мүчөлөрүнө жана тарапташтарына кедергисин тийгизерин билдирген. Читать дальше...

Нарын: Чырпыктыда алтын чайкоого каршылар митингге чыкты

Azattyk.org 

Нарын шаарында 12-августта облустук администрациянын алдында Эки-Нарын айылынын жүздөй тургуну Чырпыкты  аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акцияга чыкты. Митингге чыккандар менен президенттин облустагы өкүлү, аким жана айыл өкмөттүн башчысы жолукту жана бийлик өкүлдөрү бардык чечимдер мыйзамдын чегинде кабыл алынарын билдиришти. Нааразылык акцияга чыккандардын бири Чынтемир Дүйшөналы уулу "Азаттыкка" айыл эли Чырпыктынын суусун ичкенге, сугатка пайдаланарын, эгер анын жээгинен алтын чайкоо башталса суу маселеси чыгып... Читать дальше...


Музыкальные новости
Rammstein

В Калининградской области отказались отменять трибьют-концерт Rammstein





Rss.plus
Росгвардия

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью




Житель Мытищ получил 9 лет и 10 месяцев колонии за убийство родной сестры

Григорий Лепс раскрыл секрет популярности Стаса Михайлова

Фигурист Семененко приступил к тренировкам после травмы

Собственники аварийных помещений в Подмосковье подали свыше 1,8 тысячи заявок на сертификаты




Акыйкатчы институту: Камил Рузиевге кылмыш иши негизсиз козголгон

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши, сотуна байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда "башынан баштап бардык тергөө амалдары коомдук резонанс жаратып, аны жергиликтүү, эл аралык укук коргоо уюмдары терс баалаган жана бул окуя "укук коргоочуну куугунтуктоо" катары сыпатталган. Акыйкатчы институту дагы мындай пикирлерге кошулат. Акыйкатчы Рузиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу ишине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине негизсиз баа... Читать дальше...

Бишкек мэрине нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун ишин сындагандар анын шаарды башкаруудагы кемчиликтерин айтып, "кетсин" деген талапты коё баштады. Шаардык кеңеш менен жогорку бийлик коомдо айтылып жаткан пикирлерге жооп кыла элек. Эмилбек Абдыкадыровдун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жатканына 6 ай боло элек. Бул мезгил ичинде шаар тургундарын жайкы ысык аптаптагы көчөдөгү санитардык тазалык маселеси өзгөчө кабатырга салып жатат. Алар калаа башчысы өзүн тыңгылыктуу башкаруучу катары көрсөтө албаганын... Читать дальше...

Октябрь окуяларына айыпталгандарды актаган сот чечими күчүнө кирди

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун Октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган адамдарды актаган чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу кылмыш иши козголгондордун бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "жалган жалаа жапкан тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор 271 күн камакта кармашты. Ар түркүн аракеттер болду, бирок сынган жокпуз, сынбайбыз! Саясий күрөштө колдоп турган саясатчыларга, ММК өкүлдөрүнө, активисттерге, жалпы элге терең ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды. Читать дальше...

Ошто билимге умтулган кыздарга арналып мурал тартылды

Azattyk.org 

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына билимге умтулган жаш кыздын иллюстрациялык сүрөтү тартылды. Эмгектин автору бул мурал менен Кыргызстандагы жаш кыздардын билим алууга болгон укугун, ага тоскоолдук кылган стреотиптерди жеңүүнү бергиси келген.

Бишкек: ок атылган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы ок атылып, бир адам жараат алган окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.  Милиция тараткан маалыматка ылайык,  оң жак санына ок жаңылган адам тууралуу маалымат 7-августта түшкөн. Окуя болгон жерден бир тапанча менен ок табылган.  Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, кармоо иштери уланууда. Мунун алдында шаардык ички иштер башкармалыгы май куючу жайлардын биринде бир жарандын машинесин коркутуп тартып алууга шек саналган уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Читать дальше...

"Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасынын урматына марка чыгарды

Azattyk.org 

"Кыргыз почтасы" ишканасы жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун маркум атасы Абдулманаптын урматына марка чыгарганын билдирди. Аталган ишкана тараткан видеодо  "Кыргыз почтасынан" жетекчиси Марат Черикчиев орусиялык спортчу менен жолугушууда ага ыраазычылык билдирип, анын атасы бир катар атактуу спортчуларды тарбиялаганын, мындан улам анын урматына марка чыгарылганын айткан. Бул окуя ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат жана  аталган ишкана азырынча дооматтарга жооп бере элек. Читать дальше...



Москва

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкова оправдалась за слитые в сеть снимки: «Ничем никого не удивишь»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России